ИЧЕГИНИ ТАЗАЛОО ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

“Беттеги бүдүр, аллергия, иммунитеттин төмөндөшү, ичтин көбүшү, шалдыроо, органдарда оорулардын жаралышы... Булардын баарына ичегинин шлактарга, каткан заңдарга толуп калуусу жеткирет. Андыктан ичегилерди 1 жылда 2 ирет тазалоо керек”,- дейт Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеев.

“ИЧЕГИ ШЛАКТАРГА, КАТКАН ЗАҢДАРГА ТОЛО БАШТАСА ООРУЛАР ЖАРАЛАТ”

– Адамдын ичегилеринин жалпы узундугу 5 метрге чейин жетет жана жоон, ичке ичеги болуп бөлүнөт. Туура эмес тамактануудан, сезгенүүдөн ичеги шлактарга толуп баштаса, анда анын иштөөсү начарлайт. Ич катуудан заңдар топтолуп калса, анда мите курттар, бактериялар көбөйүп, ууларды бөлүп чыгарат. Уулар канга сиңип бүт организмге тарап, оорулар жаралат. Ичегидеги тамактын сиңүүсүнө жардам берүүчү бактериялар азайып кетсе да (дисбактериоз) тамак ичегиге жакшы сиңбей ирип-чирип, андагы зыяндуу бактериялар көбөйүп, ичегини сезгендирет.

Организмдеги жалпы оорулардын 90 пайызынын башталышы ичегилер менен байланыштуу. Ичеги өзүнүн жакшы иштебей калганын ар кыл белгилер аркылуу билдирет. Мисалы, дерматит, псориаз, аллергия, беттеги бүдүрлөр менен безетки, семирүү, кант диабети, өнөкөткө айланган ич катуу, баш оору, бат-бат суукка урунуу.

Ичегиде иммундук клеткалар, пайдалуу жана зыяндуу микроб түрлөрү да бар. Микробдордун жалпы салмагы 1,5 килограммга чейин жетет жана алардын жарымынан көбү жоон ичегиде болот. Пайдалуу микробдор зат алмашуу процессине жана уулардын организмден чыгарылышына салым кошушат. Андыктан алардын тең салмагын кармап туруу зарыл. Антибиотиктерди ичүү, инфекциялык оорулар, стресс, туура эмес тамактануудан пайдалуу микробдордун саны азаят, тамак-ашты сиңирүү жана теринин абалы начарлайт, ич өтөт, иммунитет төмөндөйт, адам шалдырайт. Андыктан ичегини убагында тазалап, антибиотикти талап кылган оорулардын алдын алып туруу зарыл. Башкача айтканда, ден соолукту сактоо жана калыбына келтирүүдө ичегилерди тазалоонун ролу чоң.

КОЛДОНУЛУУЧУ ЫКМАЛАР (ЧОҢДОР ҮЧҮН)

Ыкмалардын түрлөрү көп, бирок баарында тең натыйжа жакшы болсун үчүн тазалануу учурунда майлуу, ышталган, куурулган тамак-ашты жебей, спирт ичимдиктерин ичпей, жеңил тамактарды жеп-ичүү (көбүнчө кайнатма) сунушталат.

СОРБЕНТТЕР

1) Активдештирилген көмүр.

Жыгач көмүр, жаныбарлардын сөөгү, жаңгактын кабыгы кошулуп жасалган. Бул организмдеги, ичегидеги уулуу заттарды, шлактарды, газды жана аллергендерди, оор металлдардын туздарын чыгарат. Ууланганда жана ич көпкөндө да колдонулат.

Активдештирилген көмүр 7-10 күн катары менен адамдын салмагына жараша ичилет. Ар бир 10 килограмм салмак үчүн 1 таблетка ичүү керек. Мисалы, салмагыңыз 60 килограмм болсо 6 таблетка. Каражат тамак ичерден 1,5 саат мурда же тамак ичкенден 1,5 саат кийин ичилет. Дарыканада сатылчу “сорбекс” аттуу активдештирилген көмүрдүн таасири күчтүүрөөк.

Активдештирилген көмүр кээ бирлерде ич өтүүнү жаратуусу мүмкүн. 10 күндөн ашык ичсе организмден витаминдер, микроэлементтер чыгып кетүүсү ыктымал.

2) Смекта, полисорб, лактофильтрум каражаттары.

Канча күн ичүү керектигин врачыңыз менен кеңешиңиз.

Эскертүү: Сорбенттерди ашказандын жана ичегинин өнөкөт жарасынан жабыркагандарга, кош бойлууларга, эмчек эмизгендерге, ичегиси бүтөлгөндөргө, антибиотик ичип жаткандарга колдонууга болбойт! Ашказан-ичеги оорулары козголгон учурда да ичилбейт.

КАДИМКИ КЛИЗМА

Муну медициналык клиникалардан жасатууга же өз алдынча үйдөн жасоого болот. Жоон ичегини тазалоо үчүн колдонулат. Уу, шлактардан тышкары мите курттар, каткан заңдар да жумшарып чыгат. Көбүнчө ич катууда колдонулат.

Эсмарх кружкасын алып, ага 1-1,5 литр кайнатылып, анан муздатылган жылуу суу куюу (30-37 градус) керек. Анан кружканын түтүгүнүн учун ачып, сууну бир аз агызабыз. Бул суудагы газдын чыгышын шарттайт. Эми түтүктөгү клапанды жаап, кружканы керебеттен (кушеткадан) өйдө 70 сантиметрден 1 метрге чейинки бийиктикте асабыз. Сол капталга жатып, колго медициналык кол капты кийип, оң бутту ичке карай бир аз бүгүп (90 градуста), түтүктүн учун крем же вазелин менен майлап, көтөн чучукка киргизебиз. Эгер сууга ромашканын кайнатмасын сүзүп кошуп жиберсе, ал ичегинин сезгенүүсүнүн да алдын алат. Суу куюлуп бүткөн соң дааратканага дароо чуркабай, 5-10 мүнөт чыдоо керек. Анткени суу ичегилерди жууп чыкканга чейин күтүү зарыл.

Эскертүү: Кош бойлуу аялдарга, геморройдон жабыркагандарга колдонууга болбойт!

ТУЗДУУ КЛИЗМА

Клизманын бул түрү врач сунуштаса гана жасалат. 10 пайыздуу натрийдин хлоридинин же 20-30 пайыздуу магнийдин сульфатынын 50-100 миллилитр эритмеси көтөн чучук аркылуу резина баллончик же атайын шприц аркылуу ичегиге куюлат. Анан 20-30 мүнөт дааратканага барбай туруу зарыл. Магнийдин сульфаты адамдагы шишикти кетирүү, боорду тазалоо үчүн да колдонулат.

Клизма жасаткысы келбегендерге магний сульфатынын упасын ичүү сунушталат. Каражат 1 дозага ылайыкталып чыгарылат. Аны лимон кошулган суу же жөнөкөй 0,5 литр суу менен ичип, анан оң капталга боор тушка жылуу грелка (же жылуу суу куюлган баклажка) коюп, дааратканага барбай канчалык чыдай алса, ошончолук убакыт күтүү керек.

Өз алдынча клизманы көп колдонуудан ичегиде пайдалуу бактериялар, азык-заттар жуулуп кетет. Ичеги сезгенип, оору жаралат.

Эскертүү: Клизмалар түз ичегинин жана жүрөк-кан тамыр системинин ооруларында, ашказан-ичегинин жарасында, ракта, операциядан кийинки мезгилде колдонулбайт!

ИЧ ӨТКӨРҮҮЧҮ КАРАЖАТТАР

Айрым учурларда ич өткөрүүчү лактулоза, сенна чөбүнөн жасалган каражаттар колдонулат.

Ичегинин бүтөлүүсүнөн, ич өтүүдөн, геморройдон жапа чеккендерге, антибиотик ичип жаткандарга колдонууга болбойт!

Канча күн ичүү керек экендигин врач сизде кандай оорулар бар же жок экендигине жараша айтып берет.

ГИДРОКОЛОНОТЕРАПИЯ

Бул ыкма медициналык клиникада жүргүзүлөт жана озонго каныктырылган суу колдонулат. Атайын аппараттын учу көтөн чучукка салынып, белгилүү градуска чейин жылытылган бир нече литр суу ичегиге коё берилет. Ичегиге толгон суу керексиз былжырларды, мите курттарды, жылдап туруп калган калдыктарды (заң таштарды кошо), ууларды алып чыгат. Сеанс 30-45 мүнөткө созулат. Процедура 3-4 күн кайталанат.

Колдонулбайт: Көтөн чучукта жаракат болсо, курч кармаган геморройдо, ичегинин рак оорусунда, ашказан жана ичегинин жарасында (өзгөчө кан агуу болсо), кош бойлуулукта.

Ичегини тазалоодо пайдалуу бактериялар жуулуп кетип, саны азайбашы үчүн врачтар линекс, хилак форте, имофлора сыяктуу каражаттын бирин ичип коюуну сунушташат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Flowhive
2019-07-30 10:28:17
Рахмат
+4
LUGRUN
2019-07-30 20:41:35
jakshy maalymat eken
+2
plaza85
2019-08-01 13:59:25
Ушул врачтын номери Берри койосуздарбы.
0
raikakyz
2019-08-02 12:11:58
Эн керектуу кенеш экен.Рахмат.
+1
raikakyz
2019-08-02 12:12:14
Рахмат.
+1
raikakyz
2019-08-02 12:12:47
Мага керек болчу ушул кенеш,чон рахмат.
+1
Kaninaiman
2019-08-06 18:32:28
Ошондо 6 таблетканы 6 күндө ичеби????????
0
HanTegin
2019-08-10 22:48:18
Kaninaiman, жок он же жети кун ичет. Кунуго мисалы салмагына жараша. Он кг га 1 таблетка
0
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан