Жаз, жай мезгили келип, жеңил кийине баштагандан тарта айрымдарда бир маселе башталат. Ал – денедеги ашыкча түктөр. Баарынын эле профессионал адистерге барып түктү алдырууга убактысы, каражаты жетиштүү эмес. Үй шартында денедеги ашыкча түктөрдөн арылуунун жолдорун косметолог Жанара Байсеитова айтып бермекчи.
ДЕПИЛЯЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Депиляция – теринин үстүңкү катмарындагы түктөрдөн ар кандай каражаттардын жардамы менен арылуу. Бул ыкма эриндин үстүнө, бутка, колго, чурайга, колтукка жасалат. Депиляцияны кумшекердин жана момдун жардамы менен жасоого болот.
Депиляциядан кийин тери жылмакай тартып, жыйынтыгы 2-4 жумага чейин сакталат.
МОМ (ВОСК) ДЕПИЛЯЦИЯСЫ
Момдун муздак, жылуу жана ысык түрү бар. Депиляция үчүн сатылып жаткан момдор даяр болгондуктан, ага эч кандай кошулма кошуп убара тартпайсыз. Болгону ысык момду үй шартында колдонуу сунушталбайт. Себеби аны ашыкча ысытуу менен денеңизди күйгүзүп алышыңыз мүмкүн.
Момду пайдалануунун жолдору
1. Эгер биринчи жолу мом менен депиляция жасап жатсаңыз, анда аллергия барбы, жокпу, текшерип алыңыз. Ал үчүн колуңузга момду коюңуз. Эгер териде кычышуу же кызаруу пайда болбосо, колдоно берсеңиз болот.
2. Жылуу момду суу ваннасында, ал эми муздак момду алакан менен сүргүлөп жылытып алуу керек. Момдор кургак териге коюлат. Эгер дене ным болсо, ал териге толук жабышпай калат. Андыктан жаш балдардын дене упасы менен терини кургактап алуу шарт.
3. Момду териге тегиз сүртүп, анын үстүнө косметикалык салфетканы жабабыз да, 5-10 секунд аралыгында тез кыймыл менен сыйрып алабыз. Түктүн узундугу 3 миллиметрден кем болбошу керек.
4. Депиляция жасаган соң бир жумага чейин күнгө күйбөө жана саунага барбоо керек.
ШУГАРИНГ
Шугаринг жолу менен ашыкча түктөн арылуу оңой жана бат. Бир аз ооруксунтууну жаратат. Момдой болуп териге жабышпайт. Пастаны денеге сүйкөгөндө клеёнкадай болуп катыйт. Ошондон кийин сыйруу керек.
Даярдалган паста өтө суюк же өтө коюу болбошу керек. Эгер коюу болуп калса, 1-2 аш кашык жылуу суу кошуп аралаштыруу керек. Түктүн узундугу 5 миллиметрден кем болбошу керек. Өтө кыска түктөр шугаринг ыкмасы менен жулунбайт. Пастаны түктөрдүн өсүү багытына каршы сүйкөө туура. Ал эми жулууну өсүү багытына карай жасоо керек. Тескери багытка карай жасалганда түктөр сынып кетиши мүмкүн.
Шугаринг рецепти: Мискейге 1 стакан кумшекер, жарты лимондун ширеси, 2 аш кашык балды салып, үстүнө 70 миллилитр сууну куюп аралаштырып, отко коёбуз. Кайнаганча үзгүлтүксүз аралаштырып, жай отто 2-3 мүнөт кайнатып, андан кийин бөлмө температурасына чейин муздатабыз. Андан соң дененин түктүү бөлүгүнө сүйкөп, клеёнка сыяктуу болуп катыган соң бат кыймыл менен тартып чыгарабыз.
ЭСКЕРТҮҮ!
Мом, химиялык депиляция, шугаринг варикоз, купероз, кант диабети менен ооругандарга, чоң көлөмдүү калы, меңи барларга, тытылган жаралары барларга сунушталбайт.
УСТАРА МЕНЕН АЛУУ
Устара менен алуу, тескерисинче, түктөрдүн бат жана күчөп өсүшүнө алып келет. Терини кычыштырышы мүмкүн. Устараны колдонууда аярлабаса, кесип алуу коркунучу да бар.
ЖУЛУУ ЫКМАСЫ
Бул ыкма илгертеден пайдаланылып келет. Искек менен жулганда кээде түктүн түбү кара чекит болуп калып калат. Бул ыкманы колтукка жана чурайдагы түктөрдү жок кылууга пайдалануу жагымсыз.
ХИМИЯЛЫК ДЕПИЛЯЦИЯ
Химиялык депиляция ар кандай крем, гель, лосьондордун жана башка ушуга окшош каражаттардын жардамы менен жасалат. Алардын курамындагы заттар түктөрдү оңой кетирет. Каражаттарды түк өскөн жерлерге бир нече мүнөт коюп, андан кийин жууп коюш керек. Эске алчу жагдай, мындай каражаттар адамдын терисин бузуп жибериши же пигменттерди пайда кылып, кычыштырышы мүмкүн. Андыктан колдонордон мурун анын бир аз бөлүгүн териге сүйкөп текшерип алуу керек.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg