Краудфандинг – интернетте акча чогултуу. Англис тилинен тараган сөз. "crowd" – эл жана "funding" – каржылоо.
Кандайдыр бир долбоор баштап же бирөөгө жардам берүү иретинде интернет айдыңында элден каражат чогултуу – краудфандинг деп аталат. Учурда тасма тартарда, китеп жазып чыгарарда же оорулуу адамдарга кымбат баалуу операция керек болгондо интернет аркылуу жалпы журттан жардам суроо адатка айланды. Ал гана эмес каралбай калган жан-жаныбарларга да акча чогултуп жүрүшөт. Кээде бал айын башка өлкөдөн өткөрүүнү каалагандар да краудфандингдин жардамы менен акча чогултканына күбө болуп келебиз.
Ысак Карачов
koom@super.kg