Индонезияда семиздик менен жабыркаган 50 полиция кызматкери арыктоо программасынан өтүү үчүн лагерге жиберилишти. Бул тууралуу Индонезиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Лагерде квалификациясы жогору диетологдор, фитнес-инструкторлор жана медицина кызматкерлери иш алып барышат. "Программага ашыкча майлардан арылуу үчүн чуркоо, сууда сүзүү, аэробика сыяктуу машыгуулар камтылган. Мындан тышкары алар менен психологдор да иш алып барышат. Антпесе кызматкерлердин салмагы кылмыштуулук менен күрөшүүгө жолтоо болуп жатат",- деп билдирген жетекчилик.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg