Улуу британиялык актёр Мэтью Филипс жөргөмүштүн айынан бир бутун кестириши мүмкүн. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда. Мэтью Филипс Лас-Вегаска барып келгенден кийин оң бутунун таманынан кызыл такты байкаган.
Ооруканага барган Филипстин бутундагы так жарага айланып, некроз болуп кеткен. Дарыгерлер анын бутун уулуу күрөң жөргөмүш чагып алганын божомолдошкон. Филипс Лас-Вегаста мейманканадан жана учакта отурган 2 учурда бут кийимин чечкенин айтат.
Дарыгерлер Филипске операция жасап, өлүү ткандарды алып ташташкан. Оору толук айыкты деп айтууга эрте, эгерде жаракат болгон жерге инфекция кирип кетсе, 44 жашар актёрдун бир буту толук кесилиши ыктымал.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg