«БИЙ ПАДЫШАСЫ» КАЙ

«Кээде уялчаакмын, кээде менден өткөн тентек адам жок. Бирок көпчүлүк айткандай жоош эмесмин. Кино көргөндү жактырам, Дио экөөбүз ортобузга попкорнду коюп алып кино, футбол көрчүбүз. Эми ал аскерге кетти. Жаракаты жок, аман-эсен кайтып келишин тилейм...» Мындай оюн «ЕХО» тобунун ырчысы, бийчиси Кай айтат. Сахнада так секирип бийлеп, ырдап, жылмаюусу менен кыздардын жүрөгүн «өрттөгөн» Кай тууралуу кызыктарга орун беребиз.

Аты-жөнү
– Ким Чонин

Сахнадагы лакап аты – Кай

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы – 1994-жыл, 14-январь

Бою – 182 сантиметр

Үй-бүлөдө – 3 бир тууган, эки эжеси бар

Жашоодогу урааны – «Мен ийилем, бирок сынбайм...»

Күйөрмандык кылган футбол командасы – «Челси»

Жактырган футболчусу – Фернандо Торрес

«ЕХО» тобунун солисти, рэпер, бийчи, модель, актёр

Лейбл – SM Entertainment

Тартылган дорамалары – «Чуркап бараткан адам», «Менин кошуналарым – «ЕХО», «Шоколад банкы», «Биринчи жолку 7 өбүшүү», «Анданте», «Биз көргөн сыйкыр» жана башка

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА «ЩЕЛКУНЧИК» АЛЫП КЕЛГЕН

Ким Чонин үлгүлүү үй-бүлөдө чоңойгон. Ата-энеси 2 кыз, бир уулунун бардык кем-карчын камсыздап, бактылуу балалык түзүп берүүгө болгон күчүн жумшашкан. Мектепке чейинки куракта Чонинди таэквондо, пианино ийримдерине беришет. Бир-эки жолу баргандан кийин бала ал ийримдерден баш тарткан. Маданий иш-чараларга чогуу барганды жактырган үй-бүлө бир жолу «Щелкунчик» балетине барышат. Балеттен катуу таасирленген Чонин балет бийчиси болууну чечет. Ал балет бийинен сабак ала баштаганда 8 жашта болчу. Атасы баласынын бийлегенин видеого тартып алып, SM агенттигине жиберет. Бирок агенттиктен «балаңыз алынды» деген жооп келген эмес.

Ким Чонин чоңойгон сайын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу арта берген. Аны бийчиликтен ырчылыкка азгырган «Shinhwa» тобу болгон. Топтун ырларына, бийлерине кызыккан 13 жаштагы өспүрүм SM агенттиги уюштурган сынакка катышып, бийчи катары агенттикке кабыл алынат. Агенттикте тажрыйба топтогон 5 жыл аралыгында ал вокал жагын да жана бийдин поппинг, локинг тармагын да өнүктүргөн.

АКТЁРЛУК ДЕБЮТУН 18 ЖАШЫНДА БАШТАГАН

Кыргыз жергесинде ырчылар киного тартылып жатышкандай эле, Түштүк Кореяда да ырчылар актёрлук кесипке аралашкан учурлар көп. Бирок алар бул кесипке бир топ олуттуу мамиле кылып, актёрдук чеберчилигин өнүктүрүү үчүн окуп, эмгектенип, тажрыйба топтошот. Биз жогоруда сөз кылып жаткан Кай актёрлук дебютун 18 жашында, 2012-жылы «Сендей керемет үчүн» дорамасына тартылуу менен баштаган. Анын артынан бир канча сериалдарга тартылып келе жатат. Бир гана Кореянын эмес, Япониянын да сериалдарына чакыруу алган Кайды 2018-жылы чыккан япондордун «Жаз келди» сериалынан да көрсөңүз болот.

«ЕХО’ну» ДОНАЛЬД ТРАМП КОНОККО ЧАКЫРДЫ
2011-жылдын 22-декабрында Кай каймана атын алган Ким Чонин «ЕХО» тобунун алгачкы мүчөсү катары көпчүлүккө тааныштырылган. Учурда «ЕХО» дүйнө жүзүнө канчалык популярдуу болсо, буга Кайдын да кошкон салымы чоң. «Кийин карыганда топтогу балдардын баары жакшы ырдай албай, бийлей албай каларбыз. Бирок эл мени «ушул «ЕХО» тобунун мүчөсү болчу» деп эстеп калышын каалайм. Өмүрүмдүн жарымы топтогу балдардын жанында өттү. Алар менин үй-бүлөм болуп калышты»,- дейт Кай.

Топтун популярдуулугун дагы бир жолу эске салсак, ушул жылдын июнь айынын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореяга болгон иш сапарында «ЕХО» менен жолугушууну суранган. Атайын кечеге «ЕХО» тобунун жигиттери да чакырылып, Дональд Трамп жана анын кызы Иванка Трамп менен жолугушту. Балдары топтун күйөрмандары экенин айткан АКШ президентине жана анын кызына «ЕХО» акыркы альбомун тартуулашты. Трамп топтун мүчөлөрүн АКШга келгенде конокко келишсе, балдары абдан кубанарын айтты. Кимди эле АКШнын президенти конокко чакырып жатыптыр, ээ?

«ЕХО’нун» ЖИГИТТЕРИ КАЙ ЖӨНҮНДӨ...

«EXO» тобун, анын ичинде Кайды сахнада көргөнүбүз менен, анын сахна артындагы жашоодо кандай адам экенин бир гана чогуу жашаган балдар айтып бере алышса керек. Кайды мүнөздөп бергиле дегенде эле топтун балдары анын уйкучу экенин айтышат. Көп сүйлөбөгөн, шаан-шөкөттү жактырбаган жигит. Бирок шайыр адамдарды жактырат. Канчалык ызы-чуу болсо да уктап жаткан Кай «тооктун эти келди» дегенде ыргып турат. «Кариб деңизинин каракчылары» тасмасын көргөндөн тажабайт. Ал эми сүйүктүү ырчысы – Майкл Жексон. Топтун балдары менен чогуу мюзиклга тартылсак деген кыялы бар. Таттууну жакшы көрөт, күнүнө жок дегенде бир шоколад жеп турушу керек. «Бий кыймылдарын жаттагандан майнап чыкпайт. Бийлегенден ырахат алганда гана көркөмдүк келип чыгат. Бийледиң, ырахат алган жоксуңбу? Кайра баарын башынан башта» деген Кайды топтун жигиттери «бийдин падышасы» дешет.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Ким Чонин үй-бүлөсүн коомчулукка жарыялаганды жактырбайт. Бирок анын ар бир кадамын аңдыган күйөрмандар, папараццилер үй-бүлөсү менен жолугуп, эс алып жүргөн учурларын камерага тартып алышат. Кызыгы, көпчүлүк кадрларда Кайдын үй-бүлө мүчөлөрүнө камкордук кылып жаткан мезгили чыгат. Апасынын колун жылытып, эжелерин колтуктап, кичинекей жээнин көтөрүп эркелетип, тарелкаларга тамак бөлүштүрүп берип жаткан учурлар көп. Мындан улам Кайды боорукер, адамгерчиликтүү деп баалагандар четтен чыгат.

Ал эми өзүнө келсек, 2016-2017-жылдары ырчы, актриса Чон Кристал, кийин 2018-жылы «BLACKPINK» тобунун ырчысы Женни менен кыз-жигит мамиледе болгон деген маалыматтар бар.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан