«СЕНСИЗ ЭМИ КАНТИП ЖАШАЙМ?»

Мындан 5 жыл мурун мектепти жаңы бүтүп жаткан тентек, кежир кыз болсом да, алдыга койгон максаттарым, кадамдарым олуттуу, чечкиндүү эле. Окуучу кездеги баёолук, эч нерседен капарсыз бактылуу балалыкты сагынам. Ошол бойдон эле бул Москвага келбей калсам эмне?.. Сени жолуктурбасам, сени мынчалык сүйбөсөм эмне?.. Жан дүйнөмдүн кыйкырыгы жүрөгүмдү өрттөп жиберчүдөй жулкунтуп, ойлорумду алыска сапырып, өзүмдү болсо чарчатып отурган чагы.

Мектепти бүткөн соң журналистика факультетине тапшырып, өз кесибин мыкты билген журналист болом деген кыялым бар эле. Ошентип мектепти бүткөн соң Нурзат Токтосунованын “Нур” академиясына тапшырып, өттүм. Кубанычымда чек жок. Бирок ошол күндөрдө атам Москвадагы университеттердин бирине кабыл алуу жүрүп жатканын айтып, ошол жакка экзамен тапшырып көрүүмдү сунуштады. Каалаган жокмун, бирок атамдын көңүлү үчүн барып тапшырдым. Өттүм. Атам аябай сүйүндү. Чоң үмүт, “билим алып Кыргызстанга келип ийгиликке, чоң бакытка жетем, атам сүйүнөт” деген аруу тилек менен сапар алдым. Башкалар, балким, Москвага окууга өтсө өзгөчө сүйүнмөк, барар күнүн өзгөчө күтмөк. Бирок менде андай болгон жок. Атамдын көңүлүн кыя албай ушул окууда окумак болдум. Балким, жүрөгүмдүн түпкүрүндө азыркы азап-кайгымдын учкунун сезип жаткандырмын.

Мага сүрдүү көрүнгөн аэропорттон атамдын “келечекке койгон даңгыр жолуң байсалдуу болсун, кызым” дегени, апамдын ыйлап-сыктап “тамагыңды калтырбай ич, жылуу жүр” деген камкордуктары, бир тууган агаларымдын “сага ишенебиз” деген жакшы тилектери менен кең Москвага учуп кеттим.

Алгачкы күндөрүм Москва шаарына кызыгуу, шаар кыдырып, заңгыраган имараттарынын алдында сүрөткө түшүү, жаңы адамдар менен таанышуу, дос күтүү менен кызыктуу өтүп жатты. Университетте ар кандай сынактарга, иш-чараларга катышып жүрүп Чет элдик студенттердин ассоциациясына кошулуп иштеп калдым. Ал жактан ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү менен таанышып, бир столдон чай ичип, эң жакын достордон болуп калдык. Арабызда Алинур аттуу кыргыз жигит бар эле, экөөбүз тең кыргыз болгонубуз үчүнбү, мага дайыма каралашып, жардам берип жүрчү. Анын камкордугу жакындаттыбы, же кандай болду билбейм, экөөбүздүн ортобузда сезим пайда болду. Жетелешип басып, экөөбүз көп бактылуу көз ирмемдерди бирге өткөрдүк.

Сени менен убакыт өткөрүү абдан кызыктуу эле. Сен табышмактуу, кызыктуу элең. Күнүмдү күлкүгө бөлөп, таң эртеден маанайымды көтөрө билчүсүң. Уйкудан араң көзүмдү ачып сенден келген СМС-билдирүүнү окучумун. Кечинде да сенден келген жагымдуу билдирүүнү окуп мемиреп уйкуга кетчүмүн. Жашоомдо жакшылык болсо, кызыктуу бир нерсе көрсөм биринчи сага айтып, сени менен бөлүшүп, жашоомдогу эң маанилүү адам болуп бараттың. Жадакалса жасаган тамагымдан да салып барып сага ооз тийгизем. Сенин ар бир сөзүң, мамилең дале болсо жүрөгүмдө сакталып, сагыныч жүрөгүмдү куйкалайт. Арга таппайм. Бир жолу мындай дедиң:

– Жөжө, диплом алсаң анан колуңду сурап барам. Экөөбүз бактылуу болобуз.

Ооба, мени жөжө деп эркелетчүсүң. Мен уялганымдан кулагыма чейин кызарып, унчуккан эмесмин.

Ошондой күндөрдүн биринде Кыргызстанга кетериңди айттың. Менде алдыда дагы 2 жылдык окуум бар. Сенсиз кантип жүрөр экем?.. Ушул ойлор менен алышып жүрүп, сенин Кыргызстанга кете турган күнүң келгенин да байкабай калыптырмын. Бир күнү таң эрте чалып:

– Кутман таң, жөжө! Бүгүнкүгө эмне пландарың бар?- дедиң.

– Экзаменге даярданып жатам, бүгүн акыркы экзаменим да.

– Ийгилик, жөжө, жакшы тапшырып ал! Мен жолго даярданып жатам...

– Алинур, кетпей эле койчу...

– Жөжө, экөөбүз Бишкектен жолугабыз. Мен азыр барышым керек.

– Негедир жүрөгүм опколжуп, коркуп жатам...

– Коркпо, баары жакшы болот. Андан көрө экзаменге жакшы даярдан, “5ке” тапшырбасаң, мен таарынып калам.

– Макул...

Ошентип сен Кыргызстанга учуп кеттиң. Аэропорттон коё бергим келбей, көпкө сызылып турдум. Ошондо сени менен акыркы жолу сүйлөшүп, акыркы жолу көрүшүп жатканымды билсем кана?! Ошондо чогуу кетели деп көшөрүп кетирбей койсом эмне? Балким, азыр үнүңдү угуп, сенин кучагыңда ысык демиңди сезип бактылуу болмоктурмун... Таттуу кыялдарыбызга, сагынып жүргөн апакеңе жеткирбей, кырсык тооруду. Ысык-Көлгө баратып Боомдон аварияга учурап, ошончо адамдын арасынан жалгыз сени ажал алып кетти...

Сага таарынам, мени эмнеге кең Москвага, бул ааламга жалгыз таштап кете бердиң? Жөжөң кантип жашоо кечирерин ойлодуңбу? Бактылуу үй-бүлө боло албай калдык. Таттуу кыялдарыбыз талкаланды. Сен кеткен күндөн бери кең Москва тарыды, кулагым керең, көзүм көр сыяктанып адамдар көзүмө көрүнбөй калды. Окуум мына быйыл акыркы жыл. Жашоонун кызыгы жок, эптеп күн өткөрүп жашап жүрөм.

Апаң менен сүйлөшүп турам, абдан жакшы адам. Аны менен сүйлөшкөн сайын жүрөгүм канап, анын оор үшкүрүгүнөн тумчугуп кетем. Дипломумду колго алган соң эмне кыларымды, каякка барарымды деле билбейм. Бир билгеним, мен сени сүйүп жашайм.


Сени түбөлүк сүйгөн жөжөң

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Merelisha
2019-07-29 12:20:31
Окунучтуу,
+6
-Kuzya9613
2019-07-29 17:29:57
Эхх...Журонум ооруп кетти
+3
Nestana95
2019-07-29 17:45:52
Окуп бир окуя эсиме келди(((Биздин айылдык,кошуна байке,,суйлошкон кызы да оз айылыбыздан, суктанаарлык тугойлор)))7жыл суйлошуу(мектеп курагынан баштап)мына куздо уйлонобуз деп атканда,жолдон авария болуп каза болду,машинада 4киши,бирок ажал ошол байкеге келген экен((((бутундой айыл кайгырдык,Бишкектен окуган жеринен мугалимдери, группалаштары бут келди(((((((кыздын ошондогу абалы,,келин бодуп келчу уйго,кара кийинип коштошууга келди,
+7
pero5184
2019-08-01 00:05:17
Аттиңай , шайтан шаштырган экен да
+3
MEERIM3
2019-08-01 23:08:46
Сабыр берсин, аябай окунучтуу, эч кимге мындай оор сыноо башына түшпөсүн, :(
+3
Asking-
2019-08-02 22:50:56
Чырпык дагы кудайдын буйругу менен сынат экен. Бул тагдырдын буйругу экен силерге.
+1
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан