Американын Техас штатынын 57 жаштагы тургуну Мэк Фреддини өз иттери эч нерсесин калтырбай жеп салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматта Мэктин Винес шаарынын четиндеги ээн үйдө жалгыз жашагандыгы, 18 ити бар экени, туугандары айына 2 жолу тамак-ашын жеткирип берип турушкандыгы айтылат.
"Апрелден бери Мэк менен байланыша албай жатабыз. Кабанаак иттери үйгө киргизбейт” деп туугандары полицияга кабарлашкан. Мындан соң полиция кызматкерлери иттерди камап, үйдү, короону карап чыгышкан. Жыйынтыгында иттердин кыгынан Мэктин кийим, сөөк жана чачтарынын калдыктарын табышкан. ДНК анализи аркылуу алар Мэкке тиешелүү экени аныкталган. Ашынган агрессиясы үчүн анын 13 ити өлтүрүлгөн.
Дамира Арстанова
koom@super.kg