“Колу-бутум ооруп, жакшы кыймылдабай жатат” деп Москва облусундагы ооруканалардын бирине кайрылган пенсионердин башын компьютердик томографиядан текшергенде, анын мээсинин тең жарымы жок болуп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, пенсионер 60 жыл жарым мээси жок бойдон жашап, бул аралыкта жогорку билим алып, аскерде кызмат өтөп, үй-бүлө курган. Ушул жашка чыкканча организминдеги бул өзгөчөлүгү тууралуу анын кабары болгон эмес. Ал дарыгерлердин бул уникалдуу көрүнүштү иликтеп көрөлү деген сунушунан дароо баш тарткан. Кызыгы, пенсионер бир аз дарыланган соң мурунку калыбына келип, үйүнө чыгарылган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg