СКИППИНГ – СКАКАЛКА МЕНЕН СЕКИРҮҮ АРЫКТООНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУ

Кичинебизде скакалка менен секирип ойногонубуз баарыбыздын эле эсибизде болсо керек. Чынында, биз аны оюн катары көрчүбүз. Чынында, скакалка менен секирүүнүн ден соолукка жана келбетке тийгизген пайдасы көп. Бул сөздү физиология тармагынын адиси, физикалык активдүүлүктү жакшыртуу максатында көптөгөн программаларды түзгөн Кеннет Купер да тастыктайт. Ал “10 мүнөт скакалка менен секирүү 3 чакырым аралыкка велосипед тепкенге барабар” дейт.

Скиппинг (skipping) – англис тилинен которгондо секирүү дегенди түшүндүрөт. Бул ыкма спорттун ар кайсы түрү менен машыккан спортчулардын машыгуусунун тизмесине кошулган. Скиппингдин эң негизги артыкчылыгы – машыгуу залына баруунун кереги жок. Керектүү жабдыкты, скакалканы сапатына жараша 50 сомдон 500 сомго чейин сатып алууга болот.

СКАКАЛКА МЕНЕН СЕКИРҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

• Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат.

• Кол, жамбаш, балтырдын булчуңдарын чыңдайт.

• Скиппинг организмдин зат алмашуу процессин жакшыртуу үчүн арналган көнүгүүлөрдүн катарында.

• Дайыма секирип туруу өпкөнү токсиндерден тазалайт.

• Жалпы организмдин тонусун жакшыртат.

• Тулку бойду түз кармап алып жүрүүгө өбөлгө болот.

• Целлюлитке каршы иштей турган мыкты каражат.

• Варикоздун алдын алат.

• Скакалка менен секирүү арыктоонун эң оңой жолу. 15 мүнөт скакалка менен секирүү 220 килокалорияны жок кылат.

КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?

• Өтө семиз адамдарга

• Кош бойлуу айымдарга

• Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп жаткандарга

• Варикоз илдетинен жабыркагандарга

• Астма

• Муун оорусу барларга

СКАКАЛКАНЫ ТУУРА ТАНДАҢЫЗ

• Желимден жасалган скакалка абаны бат кесип өтүп, кыймылды тездетет. Ал эми жиптен жасалган түрү жай кыймылдаганы менен, денеге тийгенде анчалык оорутпайт.

• Скакалканын узундугун адамдын боюна жараша тандоо туура. Алсак, бою 151-167 сантиметр болгон адамдарга 2,5 метрлиги туура келет. Тандоонун эң оңой жолу, скакалканы эки буттун таманы менен басып, теңдеп жогору тартканда колтуктун түбүнө чейин жетиши керек.

• Эгер ийин тарапка күч келтирүүнү кааласаңыз, анда кармагычы оор нерседен жасалганын тандаңыз.

СЕКИРҮҮ ЫКМАСЫ

• Cекирүү алдында 3-5 мүнөт бир орунда туруп чуркап, булчуңдарды чоюучу көнүгүүлөрдү жасоо керек.

• Секирүүдө бут жерге жеңил ташталышы шарт. Таман жерден 5 сантиметр жогору көтөрүлсө болот. Өтө бийик секирүүнүн зарылдыгы жок.

• Тулку бойду түз кармап, тизе бир аз бүгүлүп туруусу керек.

• Бутка согончокту жаба турган бут кийим кийүү шарт.

• Биринчи күнү 50 жолу секирсеңиз болот. Кийинки күндөрү күн сайын үстүнө 20 секирик кошуу керек. Бул ыкманы таштап салбай, күн сайын жасап жүрүүнү улантыңыз. Ошондо гана жыйынтыгы бир айга жетпей билинет.

• Секирүүнү тамактануудан кийин дароо баштабаңыз, 20 мүнөттөн кийин гана уруксат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2019-07-22 12:10:28
Оо мен кунуго 500ду санап секирем аябай жакшы экен да,мындан нары дагы тынбай скакалка ойноп туруу керек.
0
Flowhive
2019-07-22 15:38:26
Мен да сатып алгам,бирок секире элекмин төрт жылдан бери.
+1
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан