Заманбап сөздүк. Бодишейминг

Бодишейминг – адамдын сырткы келбетине сын айтуу. Бул термин дагы англис тилинен келип чыккан. "Body shaming" – денеге айып коюу деп которулат. Кимдин салмагы ашыкча же башка дене түзүлүшүндө кемчилик болсо ошолорго карата колдонула турган термин. Учурда бодишейминг терминин көп кездештирип калдык. Интернет айдыңында сүрөттөргө дене түзүлүшүндөгү кемчиликтери тууралуу комментарий жазгандарды көп эле жолуктуруп келебиз. Мисалы, атактуу орус ырчысы Ольга Бузованын көкүрөгүн кичинекей деп талкуулап келишет.

Ысак Карачов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан