СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Чуркап бара жаткан Айнуранын алдынан атасы чыга калды.
– Кызым, кайда шашып?..
– Сабакка, ата.
Колун булгалап коюп адымдаган кызынын аркасынан мээримдүү тиктеген атасы үйгө кирди. Айнура бир үйдүн көзүн караган жалгыз кызы боло турган. Улуу агасы үйлөнүп, эбак өз алдынча болуп, эми ата-энесинин жалгыз эрмеги – кызы эле.
– Апасы, кызың чоңоюп калган окшойт. Сабакка дилгир болуп чуркап калыптыр.
– Кийинки кезде көзү ойлуу тартып кетти. Чын эле эс кирип келе жатат кызыңа. Кыз деген ушинтип убагы келгенде тез эле эсейип кетет. Аман болсун.
Ата-эне кызына купуя тилек кылып, бактысын тилеп турушту.
Чуркап келе жаткан Айнура Шамил агайынын кабинетинен чыгып келе жаткан Рустамды көрүп, сүйүнүп кетти. Алдынан чуркап чыгып, адатынча ийинден ала токтотмокчу болгон Айнураны Рустамдын муздак көз карашы токтотту.
– Эй-й, с-салам!
– Кандайсың?..
Көзүн ала качкан жигит кыздын жанынан кеткиче шашты. Көзү алайып, шагы сынган Айнура дубалга жөлөнө берди. “Бул эмнеси? Кечээ эле... Жок, токточу. Ал мени мындай абалга ташташы мүмкүн эмес!” Эриндери дирилдей көз ирмем шалдайып турду да тез өзүн колго алып, Рустамдын аркасынан жөнөдү. Жетип барып, күч менен чыканактан алып токтотту.
– Эй, сен...Сен...- ызалангандан оозуна сөз кирбей, ушинтип күйүгүп турду. Рустам Айнуранын ызалуу көздөрүнө тигилип, башын жай чайкады.
– Айнура, баарын унут. Мен эми сени менен бирге боло албайм. Кечир мени. Сен жакшы кызсың. Бирок...
Айнура башын чайкай берди.
– Анте албайсың. Мени таштабайсың. Мен билем, сен андай таш боор эмессиң.
– Айнура, баары бүттү!
– Сен... Кантип... Мен сени мындай деп ойлогон эмесмин. Атак-даңк сени ушинтип өзгөртөрүн билген эмесмин. Кызык, адам бат эле өзгөрөт тура. Жок, мен сени коё бербейм.
Айнура өзүн токтото албай Рустамды жаакка чапты. Көксөсү канбай ургулап, чапкылап жиберди. Кыйкырып, ыйлап, уруп жаткан Айнураны Рустамдын карылуу колдору кучактап, машинасын көздөй сүйрөп жөндү.
– Коё бер мени.
– Эсиңди жый!
Машинасын тез от алдырып, айдап жөнөдү.
Солуктап ыйлаган Айнура өздө­рү көп жолукчу сейил бакка келгенде араң токтоду.
– Түш, сүйлөшөлү,- деди Рустам эшигин ачып.
– Турчу, жиниме тийбей. Машина алганына кыйын болуп, мага “түш” деп калганын.
Айнуранын куду жаш баладай эрдин бултуйта таарынып калганына Рустам эрксизден бырс күлүп жиберди.
– Эмнеге кыйын болот элем. Кечээ эле алдым. Жүрү, курсагың ачпы? Кафеге кирип сүйлөшөлү.
Кафеге кирип тамак ичип, сүйлөшүп отурушту. Тамак жеп жаткан Айнураны Рустам таң кала тиктеп калды.
– Эй, болду эми. Качантан берип минтип тамак жеп калгансың.
Айнура тилин көрсөтүп коюп, кайрадан тамак жей берди.
– Айнура, сага оор болорун көп ойлодум. Бирок жүрөгүмө буйрук бере албай калдым. Мындан ары дос гана болуп жүрөлү. Анткени... Анткени мен.... Азыр сага оор болушу мүмкүн. Бирок убакыт тез эле дарылайт. Мен сени жакшы билем го. Тез эле мени унутуп каласың.
Ушуларды айткан Рустам ордунан турду.
– Жүрү, жеткирип коёюн.
– Жок, өзүм кетем! Кете бер.
Жалгыз калган Айнура терезени тиктеп отура берди. Кантип эле ушундай болсун? Өмүр бою, эс тарткандан бери өзүнүкү болуп келген Рустамы эми жок. Кайрылбайт эми! Мурункудай кучактап, жакшы сөз айтып эркелетпейт, гитара чертип жүрөктү эзген ырларын ырдап бербейт. Бардыгы бүттү!
Ордунан сендиректеп туруп бара жаткан Айнуранын көзү караңгылай түшүп, эсин жоготуп койду.

ххх

Рустамдын концерти жакындап келе жатты. Улам-улам репетиция кылып, музыка менен гана жашап жатты. Керектүү нотасын таба албай кабагы бүркөлүп турган Рустамды көрүп, Айдана бырс күлүп жиберди.
– Рустам, кабагыңды ач, мен сага тамак алып келдим.
– Рахмат.
Тамак жеп жаткан Рустамды тиктеп отурган Айдана өзүнчө бактылуу жылмайып алды.
– Биз үйлөнгөндөн кийин мен үйдө отуруп, сага ушинтип тамак ташып турам.
– Жок, сен ырдашың керек.
– А балдарыбызды ким карайт?
– Ха-ха-ха, аны мен ойлобопмун.
Бактылуу күлкүлөр жаңырып жатты. Экөө үчүн аалам гүлстан, жашоо ажайып эле. Кирип келген Алым экөөнү алмак-салмак тиктеп турду.
– Көгүчкөндөр, даярдыктар жакшыбы?
– Кудай буюрса, жакшы.
– Рустам, эгерде концерт аншлаг менен өтө турган болсо, экөөбүздүн тең эл алдында жүзүбүз ак болот. Ошондуктан бардык күчүңдү жумша. Айдана, сен дагы. Баса, чакыруу билеттери даяр болду.
Рустам чакыруу билеттин бирин карап туруп, жеңиштүү жылмайды. “Мына, урматтуу Иман Исаевич. Мен бул күндү көптөн күткөм. Эми сахнада сенин эмес, менин атым жаңырып баштайт. Сенин эмес, менин! Ошондо гана өз уулуңдан бир кезде баш тартканыңа, бир көрүүгө зар кылганыңа өкү­нөсүң. Өкүнөсүң, атакеси!”- деп жатты.
Айнура шаардык ооруканалардын биринен эсине келди. Атасы менен апасы маңдайында отурган экен. Көзүн ачары менен апасы үйрүлүп үстүнө түшө калды.
– Каралдым, атаң экөөбүздү коркутпачы.
– Мен кайдамын, апа?
– Жата гой, жатчы.
Айнура көзүн жуумп Рустам менен кафеде отурган кезин эстеди. Ошол замат жүрөгү мыжыла түштү. Сырттан кирип келген врачты көрүп, апасы обдула түштү.
– Балам, эмне болуптур?
– Эч нерсе эмес, апа. Кызыңыз­дын ден соолугу жакшы эле. Азыр биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы, ээ, каршы болбосоңор?
Бирин-бири түртүшүп чыгып кеткен ата-энесин узата караган врач эми Айнурага жүзүн бурду.
– Турмушка чыктың беле?
– Жок.
– Мен да ошентип ойлодум эле. Эмесе иш чатак, чоң кыз. Боюңда бар экенин билген белең?
Айнуранын ансыз да чоң көздөрү алайып кетти. Эрдин тиштене калып, аргасыз башын чайкады.
– Ошол, боюңда бар экен.Баланын атасына эртерээк айтпасаң болбойт.
Айнура жооп кайтарган жок. Ошол эле күнү Айнураны ата–энеси үйүнө алып келди. Ар дайым улактай секирип, үйдү шаңга бөлөгөн кыз эми тынчыды да калды. Томсоруп бир жерди тиктеп отура берчү адат тапты. Эркелеп, жашоодон эч жаман нерсе көрө элек эселек боюнда бар экенине бир ынанып, бир ынанбай кетет. Кулагына Рустамдын акыркы жолу айткан сөздөрү да жаңырып жатты. “Унут мени, эми экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок!” Бирде ата-энесинин карыганда баштарын жерге салып, эл алдында уят болуп жатканы тартылат. Намысынан безип, эл көрбөгөн, эч ким билбеген жерге качып кеткиси келип жатты. Бирок...

ххх

Түн ичинде эшиктин коңгу­роосу уктап жаткан жубайлардын таттуу уйкусун бузду.Күйөөсүнүн уйкусун бузбайын деген Айша акырын эшикке келди.
– Бул ким?
– Мен Айша эже, Айнурамын.
Эшикти ачкан Айша алдында өңү бозоруп турган Айнураны көрүп, жүрөгү болк дей түштү.
– Ой, Айнурасыңбы? Сага эмне болду жети түндө? Кир, кирчи, үшүп да кетипсиң.
Айша Айнураны үйүнө алып кирип, стулга отургуза көздөрүнө тынчсыздана тигилди.
– Айша эже, сизден башка кимге кайрыларымды билбедим. Эгерде атам менен апам билип калса, мени эмне кылат билбейм. Мен...- эрдин тиштене калган Айнуранын көзүнүн жашы мөлтүрөп кетти.
– Айнура, мен сенин апаңдай эле болуп калбадымбы. Мага баарын айтсаң болот. Эмне, Рустам экөөң араздашып калдыңарбы?
– Ал мени сүйбөйт, Айша эже. Менин Рустамым, канча жылдан бери меники болуп келе жаткан Рустамым мени сүйбөйт. Мен ансыз жашай албайм, Айша эже.
– Айнура, сен жерде калчу кыз эмессиң. Өз ордуңду табасың. Болгону...
– Сиз түшүнбөй жатасыз. Менин боюмда бар!
Айша селдейип отуруп калды. Бир маалда башын өйдө көтөрүп, ыйлап отурган Айнураны карап, чечкиндүү үн катты.
– Башыңды көтөр! Рустам, менин уулум сени мындай абалга таштап кетпейт. Мен аны билем. Баары жакшы болот. Сен эми өзүңдү гана карашың керек. Калганын мага кой.
– Айша эже, ошол үчүн сизге келдим. Мен Рустамсыз жашай албайм. Көрөсүз го, мен ага жакшы аял болуп берем. Уул төрөп берем. Ушунун баарын айтыңыз. Ал сизден башка эч кимди укпайт. Болгону, сизди угат.
Айша көкүрөгүнө жабышып ыйлап жаткан кызды аяй карап турду. Мындан бир нече жыл мурун өзү ушул кыздын ордунда болгонун эстеди. Өзү да ушинтип туюктан жол издеп далбастабады беле? Кимден жардам сурарын билбей, жанында караан болор адамы жок карайлап турбады беле? Карасаң, тагдыр тамашасын...

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан