Мирлан Кулов: “САЛЫМ ФИНАНС” ДЕПОЗИТ АЛЫП БАШТАДЫ”

"Кыргызстандыктар – аймактагы эң дисциплинардуу карыз алуучулардын бири" дейт “Салым Финанс” микрофинансы компаниясынын жетекчиси Мирлан Кулов. Кыргызстандыктар көбүнчө кандай максатта кредит алышат? Компания кантип тездик менен өнүгүүдө? Биз “Салым Финанстын” жетекчиси Мирлан Кулов менен баарлаштык.

КОМПАНИЯ ТУУРАЛУУ

– Микрофинансы компаниясын түзүү идеясы кандайча келди?

– Мен финансистмин, компанияны түзгөнгө чейин 10 жыл өлкөбүздөгү коммерциялык банктарда иштедим. Бул аралыкта мен белгилүү бир потенциал жана тажрыйба топтодум, ушунун негизинде финансы компаниясын түзүү идеясы жаралды. Пикирлештер – үч ата мекендик ишкер менен жолугушуу чечүүчү кадам болду. 2007-жылы ноябрда “Салым Финанс” компаниясы түзүлдү. Ошондон бери, 12 жыл бою биз бул тармакта активдүү иштеп жатабыз. Ишибиздин биринчи жылын – 2008-жылды 20 миллион сом актив менен аяктасак, 10 жылдан кийин 2018-жылды 1,4 миллиард сом актив менен жаптык. Башкача айтканда, ишмердүүлүктүн масштабы 10 жылда 70 эсе өстү.

– Бул аралыкта сиздин компанияңыздын ишинде кандай жетишкендиктер болду?

– Негизги жетишкендик – бул сандык да, сапаттык да планда үзгүлтүксүз жана динамикалуу өнүгүүгө жетиштик. Сапаттык планда дегеним, биз бизнестин ийкемдүү моделин жана “Салым Финанстын” тийиштүү ички маданиятын түптөп жана өнүктүрүп жатабыз. Камтуу кеңейди, биз Кыргызстандын 5 облусунда иштеп жатабыз. 2014-жылдан тарта биз менен белгилүү европалык эл аралык кредиторлор кызматташа баштады.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

“Салым Финанс” микрокаржы компаниясы ААКсы Кыргызстанда кредиттик портфелинин суммасынын чоңдугу боюнча экинчи компания. Өлкө боюнча 19 кеңсеси бар, аларда 120 кызматкер иштейт. Активдери –
1,7 миллиард сом, кредиттик портфели 1,5 миллиард сом, учурда 14 миңдей кардары бар.

– Сиздердин кардарга карата өзгөчө мамилеңер эмнеге негизделген?

– Биз үчүн жөн эле киреше табуу эмес, кардарлар менен мамиле түзүү, биздин кредиттердин аларга пайда алып келиши жана жашоосун жакшыртышы маанилүү. Бул кагаздагы гана миссия эмес, биздин дайым колдонгон тажрыйбабыз. Ушундай саясаттын артынан биздин кардардык базабыз тездик менен кеңейүүдө.

– Тагыраак айтканда, кыргызстандыктар активдүү түрдө сиздерден кредит алып жатышат?

– Кыргызстанды микрофинансылык өлкө деп атасак болот. Бизде ири компаниялардын жана ишканалардын саны чектелүү. Калктын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашайт, жеке ишкерлик менен алектенишет, жеке чарба жүргүзүшөт, өздөрү акча табууда. Мындайда, албетте, каржылоого муктаж болушат.

КАРЫЗ АЛУУЧУЛАР ТУУРАЛУУ

– Кредит алуу – адамга чоң тобокелчилик жаратат деген түшүнүк бар. Бул мифпи же реалдуулукпу?

– Финансылык систем жана насыялоонун өзү – заманбап коомдо зарыл элемент. Заманбап адам өзүнө жана үй-бүлөсүнө өз убагында шарт түзүү үчүн финансыга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул – турак жай, билим алуу же өзүнүн бизнес максаттарын өнүктүрүү планында.

– Көп адамдар финансылык уюмдардан кредит аларда коркушат. Бул психологиялык тоскоолдукту кантип жеңүү керек?

– Мисалы, бизде үйдү оңдоп түзөө жана жеке үйлөрдү куруу үчүн “Турак жай кредити” деген программа бар. Бишкектин жаңы райондорунда жана өлкөдө көптөгөн жашоочулар үй курууда. Адатта курулуш иши бир нече жылдар бою жүрөт, биз аны этап-этабы менен каржылайбыз. Өзүнүн менчик турак жайынын болушу менен алардын жашоосунун сапаты реалдуу жакшырат. Анткени алардын үй-бүлөсү – жубайы жана балдары жакшы шартта жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Жылуулук жана ыңгайлуулук жаралат, үй-бүлөлөр бекемделет. Ушул өңүттөн алганда кредитти туура пайдаланса, адам жана үй-бүлө үчүн абдан чоң пайда алып келет.

ЖАҢЫ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ – ДЕПОЗИТТЕР ТУУРАЛУУ

– Аманаты бар адамдар аны көбөйтүш үчүн акча салса боло турган кызмат көрсөтүү барбы сиздерде?

– Жаңылык менен бөлүшкүм келет: биз депозит тартууга укук алдык. Июль айынан тарта депозит тартууну баштадык, биринчи акча салуучулар бар. Өз аманатын сактап, көбөйтүүнү каалаган биздин жарандар да, уюмдар да өздөрүнүн финансысын бизге жайгаштырса болот.

– Потенциалдуу акча салуучулар эмне үчүн сиздерге көңүл бурушу керек?

– Алардын көңүлүн бура турган бир нече негизги факторлор бар. Биринчиден, биз рынокто 12 жылдан бери туруктуу жана ийгиликтүү иштеп келе жатабыз. Биздин тарыхыбыз жакшы, эффективдүү бизнес-модель жана туруктуу финансылык көрсөткүчтөр, анын ичинде жакшы рентабелдүүлүк бар. Экинчиден, биздин активдердин 90 пайызы кредиттик портфелди түзөт – бул биздин 14 миң кардарга берген кредиттер. Кредиттин орточо суммасы – 110 миң сом. Биз кредитордон жана акча салуучулардан алган каражатты өлкөнүн миңдеген жарандарын каржылоого жумшайбыз. Башкача айтканда, бөлүштүрүүгө жана тобокелчиликтерге, коомдун кайтарымдуу өнүгүү каржысына кетет.

– Өздөрүнүн акчасын сиздерге кандай шарттарда жайгаштыра алышат?

– Шарттар стандарттуу: ыкчам акча салуулар 3 айдан башталат жана жылдык чен 14 пайыздан жогору. Бизде элден жана уюмдардан каражат тартуу тажрыйбабыз бар, 4 жылдан бери облигацияларды чыгарып келебиз. Бизде 400гө жакын облигационер бар, алар 15 пайыз жылдык киреше алышат. Биз калктын ыкчам финансылык акча салууларын тейлөөдө жетиштүү тажрыйба топтой алдык.

Үмүт Ырысбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Assalomuallekum
2019-07-17 09:49:18
1000000 акчам болгондо оборотко салып койуп жатат элем паталоко чырто. Чыртак. Тукуруп
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан