БЕЛГИЛҮҮ КОРЕЙ РЕЖИССЁРУ КИМ КИ ДУК БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Кореяда эле эмес, дүйнөгө белгилүү режиссёр, сценарист, продюсер Ким Ки Дук Бишкек шаарына келди. Режиссёр Кыргыз өлкөсүнө өзүнүн каалоосу менен Бишкекти, Ысык-Көлдү көргөнү, кино дүйнөсүндөгү инсандар менен пикир алышканы келген. Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова Ким Ки Дук тууралуу буларды айтты:

– Дүйнөгө таанымал корей режиссёру Ким Ки Дук 9-июль күнү учуп келди. Ал Казакстанда тасма тартып жаткан экен, биздин өлкө ага кызыгуу жаратып, Бишкекке келүүнү чечиптир. Биз кино дүйнөсүндө көп жолу жолугушуп калганбыз. Биздин эл режиссёрду тааныбайт го деген күмөн ой менен жеке баракчама атын жазбай эле экөөбүз чогуу түшкөн сүрөттү киргизгем. Бирок көбү тааныйт экен, күтүлбөгөндөй кызыгуу жаратты. Расмий сапар менен келбегендиктен, ал өзүнө көп көңүл буруу болгонунан өзүн ыңгайсыз сезүүдө. Гений адамдар үчүн убакыт аябай маанилүү, эрте туруп съёмкалар менен алек болуп жатат. Бирок журналисттер жана кино сүйүүчүлөр үчүн бир сааттык кездешүү кылам деп ойлоп жатам.

Эске салсак, Ким Ки Дук кино дүйнөсүнө алгач өзүнүн "Крокодил" аттуу тасмасы менен кирген. Анын "Реалдуу ой", "Самаритянка", "Ээнсиреген үй", "Ариран", "Жекеме-жеке", "Байланыш", “Жаз, жай, күз, кыш... Кайрадан жаз” аттуу белгилүү тасмалары бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Klaridze
2019-07-15 16:08:29
Келсе келди да акчасы коп болсо
+2
anandi
2019-07-16 13:53:29
дааа Кыш сонатасын тарткан режиссёр да Жун Санды да ээрчите келбепсиз
0
Asel2415
2019-07-19 20:10:01
anandi,кыш сонатасын башка режиссёр тарткан
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан