ТИЛСИЗ ЖООДОН САКТАНАЛЫ

Өрттү, селди элибиз бекеринен «тилсиз жоо» деп атабаса керек. Айттырбай, күттүрбөй башталган өрт калайыкты чогулткан мүлкүнөн гана эмес, энеден баланы, жолдошунан ажардуу жарды көз ирмемде түбөлүккө ажыратып коё алат. Статистика боюнча алып карасак, жыл башынан бери Бишкек шаарында эле 206 өрт кырсыгы катталып, 9 адам каза таап, 18 адам оор жаракат алган. Тилсиз жоодон адамдарды өрт өчүрүү кызматындагылар сакташат. Тилсиз жоо менен алышкан бул кызматтын бүгүнкү күндөгү ал-акыбалынын кандайлыгын жана да мындай кырсыктардан сактануунун, өрт чыгып кеткен чактарда кандай чараларды көрүү керектигин тактап билмекке шаарыбыздын өрт өчүрүү кызматын көздөй жол алдык.

АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ ӨРТ КЫРСЫГЫ КӨБӨЙДҮ

Максатыбызды угушкан соң ал жерден биздин Бишкек шаардык өрт өчү­рүү жана ага даярдык бөлүмүнүн башчысы Ахмаджан Амиршаевге жөнөтүш­тү. Бул бөлүмдүн жигиттери ошол 6-апрель күнү таңга маал чыккан өрт менен бир сааттан ашык алышып жатып өчүрүшүп, эми эле чарчап-чаалыга келип орун алышкан экен.
– Бүгүн 6-апрель күнү таңга маал борбор шаарыбыздын Москва көчө­сүн­дөгү «Береке» соода борборунан өрт чыгып, ошол жактан келдим. Бул соода борбору көп кабаттуу үйдүн 1- кабатында жайгашкан эмеспи. Көлөмү 300 квадрат метрден ашуун аянтка жетип, тамакты, көздү ачыштыра каптаган истен улам чуу түшкөн ал үйдүн жашоочулары тышка тепкич аркылуу качып чыгууга жетишпей терезеге бой урушуп, айтор, күтүлбөгөн алаамат болду,- дейт Амиршаев. – Ошол замат шаардык 4-травмотологиялык ооруканага иске ууланган, терезеден ыргып кетем деп колу-бутун сындырган 9 адамды «тез жардам» алып кетти. Өрт эмнеден чыккан жана канча чыгымга туш болгондорун соода борборунун ээси биздин эксперттик комиссия менен биргеликте эсептеп жатышат.
– Негедир акыркы күндөрү өрт кырсыгы көп. Жыл башынан бери өрт Бишкектин 2 мектебин, «Мегакомфорт» соода борборун, Мичурин көчөсүндөгү барак түрүндө салынган үйлөрдү каптап, далай мекендештерибизге күйгүлтүк алып келди. Ал эми №35-мектептин совет мезгилинде жыгачтан салынган дубалдары менен кошо 71 жаштагы кароолчусу күйүп кетти. Өткөн жыл­дар­га саресеп салсак, өрттөнгөн «Дастан» АКсы, Каржы миниситрлиги, «Жунхай» базары, турбаза...

«АБАЛЫБЫЗ СУКТАНАРЛЫК ЭМЕС»

– Адамдардын жөнөкөй гана этияттыкты сактабай кетирген катачылыктарынан улам өрт чыгып, далай адам жабыркап, өрт өчүрүүчү кызматкерлер оңбогондой убара тартышат. Демейде биз жөнүндө “дайыма эле боло жүргөндөй өрт өчүрүүчүлөр өрттөн кийин келишти, суусу жок келишти” деп айтып жазгандары менен ушул тапта өрт өчүрүү кызматынын абалы кандай экендигине көп токтоло беришпейт. Бүгүнкү күндөгү абалыбыз мактанарлык эмес.
– Биздин эң эле оорулуу жерибиз – техниканы жаңылоо. Арыздана бергенден натыйжа чыкпаган соң эчак иштен чыккан техниканы оңдоп-түзөп, иштеп жаткан чагыбыз,- дейт кебин уланткан Амиршаев. – Эреже боюнча биздин кызматта машиналарды 10 жылда бир алмаштырып туруу зарыл. А биз акыркы ирет жаңы машинаны 1991-жылы алганбыз. Анда да төртөө гана берилген. Өрт деген биздин абалга карап отурмакпы, бирде бул, бирде тигил жактан чыга берет. Айла жок, шагырап тарпы чыккан техниканын болбосуна койбой оңдоп, иштетип жатабыз. Былтыр мэрия бир гранттын негизинде бийик шатылуу машина алып бермекчи болгон. Дале колубузга тие элек. Биздин машинабыздын шатысы болгону 9 кабатка гана жетет. Баш калаабызда болсо 9 эмес, 18 кабаттуу да үйлөр бар. Ичибизден кудайлап гана отурабыз.
– Биздин кызматкерлер – өз иштерине фанаттык түрдө берилген балдар. Алган 2 миң-3 миң сом акысы үчүн ким көрүнгөн эле жалындап күйгөн отко көкүрөк тосуп бара бербейт. Опурталдуу кесиптердин катарына киргизилгени эле болбосо, айлык акы өтө аз өл­чөм­дө.
“Суусуз келишти” деген да бекер кеп, эгер коркунучтуу деңгээлге жетип калган көп кабаттуу имараттагы өрт болсо, бир машинадагы 2,5 тонна суу 2-3 минутага гана жетет. Ошондой абалды көргөндөр «суусуз келишиптир» деп ойлошот окшойт. Колубузда бүткүл шаар ичиндеги суу гидранттардын (люктар) жайгашуу картасы бар. Машиналардагы суу түгөнгөндө ошол гидранттардан суу толтуруп, кайра ишке киришебиз. Жаңыдан барганда эле өрттүн түрүнө карап, шаабыз жетпесин билсек, кошумча жардам чакырабыз.

БИРГЕЛИКТЕ ИШТЕЙБИЗ

Шашылыш чакырык келип тү­шөөрү менен «тез жардамга», «161» сактап калуу кызматына, ошол аймактын газ чарбачылыгына, «РЭСке» биздин диспетчерлер кабар беришип, көпчүлүк учурда алар биз менен кошо жетип келишет. Негизинен, жаңыдан жумушка алынган жигиттер стажировкада жү­рүш­көн кезинде аларга өрт өчүрүүнүн айла-амалдарына кошо жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам берүү, керек болсо ийне саюуга дейре үйрөтүлөт. Ал эми бизге кошо жетип келишкен «электриктер» дароо кырсык чыккан аймактын линиясындагы зымдарды кесип, газ чарбачылыгы газды өчүрүп, биздин иштешибизге шарт түзүп беришет.
Көпчүлүк учурларда өрттөн да анын быкшыган түтүнү коркунучтуу. Коюу түтүн биздин балдардын иштешине абдан тоскоол болот. Түтүн сордуруп, жарык берүүчү техникабыз (машина) да саналуу гана. Ошого карабай күн сайын шаар боюнча 15-16 машина, 80ден ашуун өрт өчүргүч кызматкерлер толук даярдыкта турушат.
Тактап билмекке кароол турган жайга кирип, чакырык түшкөн убактан тартып «жоокерлер» канча мүнөттө даяр болушаарын текшердик. 40 секунддун ичинде балдар да, машина да толугу менен даяр болду.
– Ишибизди жолдордогу тирелишкен унаалар ого бетер татаалдаштырат,- дейт өзүн Улан деп тааныштырган айдоочу. – Совет мезгилинде «сирена» менен келе жаткан өрт өчүрүүчү машинага эки жакка чачырай жол ачып беришээр эле. Азыр айдоочулар тоготпогондой, маалкатып жатып араң жол беришет.

ӨРТТҮН ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ

– Өрт кырсыгынын чыгуу себептери кадимки эле турмушта кездешүүчү жө­нө­­көй шалаакылыктар,- дейт бизди өзүлөрү­нүн техникалары, кийимдери сакталып туруучу жай менен тааныштырып жүр­гөн Октябрь райондук өрт өчүрүү кызмат башчысынын орун басары Нурлан Молдобеков. – Жаш балдарды карабай таштап кетишсе, алар электр приборлору, ширеңке менен ойношуп, алаамат өрттүн чыгышына себепчи болушат. Же болбосо адам мас болуп төшөктө жатып алып, тамеки тарткан боюнча уктап калган чактарда өрт кырсыгы көп чыгат. Күйүүчү заттарды мешке, газга, плитага жакын жерге коюп же кийимдерди аларга жакын илип койгондо,ошондой эле розеткаларды терезе-эшик пардаларга жакын жайгаштырып салганда замыканиелерден улам алар жалындап күйүп, чоң өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. 1,5 киловольтко ылайыкташтырылган электр өткөргүчтөрүн эске албай, бир эле розеткага (тройниктерге) бир нече электр приборлорун сайып коюшат. Ылайыкташтырылган өлчөмүнөн 2-3 эсе чоң чыңалууга туш болгон ал розеткадан өрт чыкпайт деп ким кепил болот?
Мына, жыл башында Мичурин көчөсүндөгү барак тибинде салынган үй өрттөнүп, 6 үйбүлө тапкан-ташыганынан бүт айрылып, «жылаңач» отуруп калышты. 4 бригада бир сааттан ашуун иштеп жатып араң өчүрүштү. Өрттүн чыгышы жөнүндө көп божомолдор айтылганы менен себеби бүгүнкүгө чейин белгисиз.

ӨРТ ЧЫККАНДА ӨЗҮҢДҮ ЖОГОТПО

Кырсыкты кайдан деп болбойт. Өрт өчүрүүчүлөр гезит аркылуу замандаштарыбызга кайрылышып, төмөнкү эрежелерди унутпай, балдарга кеңири түшүндүрүп коюу зарылчылыгын баса белгилешти.

  • Эгер от анчалык чоң эмес болсо, тезинен суу чачып, суу табылбаса калың жууркан, брезентти жаба салып, бут менен тебелеп, андан соң жууркан, брезентти эшикке чыгарып нымдуу жерге таштап же ваннага салып жиберүү керек.
  • Эгер өрт куйган суудан өчпөсө, тезинен тышка, өрттөн алыс жерге чыгуу зарыл. Ошондон соң гана «101ге» чалып үй дарегин так айтып, анан кошуналарды, ары-бери өтүп жаткандарды жардамга чакырып, мүмкүн болсо керектүү документтерди алып чыгууга аракет кылуу керек.
  • Өрт учурунда алоолонуп күй­гөн оттон да түтүн коркунучтуу. Эгер дем тарта албай буулуп баратканыңыз байкалса, дароо эмгектей калып, тышка чыгууну эске алыңыз. Түтүн алгач бөлмөнүн өйдөңкү бөлүгүн каптайт. Демек, эмгектеп же сойлоп баратып дем тартууга болот. Жыл башында Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыгып жаткандыгын байкаган кошуналары «101ге» кабар беришкен. Үй ээси 80 жаштагы кемпир жерге төшөлгөн палас өрт­төнө баштаганын туйбай уктап жатып түтүн­гө ууланып, үйү менен кошо өрттө­нүп кеткен.
  • Көп кабаттуу үйлөрдө өрт чык­кан кезде эч качан лифтке отурбоо керек! Өрттөн улам токту кесишсе, лифт дароо өчөт. Жабык лифттен үйдүн терезе же эшигинен качып чыккан сыңары кутулуп чыга албайсың. Жардам келгиче дымыгып мерт болуп калуу коркунучу чоң.
  • Өрт өчүрүүчүлөр же жардам келгиче алактап терезеден бойду таштап жибербе, өмүрдөн айрылып калышың мүмкүн. Жардам сөзсүз келет.
  • Эгер өрт электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн чыкса, биринчи кезекте счётчикти өчүрүү керек. Өрттөнүп жаткан электр буюмуна шашкалактай суу чачып ийген далай адам токко урунуп, өмүрү менен кош айтышкандарын унутпа!
  • Уурулардан сактанып, эшик-терезелерди бүтүндөй брондоп жатканда жакшылап ойлон. Ушул брондун айынан өрт учурунда эшик-терезесин ача албай набыт кеткендер болгон.
  • Кийимдерге краска жугуп калганда бензин менен тазалоону баары билишет. Бирок, тазалап жатканда кийип жүргөн кийимге бензин сиңип калып, ошол кийимди чечпестен газды, ширеңкени күй­гүзгөн кезде адамды өрт каптап кетүү коркунучу күчтүү. Эгер адам ары-бери чуркай баштаса, өрт ого бетер күчөйт. Мындай кезде адам дароо жерге жата калып оонап жиберип, мүмкүнчүлүк болсо кийимди чечип салууга аракет кылуу керек. Өрттөнүп жаткан адамга жардам берем деп синтетикалык кездемени, паласты жаап жиберүү­дөн абайлоо керек. Мындай буюмдар эзиле күйүп жаткан денеге ого бетер жабышып калып, жабыркоочунун акыбалын оордотот.

ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ КОЛУБУЗДА ЭМНЕЛЕР БАР?

Шашылыш учурларда кандай айла-амалдарды колдонуу керектиги жөнүндө да өрт өчүрүүчүлөр кеп-кеңештерин аяшкан жок.

  • Кеңири кездешүүчү каражат – суу. Жаба куюлган суунун өрттү басаңдатууга кудурети жетет.
  • Күйүүчү заттар, мисалы, бензин, керосин, өсүмдүк майлары суудан жеңил келишет. Алар күйө баштаганда өчүрүү үчүн суу куюу өтө опурталдуу. Суунун бетине калкып чыккан күйүүчү майлар ого бетер алоолоно буюм-тайымды каптап башташы мүмкүн. Мындай учурларда кум, топурак чачуу зарыл. Топурак кычкылтекти өткөзбөй койгондуктан, өрт токтойт.
  • Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарыбыз балкондорго атайын жашиктерге кум сактоолору зарыл. Айла жок болуп баратканда кыйылып отурбай, гүл өстүрүлгөн идиштердеги топурактарды чачып жиберүү­нү эске ала жүрүү керек.

АЙБЕК НУРАДИЛОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан