Көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын улакчысы Манас Ниязов АКШга чакыруу алды. Ал көк бөрү боюнча Америка курама командасын машыктырууга жардам берет. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы маалымдады. "Манас Ниязов АКШга чакыруу алды. Бул көк бөрүнүн өнүгүүсүнө, бул оюнду дүйнөгө даңазалоого дагы бир чоң кадам",- деп билдирет федерация.
Айта кетсек, 26 жаштагы Манас Ниязов улуттук курамдын, ошондой эле Оштун “Достук” командасынын оюнчусу. Ал эми Америка курама командасы көк бөрү боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып келет.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg