Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аткаруу комитетинин ушул жылдын 2-июнундагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын социалдык жоопкерчилик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
АФКнын социалдык жоопкерчилик комитети – АФКнын туруктуу комитети, конфедерациянын саясатынын негизги тармагы жана маанилүү бөлүмү.
АФКнын башкы катчысы Дато Виндзор өзүнүн куттуктоо катында Канатбек Маматовго куттуктоо сөзүн айтты: “Сиздин тажрыйбаңыз, профессионалдуулугуңуз жана колдооңуз жаңы кызматта АФКнын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем. Жаңы кызматыңыз менен куттуктайм жана сиз менен иштешүүдөн көптү күтөм",- дейт Виндзор.
Эске салсак, федерациянын президенти Канатбек Маматов АФКнын аткаруу комитетинин мүчөсү. Борбор Азия футбол ассоциациясынын (БАФА) акыркы жыйынында анын талапкерлигин БАФАнын мүчөлөрү колдогон. Ал аталган уюмга кирген 6 өлкөнүн кызыкчылыктарын көрсөтүп жана коргоп келет.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg