«ЫСЫК-КӨЛДӨ КАДЫР ТҮН». ЖЕҢГЕНДЕРИ ЖЫЛМАЙЫП, ЖЕҢИЛГЕНДЕРИ ЫЙЛАДЫБЫ?

Мезгил үнү

Көп жылдан бери маданият тармагында сынак-фестивалдар аз өткөрүлүп келет. Аракет-даремети барлары чыгып эл көзүнө илине алса, чымыны бар туруп, чыгынып чыга албай жаткан өнөрпоздор эл ичинде канча дейсиз? Өткөн саныбызда эскерткендей, “Ысык-Көлдө кадыр түн” фестивалы боюнча маалымат беребиз.

ШАШЫЛЫШ УЮШУЛГАН СЫНАК
Эч бир басылмага кабар жетпей эле, интернет булактарында шашылыш түрдө "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалы өтөт" деген маалымат тарады. Аталган сынакка тандоо туру 14-июль күнү филармонияда өттү. 40тан ашкан ырчылардын ичинен эстрада боюнча 14, фольклор боюнча 14 ырчы, комузчу тандалып алынган. 1-тандоо турунан өткөн ырчылар, ошентип, керемет көлгө жолго чыгышкан. Чолпон-Атада 2 күнгө созулган фестиваль өз жеңүүчүлөрүн аныктады. Ошол эле учурда жеңилүү ызасын тарттыргандары да жок эмес.
Эскерте кетсек, көптөн бери токтоп калган бул фестиваль Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына арналган. Башкы демөөрчү Ысык-Көл облустук администрациясы экенин калыстар тобу билдиришти. Ал эми калыстар тобун жана техникалык жагын, уюштуруу иштерин Маданият министрлиги моюнуна алган. Ошентип, күүлөнүп барган 28 ырчынын саны башка облустан тандалган таланттар менен толукталып, катышуучулардын саны 47 кишини түзгөн.

КАЛЫСТАР КАРА КЫЛДЫ КАК ЖАРДЫБЫ ЖЕ
КАЛЫСТЫГЫНАН ТАЙДЫБЫ?
Өз кубанычтарын бөлүшкөнү бизге алдыңкы орунду алгандар келишсе, экинчи тарап таптакыр кайчы пикирде эле. Тактап айтканда, бул сынакта калыстарга нааразы болгондор да арбын. Биз алардын баарынын сөзүн батыра албаспыз. Андыктан эки жактын айрым өкүлдөрүнүн пикирин угалы.
– Жамиля эже, сиздин окуучуңуз Назик баш байгени алыптыр. Мүмкүн, ошондон улам "чечим калыс болбоду" деп жатышат?
– Ооба, менин окуучум баш байгени алды. Бирок мен калыстар тобуна “бул менин окуучум” деп айткан эмесмин. Кийин гана алдыга озуп баратканда “карап көрүңүздөр” деп айттым.
– Көпчүлүк катышуучулар "туура эмес тандоо болду" дешүүдө...
– Жеңилген тарап эч качан туура дебейт. Кээ бир аткаруучулар өзүнүн деңгээлин билбей туруп, таарыныч сөзүн айтышат. Көбүн эле тааныбайт экенбиз. Тааныгандардан Неля, Жаныш, Байыш бар экен. Бирок биз аткаруу чеберчилигин, талантын карадык. Эгер татыктуу болсо, алар деле алмак да. Биз келбети жакшы болсо эле ырдатып, жылдыз кылып көнүп калыптырбыз.
Фольклор жагын айтпайм, эстрада жанрынан мурунку жылдарга салыштырмалуу өтө төмөн болду.
– Ырыскелди байке, жыйынтык чыгарарда ич ара талаш-тартыштар болдубу?
– Калыстар арасында чоң пикир келишпестик болду деп айтпайм. Көбүнчө аткаруучулардын репертуарынан ката кетти.
– Качан Кыргызстан эл аралык сынактарды мыкты деңгээлде өткөрөт?
– Кыргызстан эл аралык сынакты бийик деңгээлде өткөрүү үчүн, биринчиден, мыкты уюштуруучу, арт директор, музыкалык билими жогору, музыканы сүйгөн, сыйлай да билген жетекчилер керек. Анан, албетте, колдоочу, демөөрчүлөр да сөзсүз болушу керек.

Урмат Усенов, ырчы:
– Мен конок катары катыштым. Сынактын жыйынтыгы көпчүлүк күткөндөй эмес. Эл аралык дегени менен, чет жактан бир да катышуучу келген жок. Ошондуктан республикалык деңгээлде өткөн сынак деп коюшса болмок. Биз ишенген адамдарыбыз ушундай жыйынтык чыгарып, калыстык кылып отурса, билбейм, анда мындан кийинки сынактардын деңгээли кандай болорун. Көпчүлүгүнүн шаабайы сууп турганын көрүп, ырчы Кумар Асановго барып "маанайыңды түшүрбө, иним" десем, "байке, эмнеге түшүрөйүн, көнүп калгам" дейт. Көрдүңбү, жаштардын көөдөнү сууп, көнүп калганын? Келечек муундарга жакшы сабак болушу үчүн да адилеттүүлүк ар жерде болушу керек.

Ислам Сатаров, ырчы, продюсер:
– Өз жумуштарым менен филармонияга кирсем, тандоо туру болуп жатыптыр. Анан Кумар Асановду чакырып, экөөбүз тандоо турунан өттүк. Кумар Рыспай Абдыкадыровдун “Алмашым” аттуу ырын ырдамак, эмнегедир “ал ырды ырдаганга болбойт” деп тыюу салып коюшту. А башкалар деле өз репертуарындагы ырларды ырдашкан жок. Менимче, бул сынак туура эмес чечилди.

СЫНАКТА...

  • Сынактын жоболору боюнча, ар бир катышуучу экиден ыр ырдамак. Бирок убакыттын тардыгынан аткаруучулар бирден гана ыр ырдаганга жетишишкен.
  • Буга чейин эл аралык сынакка катышып, лауреат болуп келгендер аталган сынакка катышуу укугунан ажырайт. Башкача айтканда, катышууга уруксат эмес.
  • Орундар баш байге жана 1-2-3-орундар болуп ыйгарылган. Баш байге 100 000 сом, калган алдыңкы орундарга да акчалай сыйлыктар берилген.
  • Калыстар тобунун төрагасы Муратбек Бегалиев, мүчөлөрү акын Кыялбек Урманбетов, ырчылардан Ырыскелди Осмонкулов, Юрий Бобков, Динара Акулова, Жамиля Муратова жана фольклор боюнча Калыбек Жекшеновдор болушкан.
  • Алпаруучулар – Нурзат Токтосунова жана Алексей Рядовой.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

Фольклор жанры боюнча баш байге ээлери – Аскат Мусабеков, Чолпон Мелисбекова
1-орун – Ибраева Перизат, Эламан Каныбек уулу
2-орун – Чыңгыз Кубат уулу, Айбек Касымов
3-орун – Турдукан Карбанова, Назбек Кенченбаев

Эстрада жанры боюнча баш байге ээси – Назик Кудайбергенова
1-орун – Гүлжигит Калыков, Азамат Сарыбаев
2-орун – Курал Чокоев, Жаныш, Байыш Момуновдор
3-орун – Наоми, Рысбек Максатов


«Супердин» сурак бурчу

КАЙСЫ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАК СИЗДИ КЫЗЫКТЫРАТ?

Сузана,
23 жашта, мугалим:
– “Евровидение”, “Азия даусы” сынактарынан маалыматым бар. Биздин өлкөдө эл аралык сынактын мыкты деңгээлде өткөрүлгөнүн кулагым чала элек. Бизде фольклор жагы жакшы каралат. Себеби айтыш боюнча биздикилер дайыма жеңишке жетишип келишет.

Ренат,
24 жашта, актёр:
– Кесибим актёр болгондуктан, мени дүйнөлүк “Оскар” киносыйлыгы кызыктырат. Жыл сайын өткөрүлчү бул сынактын жыйынтыгын бардык актёрлордой эле күтүп калам. А бизде болсо жогорку деңгээлдеги сынактар жокко эсе. Болсо да демөөрчү, уюштуруучулардын жоктугунун айынан өткөрүлбөй келет.

Алтынай,
47 жашта, сатуучу:
– Эл аралык сынак бизде жок. Ал эми башка жакта толтура. Кайсынысын айтарын да билбейм. Чет элдик телеканалдарга койсоң, артисти деле, спортчусу деле сынактан утту деп көрсөтө беришет. Казакстанда өтчү “Шабыт” сынагына кызыгып жүрөм, "бизден да ушул сынакка баргандар бар бекен?" деп.

Нурбек,
26 жашта, лингвист:

– Мен Юрмалада өткөрүлчү “Жаңы толкун” фестивалын билем. Мындан сырткары “Евровидение” сынагына кызыкдармын. Дайыма ушул сынактын жыйынтыгын күтчү болдум.Чыныгы таланттуулар бул сынакта өз өлкөсүнүн маданиятын таанытышат.

Гүлмира,
45 жашта бухгалтер:

– Негизинен, теледен болгон бардык эле сынактарды калтырбай көргөнгө аракет кылам. Бирок бизде өткөн сынактардын көбүндө кээ бир катышуучулар тааныш аркылуу жеңишке жетип алышат. Мына, мени ошонусу өкүндүрөт. Бизде болсо “Ысык-Көлдө кадыр түн” деген сынак бар. Ал да кээде өткөрүлбөй калат.

Казыбек,
28 жашта, айдоочу:
– Кыргыз элинин маданиятын таанытуучу эл аралык деңгээлдеги сынактар өткөрүлсө жакшы болмок. Бирок биз сынак эмес, башкага каражат жок аксап турабыз. Мен билгенден көпчүлүк жогорку деңгээлдеги сынактарда акча чоң роль ойнойт.

Гүлбүбү,
29 жашта, үй кожойкеси:
– Мен өзүм Көлдөн болгондуктан, “Ысык-Көлдө кадыр түн” фестивалын жакшы билем. Быйыл да аталган сынак өтүптүр. Бирок быйыл сынакка эле эмес, эс алганы коңшулаш өлкөлөрдөн келбей жатышпайбы.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
lira
2010-08-02 10:10:57
Jenuu4ulor aldyn ala ele tandalyp koygondugu jonundo maalymat ukkam.
Kanday bolso dagy kyrgyz talanttary koboup,orkundoy berishsin!!!
0
akiykat
2010-08-02 10:49:05
Конкурс таза откон жок деп уктум. Мурун конкурска катышкандар кобу эле бул конкурска катышкан турбайбы. Ушу да болмок беле...
0
kinostan
2010-08-04 23:40:41
Гулжигит дейби, ал Россияга конкурска барып келбеди беле.....
Курал ушул жигит жениш керек эле...
Рысбек тааныбайт экенмин
Жаныш, Байыш эмнеге катышты дейм да...
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан