Израилдик археологдор Иерусалимдин батыш тарабынан (5 чакырым алыстыкта) таш дооруна таандык, мындан 10,5 миң жыл мурун курулган чоң шаардын калдыгын табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, казуу учурунда бул жайдан чоң имараттар, көчөлөр, мүрзөлөр, мындан сырткары дан эгиндери жана чечевица, нокот сакталган чоң-чоң кампаларды, малдын сөөктөрүн табышкан. Мындан улам окумуштуулар бул жер чоң мегаполис болгон, калкы жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенген деген жыйынтыкка келишкен.
Дамира Арстанова
koom@super.kg