Бек Борбиев: «МЕН КРЕСЛОСУ ЖОК ДЕПУТАТМЫН»

"Кайсы ырчынын күйөрманы көп?" десе тартынбай эле "Бек Борбиевдин" деп жооп бергендер жаңылышпайт. Эмнеге? Берадор мырза сахнада жүргөнүнүн 20 жылдыгын белгилеп концерт бергенде Спорт Ордосунун залында эл батпай турду. Эл кадырлаган ырчы эми жаш да келип калды дедиби, саясатчы болууга белсенип турган чагы.

– Бек мырза, эмне жаңылыгыңыз бар десе эле саясаттан кеп баштай турган убагыңыз болуп калды окшойт...
– Кудайга шүгүр, жаңылыгым мол. Адамдын жүрөгүндөгү кайнап турган эргүү "бул саясатка киришти, биз токтоп туралы" дебейт да эч качан. Чыгармачылыгым токтоп калган жок. Саясатка да кириштим дегендей.
– Саясий партиялардын саны 150гө жакындап калды окшойт. Ошончо партиянын ичинен “Бүтүн Кыргызстанга” мүчө болушуңуздун себеби эмнеде?
– Бул партиянын лидери Адахан Кимсанбаевичтин башка партиянын лидерлерине караганда саясаттагы тажрыйбасы чоң. Коррупцияга малынган эмес. Башка жетекчилер кайсы бир убакытта жасаган туура эмес ишин бир жерден болбосо бир жерден моюндарына алат да, тарых алдында жооп беришет. Булганган адам эч качан чындыкты айта албайт.
– Сиз эмнеге таянып жетекчи­ңизди булганган эмес, таптаза деп жатасыз?
– Эгер таза эмес болсо, эчак эле эл арасында аброю жок болмок же соттолмок. Мисалы, мен эмне үчүн башка партияларга барган жокмун? Башка партиянын жетекчилери бийликте иштегендер. Алар бүгүн болобу же эртеңби, же он жылдан кийинби, Бакиевдер менен бир катарда 7-апрелдеги окуяларга, түштүктөгү кан төгүүлөргө жооп бериши керек. Ал эми бул учурда Мадумаров бийликтен четтетилип калган эле. Экинчиден, азыркы өкмөткө оппозиция болгон партиялар ачылып жатпайбы, алардын жетекчилеринин ачыла элек көп кылмыштары бар деп жүрүшөт. Ошондуктан аларга кошулсам алыска бара албасам керек дедим.
– Сизди убагында Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе болгон дешет. Ошондон улам оппозициялык өңүттөгү партиянын мүчөсү болгон жоксузбу?
– Ооба, мен аны жашырбайм, Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе болчумун. Өтө жакын адамы болбосом керек деп ойлойм. Эгер болсом, чоң-чоң кызматтарда иштемекмин да.
– Ош окуясында жатаканада жашаган кыздар зордукталды деп так, кесе айтып чыктыңыз. Муну эмнеге таянып маалымдадыңыз? Сизден кийин укук коргоочулар жатаканада андай бир да факт болгон эмес деп чыгышты.
– Мен ошол жерде өз көзү менен көргөн адамдар менен сүйлөшүп, анан айткан элем. Алар "эмнеге бир жактуу маалымат таратып жатышат, эмнеге ушуну айтышпайт?" деп көздөрүнүн жашын көлдөтүштү. Адамдар бири-бирин союп жатканда бир да зордуктоо болгон эмес деш акылга сыйбас иш. Укук коргоочу эже сурамжылоо жүргүзбөй туруп бир жактуу кылып тыянак чыгарып койгонуна таң калдым. Зордуктоо болгон деп айткандарым азыр укук коргоо кызматкерлери тарабынан далилденди, маалымат булактары айтып жатат.
– Партиянын съезди болдубу? Болсо, сиз тизмеде канчанчысыз?
– Ооба, съезд болду. Бирок тизме тактала элек. Кандай болгон күндө да мен алдыңкы эле катардамын.
– Депутат болом деген оюңузду жубайыңыз колдоп жатабы?
– Мен кандай иш баштабайын, ким болом дебейин, жубайым колдойт.
– Балдарыңызда, жалпы эле үй-бүлөңүздө эмне жаңылык?
– Кайсы үй-бүлөдө?
– Канча үй-бүлөңүз бар?
– Тамаша, албетте, бирөө эле. Фарида мурункудай эле үй кожойкеси. Улуу кызым Шахназ 2-курсту бүттү. Бото болсо мектепти аяктап, Юридикалык академияга тапшырды. Андан кийинки уулум Бабур түрк лицейинде окуйт, 8-класска көчтү. Кичүү кызым Айдеми быйыл 5ке чыгат.
– Айдеми жарым жыл мурун апасы менен редакцияга келген. Кыздар “Бек Борбиевдин кызы аябай татынакай экен” деп жакшы көрүп жатышкан. Сиз сулуусузбу же Фарида эжеби?
– Сөз жок мен. Кызы атасын тартат да. Үйгө кирбей калбайын, апасына эле окшош.
– Жакшы. Көлгө барып эс алып келгенсиз го, капкара болуп күйүптүрсүз...
– Жок, үй-бүлөм менен Токтогулга барып жарым ай эс алып келдим. Ал жакта иним бар. Туугандарга шайлоого баратам деп расмий түрдө айтпаганым менен, аксакалдарды чакырып бата алдым. Көлгө, буюрса, август айынын башында барам.
– Бир убакта удаасы менен бир нече клип тартып жибердиңиз эле, азыр тынчып калдыңыз, партиядан колуңуз бошобой жатабы?
– Негизи, жазында концерт берип, клип тартайын дегем. Бирок кырдаал мындай болуп жатса... Ошондон улам концертти, клипти күзгө жылдырып койдум. Азыр деле клип тартсам болот, бирок саясий иштерден соң.
– Депутат болуп кетсеңиз күйөрмандарыңыз карааныңызга зар болуп калышпайбы?
– Гастролдук ишимди токтотконум менен, депутат болсом деле борбордо, шаарларда концерт бере берем. Ыр дүйнөсүн эч качан таштабайм. Таштап койдум дегенде деле жан дүйнөңдө удургуп жаткан бороон-чапкын жөн жаткырбайт. Ошондуктан чыгармачылыгым мени менен акыркы дем алуума чейин бирге болот.
– Жаңы ырыңызга качан күбө болобуз?
– Жакында. Мектепте жүргөндө чыгарган “Кызыл гүл” деген ырым бар болчу. Ошонун үстүнөн иштеп, көркөмдөп чыктым. Аранжировкасы жазылган, үн кошмою калды.
– Ырларыңызды ырдап чыккан жаштарга кандай карайсыз?
– Ырымды ырдайм деген адамга эч качан каршы болбойм. Бирок ырдаардын алдында текстин жана обонун бир көрсөтүп алгыла, катасы болсо оңдоп берейин дейм.
– Бир ырыңыз сөзү, обону менен канча турат?
– Ушул жашка келгени бир да жолу бирөөгө ыр сатып көрө элекмин.
– Кайсы ичимдик менен жанаша көңүл ачасыз?
– Жакшылыктар болсо же достор чогулуп калганда арак же коньяк ичип коёбуз.
– Башыңызды кантип жазасыз?
– Ичкен күндүн эртеси эч качан баш жазбайм, кыйналып жүрө берем. Бир жолу жазып көргөм. Жазылбай эле уланып кетип, кечээ күнкү абалга келип калат экем.
– Катуу чарчаганда өзүңүзгө кантип келесиз?
– Адам катуу чарчаганда бир гана уйкудан эс алат. Ошондуктан эч нерсеге карабай уйкуга кирем.
– Депутат болбой калсаңыз кайрадан бажы кызматына ишке орношосузбу же башка пландар барбы?
– Мен бажы кызматкерлеринин катарынан чыгып кеткем да. Көрөбүз, чынында, ушул суроону ойлоно элекмин.
– Бийликтегилерге карата "креслого жеткенче эл камын, көздөгөнүнө жеткенден кийин керт башын ойлошот" деп айтылган сөз бар. Депутат болуп калсаңыз сиз да ошолордун бири болуп калбайсызбы?
– Мен ансыз деле креслосу жок депутатмын. Кайсы жерге барбайын, эл кадырлап-сыйлап депутаттан кем эмес тосуп алышат. Депутаттардын көбүнүн эле укуктары менде бар. Сүйлөсөм сөзүмдү, ырдасам ырымды угушат дегендей. Бул нерсеге атак-даңк, дүнүйө топтоо үчүн барып жаткан жокмун. Шайлоого бара жаткандыгымдын себебин өзүм менен эмес, эл менен байланыштыргым келет. Үстүмдө үйүм, иштеп жаткан ишим бар болчу. Бажыдан деле эч ким кубалаган жок. Болгону, азыркы саясий кырдаалды, элимдин кыйналып жатканын, жарга келип кептелгенин көрүп, колумдан келген жардамымды бергим келди. Чет өлкөнүн сайттары “Кыргызстан он жылдан кийин мамлекеттүүлүгүн жоготот. Анан улут катары жок болот” деп жазгандарын окуп алып каңырыгым түтөп, сай-сөөгүм сыздап жатат. Эгер ошол маалыматтарды окубай, айылда кой кайтарып жүрсөм “эй, мейли, эмне болсо ошол болсун. Өздөрү чечет” деп коймокмун. Баарын көрүп-билип туруп кайдигер карай албадым. Кийин убакыт өткөн соң "эмне үчүн элиме жардам берүүнү ойлогон жокмун?" деген суроолорго көмүлүп, санымды чаап калгым келбейт.
– Интернет демекчи, биздин сайтка көп киресиз. Дегеле интернет сиз үчүн эмне?
– Силердин www.super.kg сайтыңарга кол бошобой, көптөн бери кире элек болчумун. Кечээ кирип күйөрмандарымдын суроолоруна жооп бердим. Негизи эле интернет – мен үчүн маалымат булагы. Андан сырткары тааныш табуучу, достор менен байланыштыруучу курал. Мисалы, “Мой мир” долбоорунда 4300дөн ашык досум бар. 2500 адам "дос бололу" деп жообумду күтүп жатат.
– Достук сунуштаган адамдардын баарына эле "ооба" деп жооп бересизби?
– Баарына эле "ооба" деп жооп бербейм. Аттары же сүрөттөрү жок болсо, кызыктай ысымдарды коюп алышкан болсо, дос болбойм.
– Депутат болуп калсаңыз, алгач кайсы маселени көтөрүп чыгасыз?
– Мен жогорку билимдүү бажы, маданият, жол куруучу кызматкеримин. Ошондуктан ушул тармактагы маселелерди алып чыгам.
– "Бийликке бай адамдар келсе, элдин чөнтөгүнө көп кол салбайт" деп коюшат. Сиз байсызбы?
– Азыркы байларды көрүп жүрөм. Мен алардын чыпалагына да тең келбейм. Бирок мен баймын, өзүмдүн ырларым, бир туугандарым менен. Депутаттыкты пайдаланып элдин чөнтөгүнө кол салбайм. Кол салууну мурунку жашоомо, ийгиликтериме түкүрүп салуу деп түшүнөм.


Жылмайып коюңуз!

Бек Борбиев депу­таттык шайлоодо үч эле добуш алып калат.
Анда аялы ыйлактап:
– Ушу сенин ойношуң бар экенин сезгем!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
maradona
2010-08-02 18:37:42
азаматсыз Бек аке мен сизге жана партиянызга албан албан ийгиликтерди каалап "Мой мирдеги" дос ининиз Тынчтыкбек Кушубеков.
0
kanatbek
2010-08-02 20:39:15
baarin ele deputat bolup al.
0
padishah
2010-08-02 23:47:07
Бек Борбиев 2005 жылы эле шайлоого аттанган бирок туштуктун билермандары алдырып койгон акелерине жол бошот сен осо турган жигитсин жасцн деп. Бек аке Кетмен-тобонун жигиттерин уят кылбай нормальный депутуат болун а Адахам Кимсанбаевич тазараагынан болгон Мырзачыкмалардын арасынан .Ак-Жолго адашып аралашканы болбосо Спикерликке жарай тургандардан. Омурбек чиркешович таарынбасын, Жаштарды алып келгиле калганынар уятынар менен пенсияга чыккыла.Бекер эмкисинде жаштар сыйы жок эшикке чыгарып коюшат
0
Debi
2010-08-03 09:36:17
Адегенде саясатты жана саясатчыларды жакшылап талдап алса болмок экен.
0
asylaika
2010-08-04 10:25:57
САЯСАТТА ДА МАДАНИЯТТАГЫДАЙ ИЙГИЛИК!
0
samka
2010-08-04 13:29:15
Албан ийгилик татыктуу Депутат болушунузга ишенем
0
Akjol
2010-08-04 23:46:24
Азаматсыз Бек аке. Кудайым куч кубат берсин.Элди ойлогон жакшы депутат болорунузга ишенем.
Москва.
0
bagdat
2010-08-05 16:52:05
Бек аке, илгертеден айтылган кыргыздарда жакшы соз бар Бектер (хандар) бир суйлойт деген, ошол созду эсинизден чыгарбасаныз, чет элдиктердин айтканы да бар, элибиз, каржы маселебиз чындыгында кыйроодо, жардамынарга муктажбыз....
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан