АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Үй ээсинин марттыгы кармаса, токойчунун алдына чоң табак менен тамак тартат. А бул аны алеки заматта жеп түгөтөт. Анан үй ээсинин жанына келип, жонунан сылап коюп калган жамаатты күтүп отурбай, өз билген жолуна түшөт. Эгер казан-табак кармагандардын ак көңүлү кармаса, ашкан тамак-аштан салып берет, болбосо, жалдырабай ары бар дегенсип кууп ийишет.
Отунчу кыздын алып келген отундары – куураган карагай, арча, шилби, тал, долоно, жапайы алма, жаңгак, өрүк, терек дагы-дагы башкалар. Ошолорду таңып көтөрүп келет да, токойчунун короо четине таштап, чакмак ташты чагып отунга от коёт. Ал бир топ күйгөндөн кийин арыктагы шалдырап аккан суудан жыгач челектер менен ташып келип, отко чачып өчүрөт. Отунчу далай суу куйгандан соң гана жалбырттаган жалын аста тартылып, от бир кыйла быкшыйт. Анан акырын бир четинен карарып күйүктөрү чыгып, көмүр болуп калат. Ал арада ыш каптай бергенден улам отунчунун өңү көмүрдөй карарат. Тоң алма жей бергенден кашкая түшкөн тиштери агарып, ырсаят. Бул өчүрүлгөн көмүрлөр адам боюндай кар жааган кышта табылгыс отун. Мунун баары токой ээсиники, ал эми отунчу болсо, кара курсактын айынан гана ошол кишиге иштеп берет. Жаткан, тамак ичкен, жасана турган жайы да ошол отундардын арасында тигилген боз алачык. Кышта гана токой ээсинин мал сарайынын бурчундагы чакан бөлмөгө баш калкалайт. Катуу үшүгөндө өзү ташып келген отундан жагып, жылынып алат.
Кийген кийими токой ээсинен арткан чапан-чупан, чокой, малакай. Сөгүнгөнү да, ойногону да эркек балдарча. Бул жерге мунун качан, кандайча келип калганын жана анын ата-энесинин бары-жогу менен эч кимдин иши жок.
Сууга түшкөндү жактыргандыктан күн жылыгандан тартып, кечинде шаркыратма жакка жөнөп калат. Суу тээ жогортодон аска таштарга жабышып, жылмышып, сүттөй агарып чачырап, күч менен жерге урунат. Шаркыратма түшкөн жер көлмөгө айланып калган. Терең жери адамды көмөт. Ошол көлмөгө түшүп алат. Мупмуздак сууга киринип атса, айылдын эркек таналары тамаша кылып, шылдыңдап калышат. Отунчунун шылдың менен иши барбы, кулачын кенен жайып ары сүзөт, бери сүзөт. Кайдан билет ким билсин, айтор, башын, денесин дайым бир түрлүү чөп менен жууйт. Ошондонбу, акыры чачы калың, кайраттуу. Биттебейт дагы. Анан дагы суу ичиндеги килтейген балыктарды тутуп, өзүн арыда аңдып тургандарды көздөй ыргытат. Балдар балыктардан бокочо көргөндөй качса, өмүрү балык жеп көрбөгөн чоңдор андан жийиркене мурдун чүйрүй оолак кетишет. Ошентип, отунчунун сууга түшкөн күнү айылдагы адамдар үчүн өзүнчө эле кызык, тамаша.
Бүгүн да отунчу ошентип сууга түшүп келаткан. Караса, кишилер токой кожоюнунун айтылуу бай түп жаңгагынын түбүндө топтолуп алышыптыр. Ошол жакка карап басты. Баягы күндөрү отунга жибербей, токой ээси отунчуга ошол жерди он күн каздырган. Анда отунчу эмне үчүн казып жатканын ойлогон да, түшүнгөн да, сураган да эмес. Муну менен анын иши канчалык?! Казып бүткөн соң ээсинин көрсөтмөсү менен үстүн билгизбей чырпык менен жаап, үстүнө жука топурак таштап, жер менен жер кылып койгон.
Отунчу жабалактап, жарданып тургандардын жанына барса, баягы өзү казган ор ичинде бирөө онтогонсуп, чапчыланып, озондогонсуйт. “Орого түшүп калган бул эмне жандык болду экен?” деп жакшылап караса, анысы апсыйган неме экен. Орду айланып-тегеренип, буту менен жерди тепкилеп, жаны жай албайт. Бир караса, адамга окшоп кетет, бирок денесин түк баскан. Отунчу аюуларды жакшы билет. Отунга чыккан сайын токой ичинен, тоолор арасынан аларды көп эле көрөт. Бири-бирин карашып өтө берет. Аюулар негедир буга эч тийбейт. А түгүл бир жолу озондоп жаткан аюунун баласын капкандан чыгарган жайы бар. Отунга баратса, бала ыйлагандай угулду. Кулагын оо бир топко тосуп турса, чын эле баланын үнүндөй. Күндү көрсөтпөй калың өскөн чынарлар, жаңгактар, анан алардын көлөкөсүндөгү шилбилерди, карагандарды аралап токой ичиндеги жайык түзөңгө чыкса, аюунун мамалагы чын эле ыйлап атат. Ушунча сүйкүмдүү, ырайымдуу, болпойгон мамалак. Жалооруп, жалынып, жардам сурагандай отунчуну карайт. Отунчу ары жак-бери жакка көз агытты эле, эч ким көрүнбөдү. Болгону, куштардын безеленип сайраганы, ар шакка учуп-конгон ала-була сагызгандын шакылыктаганы угулат. Мамалакка жакындаганда, анын бутун капкан кыпчып калганын көрдү. Эптеп ары тартып-бери тартып отуруп, мамалактын бутун капкандан чыгарды. Мамалак чын эле бошодумбу дегендей отунчуну кылчактай карап, токойго ооруксунган аяктарын сүйрөй кирип кетти.
Кийин ал мамалакты отунчу көп көрдү. Саратандын ысыгында чогулткан отунун көтөрүп жөнөрдө чырым этип уктап алчу. Ошондой тук этип аларда баягы мамалак жакынсырап жанына келип, эркелеп ойной кетчү. Ал гана эмес, отунчуну кырсыктардан: асмандагы алгыр куштардын кол салышынан, жердеги сойлоп жүргөн жыландардын, чаяндардын чагуусунан этияттап турчу.
Адамдар болсо отунчуну көр­гөндө ар ким, ар кандай кептерин айтат:
– О, анын колдоочусу аюу да!
– Багы ачылбаган бир байкуш да!
– Аюуга тийген адам баласы!
– Боюнда бар имиш!
– Аюудан имиш!..
Ушуга окшош ушактар. Бирок алардын бири да бул ушактардын чындыгына жетүү үчүн отунчуга даап барып сүйлөшө да, сурай да алышпайт.
Отунчунун бул ордогу жаныбарды биринчи көрүшү. Аюуга окшогону менен, аюу эмес. Кишиге окшогону менен, сүйлөй албайт бейм, кишилер анын бир нерселерди булдураганын аңдай албай таң. Кара, түктүү жылаңач денесинин болгон нерсеси көрүнүп турат. Андыктан жабалактап карагандарга Кудай берип эле калыптыр. Отунчунун шаркыратманын көк иримине түшүп жатканына кызыгып карашкандай, сонуркап тиктешет.
– Сен да келдиңби, сага эмне жок, бар кет!- токой ээси бир убакта отунчуну көрө калып, ага тап бере урушту.
– Тим кой, көрсүн!- деди жанындагы бирөө.
– Көргөндө эмне, бул кишилерге тең беле?!

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан