АМЕРИКА КУБОГУ-2019. БУЛ ЖОЛУ ДА МЕССИНИН ЖОЛУ БОЛБОДУ...

8-июль күнү Бразилиянын оюн талааларында 46-ирет өткөн Америка Кубогу жыйынтыкталды. Анда күйөрмандардын курчоосунда кошумча күчкө ээ болгон жергиликтүү Бразилия курамасы 9-жолу аталган мелдешти жеңип алды.

ФИНАЛГА ЧЕЙИНКИ ЖОЛ

Америка Кубогунун финалдык беттешинде Бразилия менен Перунун кез келиши күтүүсүз окуя болду. Июнь айында Бразилиянын негизги жылдызы Неймар жаракатынан улам Америка Кубогуна катышпай турганы белгилүү болгон. Ага карабастан футбол ышкыбоздору "селесао" командасы финалда болоруна күмөн санашкан эмес. А бирок Перунун финалга чыгарын эч ким күткөн эмес. Мелдештин башында бул эки команда бир тайпадан орун алган болчу. Анда Бразилия курамасы Перунун таш талканын чыгарып, 5-0 эсебинде утуп алган. Талаа ээлери тайпадан биринчи орун менен чыгышса, Перу үчүнчү орун менен гана плей-оффтук баскычка өткөн.

Финалга чейин “селесао” курамасы Парагвай менен Аргентинаны жеңип ишенимдүү түрдө финалга чыкты. Ал эми Перу чейрек финалда мелдештин негизги фавориттери саналган Уругвайды пенальтилер сериясынан утуп, сенсация жаратты. Жарым финалда акыркы 4 жылда Америка кубогун 2 ирет катары менен жеңип алган Чили курамасын 3:0 эсебинде утуп алды. Кагаз жүзүндө Алексис Санчес, Артуро Видаль баштаган чилиликтер фаворит болгону менен, талаада оюн таптакыр башка нукта жүрүп, Перу ишенимдүү жеңишти камсыздады.

ФИНАЛДЫК БЕТТЕШ

Оюн күйөрмандар күтпөгөн таризде башталды. Каршылашына караганда алсыз саналган Перу курамасы чабуул жасаганга аракет кылса, үй ээлери коргонууга мажбур болду. Оюндун экинчи мүнөтүндө Перунун жарым коргоочусу Кристиан Куэванын айып белгисинен жасаган соккусу аз жерден голго айланып кала жаздады. Бул коңгуроодон кийин “селесао” командасы ойгонду. Манчестер Сити командасынын оюнчусу Габриэл Жезустун сол канаттан чыгарып берүүсүнөн кийин “Гремио” клубунун чабуулчусу Эвертон топту таамай дарбазага багыттады. Эсеп 1-0.

Биринчи бөлүктүн бүтөрүнө аз калган учурда оюндун башкы калысы Бразилиянын дарбазасына 11 метрлик айып белгини берди. Топко Перунун тирүү легендасы Хосе Герреро жакындап келип, эсепти теңеди. Бирок биринчи бөлүк баары бир Бразилиянын эсебинде калды. Калыс тарабынан кошулган кошумча 3 мүнөттүн ичинде Жезус эсепти 2-1ге өзгөрттү.

Экинчи бөлүктө Перу курамасы эсепти теңеп кетүүгө болгон күчүн жумшады. Бирок майнап чыкпады. 70-мүнөттө Бразилия оюнчусу Жезуска башкы калыс экинчи сары айып кагазын көрсөттү. Чабуулчу көзүнө жаш алып, талааны таштап кетти. Бир оюнчуга аз калганы менен, үй ээлери Перу курамасына эсепти теңеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ал эми оюндун 90-мүнөтүндө Ришарлисон пенальтиден эсепти 3-1ге айлантып, беттешке чекит койду.

МЕЛДЕШ МЫКТЫЛАРЫ

Бул мелдеште 3 гол киргизген Перу курамасынын капитаны Хосе Герреро менен бразилиялык Эвертон мыкты бомбардир аталышты. Мындан тышкары 23 жаштагы Эвертон мелдештин эң жаш мыкты оюнчусу деген наамды да багындырды. Жергиликтүү “Гремио” командасында топ тээп жүргөн футболчу бул мелдештен кийин Европаны багындыруу үчүн чемоданын даярдай берсе болот.

6 оюнда өз дарбазасына 1 гана гол өткөргөн Алиссон Америка Кубогунун мыкты дарбазачысы болду. Ливерпуль командасынын дарбазачысы Алиссон бул сезондо Англия Премьер-Лигасында да, Чемпиондор Лигасында да “алтын кол кап” сыйлыгын жеңип алды. Мындай ийгиликтүү сезондон кийин Алиссон алтын топту алууга талапкерлердин катарына кошулду. Тарыхта бул сыйлыкты бир гана жолу дарбазачы Лев Яшин алган. Мүмкүн тарыхты жаңылаганга убакыт келген чыгар...

Мелдештин эң баалуу жана эң мыкты оюнчусу деп Бразилиянын капитаны Даниэл Алвес аталды.
36 жаштагы коргоочу үчүн Америка Кубогу анын карьерасындагы 40-трофей. Бул рекорддук көрсөткүч. Буга чейин эч бир оюнчу өз карьерасында мынча титул жеңип көргөн эмес.

МЕЛДЕШ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Америка Кубогу футбол боюнча дүйнөдөгү эң эски мелдеш. Биринчи жолу аталган мелдеш    1916-жылы Аргентинада өткөн.
  • Америка Кубогун эң көп Уругвай курамасы жеңген
    (15 жолу).
  • Бразилия талааларында Америка Кубогу 5 жолу өтүп, ал мелдештердин бардыгында Бразилия чемпион аталган.
  • 1989-жылы Америка Кубогунун финалы Рио-де-Жанейро шаарындагы “Маракана” стадионунда өткөн. Анда Бразилия менен Уругвай курамалары беттешип, бул оюнду көрүү үчүн 170 миң күйөрман стадионго келген.

МЕССИ БАШТАГАН АРГЕНТИНА КАЙРАДАН ТРОФЕЙСИЗ КАЛДЫ

Лионель Месси Аргентина курамасы менен кайрадан титулсуз калды. Ал буга чейин Америка Кубогунда 3 жолу күмүш байге тагынып, жеңишке бир тепкич жетпей келген. Бул жылы Аргентина бир тепкич төмөн түшүп, коло байгени тагынышты. Жарым финалда Бразилияга жеңилип калган аргентиналык оюнчулар финалга чыгууга башкы калыс тоскоол кылды деп калыстын чечимдерине нааразы болушкан. 3-орун үчүн болгон Аргентина-Чили беттешинде калыстарга болгон нааразычылык дагы күчөдү. Бул оюнда эки команданын капитандары Гари Медель менен Месси чырдаша кетти. Башкы калыс эки оюнчуга тең кызыл айып кагазын берип, оюндан четтетти. Беттеш 2-1 эсебинде Аргентинанын пайдасына жыйынтыкталды. Оюндан соң Месси коло байгесин алуудан баш тартып, Түштүк Америка футбол конфедерациясынын
(КОНМЕБОЛ) жетекчилигин коррупцияга айыптап чыкты. Мындан улам
КОНМЕБОЛ 2 жыл Мессинин улуттук курама командада ойношуна тыюу салышы мүмкүн экени айтылууда.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Farkhat07.05.89
2019-07-15 10:24:35
Бразилия курамасынын оюнчулары турган суротто туура эмес жазып коюшканго.Ондон солго деп.Биринчи сол жакта Эвертон,андан кийин Алиссон.Андан кийин Алвес турат
0
baiazat
2019-07-15 19:19:31
Марселло ойнодубу
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан