Инстаграм түйүнүндө колдонуучуларды коргой турган жаңы 2 функция пайда болду. Биринчиси – катталуучулар үчүн. Атайын алгоритм ар бир жазылган комментарийдин мазмунун текшерип, катталуучунун кадыр-баркына шек келтире турган сөздөрдү издейт. Эгер андай сөздү таба турган болсо, жарыя кылуудан мурун мындай билдирүү адамды таарынтып ала турганын жана аны өзгөртүүнү сунуштайт.
Ал эми экинчиси – колдонуучуларга арналган. Кимдир бирөө сиздин аброюңузга шек келтирген билдирүү жазып кетсе, анда аны бөгөттөбөй туруп эле бардык билдирүүлөрүнө чектөө коё аласыз. Бул тизмеге кирген колдонуучу сиздин качан Инстаграмга киргениңизди жана анын жазган катын окудуңузбу же окуган жоксузбу, эч качан биле албайт.
Ысак Карачов
koom@super.kg