КИЧИНЕКЕЙЛЕР ҮЧҮН ЧОҢ ЭКРАН

Тасма таржымалы

Эсиңиздеби, кичине кезиңизде сүйүктүү фильмиңиз үчүн апаңыздын жемесине да кайыл болуп, телевизор тиктеп отурган учуруңуз? Ойлобоңуз, азыр алар популярдуулугун жоготту деп... А силерчи, балдар, сүйүктүү тасмаңар тууралуу кызыктуу нерселерди окугуңар келеби? Анда кеттик...

“ЭЛЕКТРОНИКтин ЖОРУКТАРЫ”

Экранга чыккан жылы – 1980-жыл
Тарткан өлкө – СССР
Жанры – Фантастика
Башкы ролдордо – Владимир Торсуев (Электроник), Юрий Торсуев (Сыроежкин)

Бири-бирине куюп койгондой окшош балдар. Бири кадимки окуучу Сыроежкин болсо, экинчиси профессордун чеберчилигинен пайда болгон робот – Электроник. Лабораториядан качып чыккан Электроник өзүнүн көчүрмөсү Сыроежкинге жолугуп, башынан укмуштуу окуяларды өткөрөт.
Мындай кызыктуу мазмун кимдин оюна келди? Фантастикалык чыгармалардын автору Евгений Велтистов бул чыгарманы өзүнүн оорукчан уулуна арнап жазган экен. Тасмада ролдорду эгиздер Юрий жана Володя Торсуевдер аткарышкан. Аталган тасмага тартылуу үчүн 500дөн ашуун эгиз балдар сыноодон өтүшкөн. Торсуевдер тандоого келген актёрлордун 386-сы болчу. Эгиздердин музыкалык билими чоң роль ойноп, режиссёр Торсуевдерди тандайт. Камеранын алдында Юра менен Володя экөө тең Электроникти ойногусу келип, ролду талашып мушташып кетишкен. Ал мушташ эпизод кийин фильмде пайдаланылган. Фильмде ырдалган ырлар да көңүл бурууга татыктуу. Тасмадагы ырлар өз учурунун хити болуп, пластинкалар көз ирмемде сатылып кеткен. “Ырлар Робертино Лореттинин үнү менен жасалган” деген ушактар да чыккан. Торсуевдер кийин бир канча тасмага тартылышкан. Бирок алар ийгиликсиз болуп, эл арасында Электроник жана Сыроежкин катары гана таанылып калышкан.


“ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ”

Экранга чыккан жылы – 1990-жыл
Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Комедия
Башкы ролдо – Маколей Калкин (Кевин)

Ар жылы Жаңы жылда балдар күтүп көрө турган фильмдердин бири – “Үйдө жалгыз” тасмасы. Режиссёр Рождество майрамы үчүн балдарга белек боло тургандай тасма тартууну ойлойт. Анын досу Жон Хьюз ата-энеси майрамда унутуп таштап кеткен бала тууралуу сценарий ойлоп жүргөнүн айтат. Албетте, бул ролго Маколей Калкинди сунушташат. Кичинекей актёр ага чейин “Бак байке” деген тасмага тартылган эле. Адатта сценарий жазылып, анан башкы ролго актёр издешет эмеспи, бул жолу сценарий кичинекей актёрго арналып жазылган. Калкиндин гонорары 100 миң долларды чапчып, тасма укмуштуудай ийгиликке жетип, анын экинчи жана үчүнчү бөлүгү да тартылган.


“ТАРМАЛ ЧАЧ СЬЮ”

Экранга чыккан жылы – 1991-жыл
Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Мелодрама
Башкы ролдордо – Элисон Портер (Сью), Жеймс Белуши (Бил Денсер)

Кичине кыз жана селсаяк. Чөн­тө­гүн­дө сокур тыйыны жок селсаяк жетим кызга дүйнөдөгү эң мээримдүү ата боло алат. Экөө жашоо үчүн күрөшүп, майда барат көз боёмочулук да кылышат. “Биз мыйзамдарды бузган жокпуз. Тактап айтсам, жакшы мыйзамдарды бузган жокпуз” деп дайым актанган атасын Сью аябай жакшы көрөт. Эгерде экөөнүн алдынан мээримдүү аял жолукпаганда эмне болот эле, ким билсин? Бул жөнөкөй окуяны 1921-жылы Чарли Чаплин экрандаштырып, “Бөбөк” деген ысым берген. Эгерде бул тасма 60-жылдары тартылып, мыкты актёрлор ойносо, сөзсүз ийгиликке жетишмек. Тасма эч кандай сыйлыкка көрсөтүлгөн эмес. Бирок кичинекейлердин жүрөгүнө мээрим бере ала турган, жакшылык болушуна ишендире турган мыкты тасма экени талашсыз.


“БУРАТИНО ЖАНА АЛТЫН АЧКЫЧ”

Экранга чыккан жылы – 1975-жыл
Тарткан өлкө – СССР
Жанры – Жомок-мюзикл
Башкы ролдордо – Дима Иосифов (Буратино), Татьяна Проценко (Мальвина), Роман Столкарц (Пьеро)

Алтын ачкычты булгалап, кубанычтуу күлмүңдөгөн шайыр Буратино эсиңиздеби? Аталган тасма Лев Толстойдун жомогунун негизинде алынып, ал тууралуу анимациялык фильмдер тартылган. 1975-жылы “Белорусьфильм” киностудиясында тартылган Леонид Нечаевдин тасмасы гана балдарга арналган чыныгы блокбастерге айланган. Фильм балдардын сүймөнчүгүнө айланганын мындан билиңиз. Буратинонукундай баш кийим, суусундук, таттуу конфеттер да чыгарыла баштаган. Буратинонун ролун аткарган Диманын бактысын муз тепкен аянт ачкан. Бул жерден режиссёрдун жардамчысы анын актёрлук талантын байкап калып, кино тартып жаткан топко алып келет. Кичинекей бойлуу, назик балага алгач Арлекинонун ролун ыйгарышат. Бирок баланын шок көздөрүн байкаган режиссёр мурдуна жасалма мурун чаптап көрүүнү сунуш кылат. Мурунду чаптаары менен режиссёр Буратинонун дал өзүн тапканын туят. Кичинекей Дима жайдын күнү жасалма мурун менен дем ала албай кыйналса да, эптеп тасманын аягына чыккан. Анткени чоң энеси тасма бүткөнгө чейин жанында болгон.
Фильм Крымда 98 күндө тартылып бүткөн. Бул аталган киностудияда тартылган балдарга арналган алгачкы фильм болгон. Баса, тасмадагы татынакай Мальвина эсиңиздеби? Ал кызды режиссёр поездде кетип бара жатып көрүп калып, ролго чакырган. Жаш актёрлордун ичинен Таня гана москвалык болчу.


“ВИЛЛИНИ КУТКАРГЫЛА”

Экранга чыккан жылы – 1993-жыл
Тарткан өлкө – АКШ, Франция
Жанры – Курч окуялуу балдарга арналган фильм
Башкы ролдордо – Кейко аттуу кит (Вилли), Жейсон Жеймс Рихтер (Жесси)

Тагдырдын табышмагы менен үч жашар кит үй-бүлөсүнөн ажырап, адамдардын көңүлүн көтөрүү үчүн сейил бакка алынып келинет. Бул сейил бакта үйүнөн качып тилемчилик менен жан багып жүргөн балакай Жесси бар эле. Кит менен түбөлүк достошкон Жесси аны куткаруу үчүн бардык аракетин кылат. Жаныбар менен наристенин ак тилегин, таза дүйнөсүн чагылдырган тасма биздин атактуу “Ак кемеге” да окшоп кетет. Тасма жарык көргөндөн кийин АКШда “Виллини куткаргыла” деген жаныбарларды куткаруучу фонд түзүлгөн. Башкы ролдогу кит Кейко 27 жашка чыгып, 2003-жылы 12-декабрда өпкөсүнө суук тийип каза болгон. Ал эми тасманын акырында жазылган титрде көрсөтүлгөн телефон номерге чалуулар миңдеп саналып, киттерди, жаныбарларды коргоо уюмуна 20 миллион доллар каражат түшкөн. Майкл Жексондун "Сен ошол жерде болосуңбу?" деген ыры фильмдин мыкты саундтреги боло алган.


АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

Тасма жаш балдардын психологиясына зор таасир берет. Орусиялык психологдор “балдар батыштын тасмаларын көп көрүп, ар бир үчүнчү бала мушташканды, бирине экинчиси үстөмдүк көрсөткөндү өнөр кылышууда” деп коңгуроо кагып келишет. Психологдордун айтымында, балдарга коркунучтуу кинолорду, бирине-бири үстөмдүк көрсөткөн триллер, боевиктерди, кан жыттанган согуш тууралуу тасмаларды көрсөтпөө керек. Ал эми жаныбарлар, достук жөнүндө, баары бир акыйкат жеңе турган тарбиялык мааниси бар тасмаларды көрсөтүү туура. Ал эми эң кызыгы, балдардын психологиясына сүйүү тууралуу фильм­дер жакшы таасир калтыра турганы далилденген.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurzat
2010-08-03 19:05:33
men odin doma ny a9bai kaitalap kor4umun
0
uulan
2010-12-12 23:59:11
мен биринчи один доманы коргондо кулоберип катып калгам
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан