КЫРГЫЗ КАСКАДЁРЛОРУ ГОЛЛИВУДДА "МУЛАН" ТАСМАСЫНА ТАРТЫЛЫШТЫ

Кыргыз кино тарыхында чоң жаңылык болду десек болот. “Walt Disney Pictures” студиясынын эң чоң бюджет (болжол менен 300 миллион доллар) коротулган тасмасы “Муланга” кыргыз жигиттери тартылып келишти.

КЫЗ ЭКЕНИН ЖАШЫРГАН МУЛАН

Мулан – кытайлардын легендасына айланган жоокер кыз. Анын тарыхта болгону же ойлонуп табылган кейипкер экени ушул күнгө чейин талаш. Кантсе да эр жүрөк кыздын баяны дүйнө жүзүндө кичинекейлердин сүйүктүү каарманына айланган. Жоокердин жалгыз кызы болуп чоңойгон Хуа Мулан оорукчан атасынын ордуна согушка жөнөп кетет. Ошол учурларда кытайлар көчмөн уруулар менен тез-тез согушуп турушкан. Ошол кездеги аскер тартибине ылайык, аскерлердин арасында аялзаты бар болсо башы алынат деген мыйзам бар эле. Кыз экенин жашырып, өзүн жоокер жигиттей алып жүргөн Хуа Мулан согуш талаасында болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтөт. Аскердик тактикасы менен оозго алынып, генералдык чинге жетет. Тасманын акырында душмандарды жеңип, атасына медаль менен кайтат.

Мулан алгачкы жолу 1998-жылы мультфильм катары “Walt Disney Pictures” компаниясы тарабынан тартылган. Арадан 20 жылдан ашуун убакыт өткөн соң мультфильм тасмага айланып, көрүүчүлөрдү күттүргөн эң чоң премьера 2020-жылы 27-мартта болгону турат. Аталган тасманын режиссёрлук тизгинин Ники Каро башкарса, Муландын ролуна Лю Ифэй аттуу кытай актрисасы тандалды. Ал эми кытай императорунун ролун Жет Ли аткармакчы.

КАСКАДЁР ЭРЛАН ЖАНЫШБЕК УУЛУ: «ЭҢ ТАТААЛ ТРЮКТАРДЫ БИЗ ОЙНОДУК»

Кыргыз жеринен Голливудга барып, "Муланга" тартылып келген жигиттердин бири Эрлан Жанышбек уулу жашоосундагы эң чоң долбоорго кандайча катышып калганын айтып, кесибинин сырлары менен бөлүштү.

– Эрлан, «Мулан» тасмасына кандайча тандалып калдыңар?

–Кыргыз өлкөсүнөн төрт адам бардык. Мурат Бурханов, Дамир Ашимов, Нургазы Бердали уулу жана мен. Биз Жайдарбек Кунжигинов негиздеген “Nomad Stunts” эл аралык каскадёрлор командасынын мүчөсүбүз. Ал жерде түрдүү улуттан келген 100гө жакын адам бар. “Мулан” тасмасы тартыларын жана бизге чакыруу келгенин билгенбиз. Бирок ким барат экени белгисиз болчу. “Көк бөрү” тасмасы аяктап калганда мен бара турганымды уктум. Катуу сүйүнгөм, бирок долбоор орто жерде калабы, чын эле биз барабызбы деген да кооптонуулар болду. Бирок 13 адам Голливуд тасмасына тартылдык, анын ичинен төрт каскадёр Кыргыз жеринен бардык. Бара турганыбыз билингенден кийин виза ачылды, учуп кеттик. Тасма Жаңы Зеландияда тартылды. Баргандан кийин үч жумадай аттар менен машыгып жаттык, андан кийин тартуу иштери башталды. Үч ай тартылдык. Буюрса, мекенибизди жакшы жактан көрсөтүп келдик. Ал жерге барганда бизди казак же кыргыз деп тааныбайт экен. Жалпы эле монголдор деп коюшту, алгач чычалап “мен кыргыз, мен казак” деп талашып жүрдүк. Тажаганда тим койдук. Бирок бардык жерде Кыргыз желегин желбиретип, болушунча улутубузду таанытканга аракет кылдык.

– Кандай трюктарды аткардыңар?

– Ал тасмага Кытайдан, Монголиядан, Жаңы Зеландиядан каскадёрлор катышты. Бирок эң татаал трюктарды биз ойнодук. Ат үстүндө чаап бара жатып тик турмай, жаа атмай, кылычташуу деген нерселерди биз кылдык. Тартылуу бүтүп жатканда биздин команданы режиссёр өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдирди.

– Дублёр катары да ойнодуңарбы?

– Жок, биз бул жолу каскадёрлук гана кылдык.

– Оор трюктарды аткарып жатканда коркуу болобу?

– Болот, бул нормалдуу көрүнүш. Ошону дүрбөлөңгө түшпөй баса билиш керек. Режиссёр, мисалы, “камера бул жакта, ушул жерге келгенде жыгыласың” дейт. Айтылган нерсени так, коопсуз аткаруу керек. Акыл менен аткарбасаң жаракат алышың мүмкүн. Менин, мисалы, мээм чайкалган, манжаларым чыгып кетип ордуна келген, кабыргам сынган. Кесип үчүн кадимки эле көрүнүш. Эч качан жүзүбүз экрандан көрүнбөйт, жумушубуз артта калат.

– Кайсы Голливуд актёрлору менен кезиктиң?

– Жейсон Скот Лини, Донни Йенди көрдүк, Жет Ли Кытайда тартыла турган учурларына тартыла тургандыктан, аны көргөн жокпуз. Башкы каарман менен сүрөткө түштүк. Лю Ифэй өтө жөнөкөй кыз экен. Кете турган учурубузда чоң чогулуш болду, ошол жерден сүйлөп жатып толкунданып ыйлап да жиберди. Голливуддун иш системи өзгөчө экен. Керектүү адамды жердин түбүнөн болсо да таап чыгышканы жакты. Андан да тарта турган топ аябай көп кишиден турат экен. Мага эки кыз бөлүп беришкен, бири кийимимди карап, экинчиси грим жасап жүрдү. Техникасын эми айтып болбойт. Укмуш!

– Тилден кыйналган жоксуңарбы?

– Мен англис тилин бир аз билем. Тартуу маалында котормочуну таппай калып жатканда, кээде оңой сөздөрдү которо калып жаттым.

– Бул кесипке кандайча келип калдың?

– Айылда жүргөндө кичине кезимде атам эртең менен чуркатчу эле. Кийин акробатиканын кыймылдарын жасап өз алдымча машыга берчүмүн. Таякем ошол учурда Ош шаарына барып калып, менин жөндөмүмдү көрүп, “бул баланы мага бергиле” деп сурап келип, борборго спорт мектепке акробатика жагына беришкен. Ал жакта 7 жыл окудум. Андан кийин таэквондо, ушу, бокс менен машыктым, акыркы жылдары трикинг менен машыгып жүрөм. Ага жогорудагы согуш түрлөрүнүн элементтеринин баары кошулат.

– Ийгиликтерди жарата бергиле.

 

 

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз каскадёрлору атактуу Жет Ли менен бир тасмада
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
demo009
2019-07-22 12:38:23
Мен үчүн сыймык.
+10
balzak
2019-07-22 15:06:48
баракелде, азаматсынар, чын эле Кыргызстан үчүн сыймык!!
+9
good-girl
2019-07-22 17:22:55
Баракелди сонун ийгилик.
+7
Eli.91
2019-07-23 13:56:55
Кыргызстанды жакшы жагыбыз менен дуйного тааныта бергиле азаматтар ийгилик.
+4
Klaridze
2019-07-24 00:37:25
Азаматсынар каскадерлор
+2
Gulzina1993
2019-07-24 14:58:08
Мен тартылгандай толкунданып окудум, сонун жанылык кутобуз тасманы.
+3
Ajara_13
2019-07-25 03:05:52
Оо ийгилик
+2
JENTLEMAN
2019-07-25 03:27:04
Баракелде, ХХХХХ ала барып атка сүйрөп ойносоңор болмок экен.
-2
Tazah
2019-07-28 20:35:15
Азаматсынар жигиттер
0
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан