КАЛП АЙТУУ ЭМНЕ ҮЧҮН ЗЫЯН?

Илгери бир Тургунбай деген калпычы киши болуптур. Ал калп айтканды өнөр кылып алат. Калп айтмайын тура албайт. Бир күнү түн ортосунда эл кызуу уйкуда жатса, сыртка чыгып үнүнүн бардыгынча:

– Малга карышкыр тийди! Эл-журт, жардамга!- деп кыйкырат.

Элдин баары ойгонуп, туш-туштан жабалактап келишет. Карашса, бардыгы тынч, эч кандай карышкыр келбептир. Тургунбай элди алдаганына моокуму канып, боорун тырмап каткырып жаткан болот. Алданган эл Тургунбайдын бул кылыгына жиндери келип, аны “акмак, келесоо” деп тилдешип, үйлөрүнө кайтышат. Күндөрдүн биринде Тургунбай дагы түн ортосунда туруп алып азан-казан түшүп:

– Ой, эл-журт, сактангыла, тоодон сел каптап келе жатат. Өлдүк!- деп кыйкырат.

Үрөйлөрү учкан эл бала-чакасын жетелеп сыртка чуркап чыгышса, баары тынч. Эч кандай селдин агып келе жатканы билинбейт. Тургунбай болсо калп айтканына маашырланып каткырып ыкшып күлүп жатыптыр. Бул жорукка ызаланган эл аны чогулуп урмак болушат. Ошондо аксакалдар арачалап:

– Акмакты жөн койгула. Бир күнү калпынын азабын тартат,- дешип тарап кетишет.

Арадан көп күн өтөт. Түн ичинде Тургунбайдын үйү өрттөнөт. Эптеп сыртка качып чыгышат. Тургунбай жан-алы калбай:

– Ой, эл-журт, жардам бергиле! Үйүм өрттөнүп жатат. Өлүп кетейин, чын эле чатырап күйүп жатат!- деп ары-бери чуркап айласы кетип элди чакырат.

– Баягы көп калпынын бири да,- деп эч ким үйүнөн чыкпай коёт. Эртеси туруп карашса, чын эле үйү өрттөнүп, дубалы гана калыптыр. Тургунбайдын үй-бүлөсү ыйлап отурушат. Эл чогулуп аларга жардам берип, өрттөнгөн үйүн оңдоп беришет. Ошондон кийин Тургунбай эч качан калп айтпас болуптур.


(Аягы)


Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан