ДОСТОР, ДАРБЫЗ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕСИҢЕР?

Дарбыз – ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк тобуна кирет. Сабагы узун, оролуп же жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы жазы. Дарбыздын тоголок, сүйрү, кабыгы агыш жашыл жана башка түрлөрү белгилүү. Мекени Түштүк Африканын Каларахи чөлү деп эсептелет. Азыркы күнгө чейин ал жерде жапайы дарбыздар кездешет. Ал дарбыздардын көлөмү теннис тобундай болуп, салмагы 200 граммдын тегерегинде. Илимпоздор мындан 4000 жыл мурун дарбызды байыркы Египетте да өстүрүшкөн деп айтышат. Анткени изилдөөчүлөр фараондор жаткан табыттан дарбыздын сүрөттөрүн табышкан. Кийин дарбыздын маданий түрүн Иран, Арабия, Индия жана Азиянын жылуу климаттуу өлкөлөрүндө өстүрө башташкан. Биздин өлкө боюнча айтсак, дыйкандар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын айрым райондорунда дарбызды ийгиликтүү өстүрүп келишет.

Дарбызды сатып аларда тандоо үчүн чоңдордун жардамы керек. Ошондой эле төмөнкү эрежелерди сактагыла:

► Күн тийбеген көлөкө жерде жана текчеде коюлгандарын сатып алыш керек;

► Сатып алгандан кийин сөзсүз түрдө тазалап жууш керек;

► Өзүбүз да колубузду таза жууп жешибиз керек;

► Артып калган дарбыздын бетин жаап, сөзсүз түрдө муздаткычка салып койгула;

► 2-3 күн кесилип туруп калган дарбызды жебегиле.

 

Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан