“ТОКИО-2020” ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНА АЛГАЧКЫ ЖОЛДОМО

Кыргыз суучулу Денис Петрашов "Токио-2020" Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясы билдирди. Аталган лицензия Токио Олимпиадасына карата Кыргыз өлкөсү үчүн эң алгачкы ийгилик. Ушул тапта Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча XVIII Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. 21-июлда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи. Анын көрсөткүчү 1 мүнөт 0,94 секундду түзүп, өлкөнүн рекордун жаңылады. Өлкөнүн буга чейинки 1 мүнөт 1,34 секунддук рекорду да Петрашовго таандык болгон. Ал мындай көрсөткүчтү былтыр Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында көрсөткөн. Ал мелдеште спортчу 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган.

Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июль–9-август күндөрү Япониянын борбору Токио шаарында өтөт.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан