АБЫЛГАЗИЕВДИН ӨКМӨТҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ КАЙДА АЛЫП БАРАТ?

“Кумтөрдүн”, аны менен бирге жалпы өлкөнүн тагдырын чечүү үчүн аткаруу бийлигинде 1 айдан аз убакыт калды.

31-июлда “Кумтөр” долбоору боюнча стратегиялык макулдашууну аткаруунун акыркы мөөнөтү бүтөт. 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган документ Кыргызстандын өкмөтү менен “Центерранын” ортосундагы көптөгөн талаштарды чечет. Эгер ал күчүнө кирсе канадалык компания республиканын алдында өзүнө кошумча милдеттенмелерди алат. Акыркы чечимди кабыл алар алдында кеп эмне жөнүндө болуп жатканын эске салуу маанилүү.

Бир жарым жыл мурун “Центерра” менен жаңы келишим түзгөн Сапар Исаковдун өкмөтү үч багытка көңүл бурууга басым жасаган. Көптөгөн жылдар бою Кыргызстандын бийик тоолуу кенинде алтын өндүргөн чет элдик компаниянын дарегине экологиялык дооматтар айтылып келди. Инвестор айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жыл сайын берген төлөмдүн суммасы –
310 миң доллар канааттандырган жок. Ушул багыт боюнча алдыга жылуу болду. “Центерра” экологиялык төлөмдү 10 (!) эсе көбөйтүүгө макул болгон. Бонус катары – бир жолку 50 миллион доллар төлөм. Бул акчалар Ысык-Көл облусунда тазалоо курулмаларын кайра калыбына келтирүүгө жана алмаштырууга багытталган. Каражаттарды бөлүштүрүүнү көзөмөлдөй турган Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүүгө мурдагы өкмөттүн тушунда жетишкен жок. Министрлик креслолорду ээлеген министрлер кабинетинин жаңы курамы канадалыктар менен кол коюлган макулдашууну жаңыдан изилдеп чыгууну каалады. Тилекке каршы, маселени кароо узакка созулуп кетти. Мүмкүн, жаратылыш дагы бир аз чыдайт. Ысык-Көл күтө турат... Бирок үйүн кайгы баскан кыргызстандык үй-бүлөлөргө карата андай дей албайсың.

Кыргызстанда жыл сайын 5 миңдей адам рак илдетине чалдыгат. Алардын жарымынан көбү биринчи жылы каза табышат. Жогорку көрсөткүчтөгү өлүмдүн себеби бейтаптар дарыгерлерге жардам сурап кеч, оорунун акыркы стадиясында кайрылганы гана эмес. Республикада рак шишиктерин дарылоо үчүн жөнөкөй эле үзгүлтүксүз иштеген заманбап линиялык тездеткич жок. Оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар ондогон жылдар бою бийликтен жардам күтүштү. Бирок өлкө жетекчилиги акча табуу мүмкүнчүлүгүн тапкан жок. Соопчулукка аппарат сатып алууну меценаттар да, кайрымдуулук фонддору да убадалашкан. Андай болгон жок. Көйгөйдү “Центерра” чечти. Компания көптөн күткөн жабдыкты сатып алууга деген 10 миллион доллардын 7 миллионун которгон. Жеткирип берүүчүлөр менен келишим түзүлгөн, анын шарттарына ылайык, ушул жылы күзүндө 2 линиялык тездеткич алып келип, Улуттук онкология жана гематология борборуна орнотуп бериши керек. А калганы эмне болот? Өкмөт жана канадалык өнөктөш кол алышмайынча, компания калган 3 миллион долларды которо албайт. Ата мекендик медицина үчүн бул акча ашыктык эмес. Мамлекеттик башкаруучу катары өкмөттүн башкы милдети – алдыга умтулуу жана келечекти көрө билүү. 10 жылдан кийин эмне болорун азыр ойлонуу керек. Бул жаатта азыркы өкмөт инвестор менен эч кандай кайчы пикири жок. Тиги тарап да, бул тарап да кенде чалгындоо жүргүзүү боюнча өткөн жылы “Центерра” ишке киргизген программаны бир добуштан колдойт. Компания кен чалгындоо иштерине 18 миллион доллар инвестиция салат. Анын 6,5 миллиону 2018-жылы эле өздөштүрүлгөн. Бул дагы аягы эмес. Ушул жылы колдоо тапкан 11,5 миллион долларга карата алтын казуучу кошумча 2 жылдык программага дагы 6 миллион доллар бөлдү. Адистер кендин өмүрүн дагы бир нече жылга узартууга жол ачуучу сырьёлук базасын көбөйтүү боюнча келечектүү багытты жогору баалашат. Өкмөттө да муну түшүнүшөт. Кыргызстан кенден алуучу экономикалык пайданы жоготуп алууга жол бере албайт. Маселе “Кумтөргө” башка альтернатива жоктугунда гана эмес. Кыргыз тараптын кызыкчылыгында Кыргызстан эң ири акциялар пакетин кармап турган, мүмкүн, дагы көп жылдар “Центерранын” республикадан сырттагы объекттеринин эсебинен киреше алып турушу мүмкүн болгон компания менен жигердүү өнөктөштүк мамилени сактап калуу.

Эгер алыскы келечек тууралуу айтсак, акылсыз гана жабылган соң кенде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жоопкер өнөктөшү менен мамиле бузууга барат. Жаңы макулдашууга ылайык, инвестор ушул жерде да ийкемдүү болду – Рекультивация боюнча трасттык фонддун каражаты Улуу Британиядан Кыргызстанга которулат. Инвестициялык долбоордун жабылышына карата эсепке 69 миллион доллар топтолушу керек. Бул милдеттенмени өзүнө алууну каалоочулар барбы?

Үмүт Ырысбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан