«Ак-Өргө сity»: «ЭУ, БРАТ, ОТУРСАҢ! ОКУП КОЙСОҢ, МЫНА МУНУ!..»

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

“Тамашоудо” алпаруучу Эрмек Нурбаев буларды “Кыргызстандын эң маданияттуу жеринен келген команда” деп тааныштырат. Өздөрүн алар Кыргызстандын чыныгы мекенчилдери деп эсептешет. Чынында, Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушунда эки таанымал патриот бар. Бири – балбан Руслан Түмөнбаев, экинчиси – “Ак-Өргө city” командасы.

Эрмек Таалайбеков
Эрмек мурдагы жылы кыргыз-казак чек арасынан 10,5 килограмм тамаша алып бараткан жеринен кармалып, «Тамашоуго» өмүр бою эркинен ажыратылган.
Мүнөзү – Абдан орой жана сексуалдуу
Билген тили – Кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде эркин сөгүнөт.
Жаман көргөн жаныбары – Миша байкенин ити
Учурда Политехтин кыргыз-герман факультетинин студенти.

Эмил Эсеналиев
Эмил “Тамашоу” менен 2 жылдан бери машыгат. Ошондуктан сахнада балбандардын ролдорун мыкты аткарат.
Лакап аты – Ёма эмес
Фобиясы – Секс
Максаты – Өзүнүн сулуулугун жоюу
Дежур сөзү – “Ээ, Акылай?”
Кыялы – Секс
Үй-бүлөлүк абалы – Азырынча Айка эле
Кумири – Чоң атасынын баласы
Учурда Ж.Баласагын атындагы КУУда окумуш болуп жүрөт.

Эрназар Исаков
Эрназар командалаштарын өмүрүндө жок дегенде 1 жолу күлдүрүүнү максат кылып жүрөт.
Фобиясы – Электриктер
Жактырган машинасы – Пешкомобиль
Дежур сөзү – “Сүт, айран алабыз. Бакиев кетсин! Сүт, айран...”
Жаман көргөн жаныбары – Эшек. Анткени эшектин ролун көп аткарат.
Үй-бүлөлүк абалы – Күйөөсү жок
Учурда КМКТАУнун 2-курсунун студенти.

Самат Эркинбеков
Самат – команданын бою эң узун оюнчусу. Аны ата-энеси лотереядан утуп алган.
Салмагы – Айткандан уялат.
Дежур сөзү – “Мен корей эмесмин, мен кыргызмын!”
Жактырган машинасы – №216-маршрутка
Хоббиси – Иттен качуу
Үй-бүлөлүк абалы – 3 уул, 1 кыздын апасынын баласы
Учурда Медициналык колледжде 2-курста окуйт.

Улукбек Бообеков
Улукбек командада “звукачтын” милдетин аткарат. “Ак-Өргө city” эле эмес, “Тамашоунун” Эмгек сиңирген ди-джейи.
Фобиясы – “Эу, брат, бери келсең...” деген кыздар
Дежур сөзү – “Музыка менен акча тапса болот”
Максаты – “Ак-Өргө city” командасын чемпиондукка жеткирүү
Учурда БГУнун китепканасында 3-курс.

Азык Абдрахманов
Азык 2008-жылы көчөдөн бир эжени катуу күлдүрө коюп, “Тамашоуго” 6 жылга эркинен ажыратылган. Ал таарынса, бети кызарып кетет. Анткени калп эле таарына берет.
Үй-бүлөлүк абалы – Айзада жана СМС
Жаман көргөн жаныбары – Эмил
Максаты – Макс жана Айба
Учурда КМЮАнын 4-курсунун «тергөөчүсү».

ТУУЛГАН КҮНҮ – 5-ОКТЯБРЬ
Долбоордун “Ак-Өргө city” командасы 2008-жылы 5-октябрда жарык дүйнөгө келген. Дал ушул күнү топтун жигиттери Улуктун туулган күнүндө чогулуп калышкан. Команданын түзүлүшүнө капитан Эрмектин салымы зор.

КОМАНДАДА ЭМНЕГЕ КЫЗДАР ЖОК?
Бул суроого: “Биздин курамда кыздар жок деп ким айтты? Эмне, силер Азыкты эркек деп жүрөсүңөрбү?!”- деген жооп алдык.

ЖИГИТТЕР БАСА БЕЛГИЛЕШЕТ
Урматтуу достор! Буюрса, 3-сезондун ачылыш оюнунда биз 3 наамдын бирине илинебиз. Эгерде илине албай калсак, кийинки оюнга баарыбыз таз баш болуп чыгууга убада беребиз!

ТАМАШАЛАРЫНАН:
Кыздын 40 чачы 300 сом турат.
Өлөр эчки койчунун таягын жулуп качат.
Кызын көрүп, энесин ала качып кет.
Таш менен урганды “козлить” эт.
Эр жигитке 70 бөтөлкө аздык кылат.
Акылдууга – бир сөз, акылсызга – бир сокку.

СЫЙЛЫКТАРЫ

  • Экинчи сезондун ачылыш фестивалында (2009) “Эң мыкты тамаша” наамынын;
  • Биринчи жайкы фестивалда (2009) 3-орундун;
  • Жазгы музыкалык фестивалдын (2010) “Эң мыкты командасы”;
  • КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Мамлекеттик тилди өнүктүргөндүгү жөнүндө” дипломунун ээси.

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
alfia
2010-08-07 15:23:05
АЗАМАТСЫНАР***-ДЕП ТОМСК ШААРЫНАН ЖЕРДЕШИНЕР)))))
0
Wonderfullgirl
2010-08-07 19:43:16
Молодцы так держать
0
Azyk
2010-08-09 15:06:59
азамат жигиттер!!!
0
milli
2010-08-09 22:39:04
peshkomobil degeni jakshy eken
0
jiya
2010-08-12 21:45:31
Azamatsynar,iygilik vo vsem!!!
0
aminali
2010-11-16 16:45:26
Keremet ko4tu en sonun oilop tapkansinar,azamatsinar.
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан