Ий, бетим...
– Бир жолу концертке шашып барып калдым. Үйдөн чыгып баратып, баарын эле салып даярдагандай болгом. Концертте бир маалда эле алпаруучу “Алдыңыздарда жаш ырчы Айгүл Чалова” деп чакырып калды. Ошондо гана диск эсиме түшүп, сумкамды казып кирдим. Сумкамда косметикамдан башка таш балакет жок. Анан эмне кыларымды билбей сиңдиме телефон чалып, ага болгон үнүм менен бакырып кирсем болобу. Музыканттар мени карап эле калышты. Сахнага чыкпай коёюн десем, элдер кол чаап күтүп жатышат. Анан бир аз кечигип, жандуу үн менен бир ыр ырдадым. Негизи, ал концертте 2-3 ыр ырдамакмын. Ошентип, конок болуп келе бердим.
Бир жолу да абдан уят болгом. Бир эле ырымды эки вариантта жаздырып алган элем. Бирөөндө кайырма менен, экинчисинде куплеттерди катар ырдаган варианты болчу. Дискти кантип адаштырып берип салганымды билбейм. Кайырмасы бар ырды ырдаганга даярдангам элем. Бир маалда эми кайырмасын созолонтуп баштасам, кашайып дисктен экинчи куплет башталып кетти. Ошондо бетим кызарып уят болгонумду сураба. Көрүүчүлөр да түшүнбөй мени карап калышты. Ушул окуядан кийин мындай нерселерден абайлап калгам.