Инстаграмдын жылдызы, клиптери интернетке жүктөлөрү менен 10, 20, 40 миллиондоп көрүлгөн ырчы, телеалпаруучу, Орусиянын атактуу “блондинкаларынын” бири Ольга Бузова биринчи жолу Бишкекке келип, лаунж-барда концерт берип кетти. Ошол концертке биз да күбө болдук. Көргөн-билгендерибизди сизге да баяндап берели.
КҮТТҮРҮП КҮЙӨРМАНДАРДЫН ЧЫДАМЫН КЕТИРДИ
Алгач, Бузова Бишкекке келет деген жарнамалар интернет бетин каптады. Ал келген 19-июль күнү, ал кеткенден кийинки бир канча күн эл чогулган жерде Бузова талкуудан түшпөдү. 19-июлдун таңында «Манас» аэропортуна түшкөн ырчы мейманканага келе жатып жолдон Кыргызстандын жаратылышынын сулуулугуна суктанды. Ал таң атып келаткандагы көз ирмемдерди кармап калып, сүрөткө түшүп, Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү. Постто «Кутман таң, Бишкек! Саат таңкы жети болгону калды. Мейманканага бараткан жолдо мен укмуштуудай таңдын атышына күбө болдум. Айланада тоолор, таза аба, кандай гана жаратылышыңар бар!» деп жазды.
Кызыктым. Бузованын өзүнө, анын концертинин жүрүшүнө, көпчүлүктүн кыжырына тийгенди жакшы өздөштүрүп алган жаш ырчынын концертине барчу адамдарга кызыктым. Бул күнү ырчы Бишкектеги "Oblako53" аталышындагы лаунж-бардын ачылышына конок катары чакырылган. Ачылыш аземге кирүү акысы 1500 сом болду. Баннерлерде Бузова катышкан иш-чара кечки саат 20:00дө башталат деп жазылып турган. Башкалар да мен сыяктуу эле ырчы саат 20:00дө чыга калып ырдай калат деп ойлосо керек. Жок, ал күйөрмандарын көпкө күттүрдү. Көптөр "таланты жок" деп сындаган ырчынын күйөрмандарын мен ушул жерден көрдүм. Таң калдым. Көп концерттерге барбай, билбей калышым мүмкүн. Бирок мен ырчыга берилип, ушунчалык сүйүүсүн арнаган, сахнага жулунуп кол сунуп, аны чыдамсыздык менен күтүп, көрүүгө ашыккан күйөрмандарды кыргыз ырчылары Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Темир Назаровдор жылдыз болуп турган кезде кезиктиргем. Андан бери мынчалык фанаттарга кезиге элек болчумун. Анын үстүнө ар кандай шоу программаларда шылдыңга айланган Бузованы көрүүгө ашыккандар аз болсо керек деп ойлогом. Жаңылыптырмын. Кызыгы, атактуу «блондинканын» Бишкектеги күйөрмандарынын дээрлик көпчүлүгү айымдар экен. Бузова сахнага чыкканча чыдамы кетип, улам анын чыгышын алып баруучудан суранып жаткан кыздар. Мырзалардын көпчүлүгү жанындагы кыздардын көңүлү үчүн эле келгендей. А балким, так ошол жанындагы кыздар үчүн атайылап кайдыгер көрүнүштү...
АР БИР ЫРЫН ЖАТКА БИЛГЕН, КЫЙКЫРЫП-ӨКҮРҮП КОЛДОГОН ФАНАТТАР
Мындай колдоону көргөн ырчы да сахнада өзүн 100 пайыз ишенимдүү алып жүрдү. Даярдыгына сын айта албайм. Бизде айрым учурда ырчылар көчөдөн өтүп баратып эле Спорт сарайына кайрылып, концерт берип койгондой сезим калтырышат. Бузованын эки бийчиси менен синхрондуу бийлегени, тердеп-кургап ырдаганы анын көрүүчүлөрүн, күйөрмандарын сыйлай турганынан кабар берди. Сахнада өзүн эркин алып жүрүп, угармандарынын сүйүүсүнө ал да кайра жылуу сөздөр менен жооп берип жатканы жагымдуу болду. "Үнү жакшы, таланттуу ырчы" деп кесипкөйлүк жагынан бул ырчыга баа бергендерди кезиктире элекмин. Бирок анын аракети ушундай күйөрмандары менен бааланып жаткан өңдүү. Бир саат сахнада күйөрмандары менен чогуу «Водица», «Мало половин», «Wi Fi», «Танцуй под Бузову», «Привыкаю» жана башка ырларын ырдады. Чындыгында, Бузованын мынчалык көп ыры бар экени мага жаңылык болду.
Концерт аяктады. Бузова Бишкекке кийин да жеке концерт менен келерин убадалады. Уюштуруучулар сахнадан ырчыга белектерди берип, үстүнө кыргыз кемселин жабышты.
Ырчы кийин Инстаграм баракчасына Айзада аттуу кыздан келген открытканын сүрөтүн бөлүштү. Ал кыз ырчыга көйнөк тигип белекке бериптир. Бузованы көргөнүнө бактылуу болгон кыздардын постторун окудум. Пай-пай..«ЧАПАН МЕНЕН КАЛПАК БУЗОВАГА ЭМЕС, ПРОДЮСЕРИНЕ БЕРИЛГЕН»
Иш-чарадан кийин эле Ольга Бузова Орусияга, Санкт-Петербург шаарында өтчү концертке учуп кетти. Анын Бишкектин мейманканасынан башка жерлерин көрүүгө убактысы болгон жок.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg