«Миң кыялдан» «BBI SHOW»

Эфир дүйнөсүндө

Күн сайын кечки саат 5тен 7ге чейинки убакыт “Миң кыял FМ” радиосунун күйөрмандары үчүн майрам. Анткени ал мезгилде “BBI SHOW” уктуруусу башталат. Жаңылык, тамаша, кызыктуу оюндар, деги койчу, ар тарапты камтып, уккан адамды өзүнө тарткан бул берүү тууралуу маалымат алыңыз.

Албетте, сөздү “BBI SHOW” берүүсүнүн кожоюндарына узатканыбыз туура. Анда сөз кезеги Тынчтыкбек Кожобеков менен Замир Казакбаевде.
– Кана, мырзалар, куш келипсиңер. Алгач ушул берүүнүн пайдубалын курган Тынчтык, сөз кезегин сага берели.
– Биз бул берүүнү эфирге алып чыгуу үчүн көп издендик. Анан 2009-жылы 11-сентябрда “BBI SHOW” программабыздын тушоосун кестик. Алгач эфирден убакытын тактай албай бир топ кыйналдык. Эртең менен баштайлы десек, көпчүлүк радиолордо көңүл ачуучу берүүлөр таң атпай башталат. Анан кечки саат 5тен 7ге чейинки убакытты ылайык көрдүк.
– “BBI SHOW” деген сөздү чечмелеп берсеңер?
Замир: – “BBI SHOW” программасынын котормосу “Бишкек – биздин аймак” дегенди түшүндүрөт. Анткени мурда Бишкек шаарынын чөлкөмү менен гана чектелчүбүз. Декабрь айынан баштап Ош, Жалал-Абад, Баткенге да чыга баштадык. Андыктан жакында берүүнүн атын өзгөртөбүз. Ал үчүн азырынча угармандарыбыз сунуштаган аттарды кабыл алып жатабыз. Буюрса, жаңы ат, жаңы оюн-зоок менен угармандарды кубантарыбызга аз калды.
– “Маршрутка” деген рубрикаңар башка берүүлөрдөн айырмаланып тургансыйт...
Т.К.: – Негизи, “Маршрутка” рубрикабызда угармандар чалып, коомдук унааларда болгон окуялары менен бөлүшөт эмеспи. Кээ бир угармандар ушунчалык сөзмөр келишет. Башынан өткөн окуяларын тим эле берилүү менен сүрөттөшөт. Алардын сөзүн тыңдап отуруп, эфирге берилген убакытты да унутуп калабыз.
Мындан сырткары “Тарых барактары”, “Аралаш”, “Дасторкон”, “Гороскоп”, “Жаңылыктар”, “Тамашалаш” деген рубрикалар бар. “Тамашалаш” деген рубрикабыз өлкөбүздө болуп кеткен окуяларга байланыштуу “эс алууга” кеткен. Ии, баса, биздеги Мый-мый деген ди-джей кызыбызды ушул “Тамашалаш” деген рубрикабыздан улам таап алганбыз. Өзүнүн аты Жазгүл. Жазгүлгө телефон чалып, “актрисаларды кабыл алып жатабыз” деп ар кандай тапшырмаларды бердик. Аягында “мышыкча мыёлоп бер” десек, тим эле мышыктын өзү болуп туурап берсе болобу. Мына ошондо үнү, ачык-айрымдыгы жагып калып, жумушка чакырганбыз. Мый-мый деген лакап аты да ушул тамашадан улам коюлуп калган. Бизде эки сааттык берүүнүн 95 пайызы юмор.
– Экөөңөр кээде эфирден сөз талаша кетесиңер го. Бул да сценарий мененби?
Т.К.: – Биз Заке экөөбүз эфирге кирип бара жатканда бардык маселелерди, карыздарды унутуп калабыз да, эфирден чыкканда “Добро пожаловать, проблемалар, карыздар жашоосу” деп чыгабыз. Эфирге эс алганы киребиз десек жаңылышпайбыз. Бирок туура баамдадыңыз. Кээде эфирден экөөбүз чындап эле кыжыңдашып кетебиз. Заке менин арыктыгыма асылат, анан мен жөн калбай каяша жооп ыргытам. Акыры короздорчо чокулашып кетебиз.
– Ди-джей жигиттерге угарман кыздар ашыктык билдирүүлөрдү көп жазышат эмеспи. Силердин телефондоруңардын жаны тынбаса керек?
З.К.: – Бойдок болсок көп келмек болуш керек.
– Кыска жана нуска маегиңерге чоң рахмат.
угарманыбызды ыйлатып...
– Бир жолу Тынчтык экөөбүз Наргиза деген кызды тамашаламай болуп, телефон чалдык. Сценарий боюнча биз ал кыздын жигитин кармап алып, акча сурамакпыз. Башында Наргиза тоготпогондой сүйлөп жаткан. “Силерге эмне керек? Кимсиңер?”- деп. Анан биз да образга кирип кеттик окшойт. Бир маалда мен: “Алып кеткиле да, тынчытып салгыла!”,- деп кыйкырып калдым. Ал эми Тыке тим эле тыбырчылап, бирөө моюнуна бычак такагансып, чыйылдап алган. Ошондо Наргиза ыйлап жиберип жатпайбы. “Бул тамаша” дегиче телефонду “тарс” коюп салды. Бир топтон кийин кайра чалсак, кичине өзүнө келип калыптыр.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан