"МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ" ТАСМАСЫНЫН КААРМАНДАРЫ АЗЫР КАЙДА?

2006-2007-жылдары экранга чыгып, студентик күндөр, сүйүү, достук, айтор, жашоону ар тараптан чагылдырып берген “Министрдин кызынын махабаты” тасмасын баарыбыз эле көрсөк керек. Учурунда популярдуу болгон бул тасма аркылуу кино дүйнөсүнө кадам таштаган каармандар азыркы тапта кайда, эмне менен алек?

Аскат Эрбаев, актёр (Жоробек):

"ТАСМАНЫН УЛАНДЫСЫН ТАРТАЛЫ ДЕП ЖАТАБЫЗ"

– “Министрдин кызынын махабаты” элге аябай жакшы алынган, тартылганыма ыраазымын. Ал тасма аркылуу мени калың журт тааныды, өлкөнүн кайсы жерине барбайын жылуу кабыл алышат. Досторду күттүм, жакшы адамдар менен тааныштым, искусствого болгон көз карашым өзгөрдү дегендей. Андан кийин деле чыгармачыл чөйрөдө жүрдүм. Актёрдук чеберчилик боюнча билим алып, дипломдук иш үчүн “Кайра жаралуу” деген толук метраждуу тасма тарттым. Ыр жаздырдым, актёрдук менен бирге ырчылыкты алып кетсем дейм. Учурда Нурбек (ред.: Юлдашев) экөөбүз “Министрдин кызынын махабаты. 12 жылдан кийин” деген аталыш менен тасманын уландысын тарталы деп даярданып, кастингдерди өткөрүп жатабыз.

Асел Чоткараева, актриса (Мадина):

"АКТРИСАЛЫККА КАРАГАНДА КАДР СЫРТЫНДА ИШТЕГЕН ЖАКТЫ"

– “Министрдин кызынын махабаты” мен үчүн алгачкы, абдан ийгиликтүү, көп жакшы нерселерге жол ачкан кино болду. Анын артынан биз, катышкан каармандар азыркыга чейин элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп отурабыз. Ал кезде популярдуулук башкача болгон. Бир жолу “Ош базарына” барсам, эл мени тегеректеп эле калышты. Аябай жүдөп, иренжигем. Азыр Инстаграм бар, баары жеткиликтүү. Элде андагыдай кызыгуу жок.

Учурда үй-бүлөм, “Тунгуч” театрынын иштери, режиссёрдук менен алекмин. Экинчи билимим болгон режиссёрдук окуумду бүтүп, дипломумду алдым. “Периште” деген кыска метраждуу тасма тартканбыз, ийгиликтүү болуп Лондондогу кинофестивалда баш байгени алды. Андан тышкары Бангладеш, Молдовада фестивалдарга катышты. Актрисалык карьераны улантып кетүүгө умтулган жокмун, кадр сыртында иштеген мага көбүрөөк ыңгайлуу экен. Өзүмдү
режиссёр болуп кеттим деп айтуудан алысмын, бирок ушул жолдо баратам.

Дөөлөтбек Тентиев, актёр (Буркан):

"ПАСПОРТУҢДАГЫ АТЫҢДЫ БУРКАН ДЕП ӨЗГӨРТҮП АЛБАЙСЫҢБЫ ДЕШЕТ"

– Мен өзүм Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөм. Студент кезде Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасында жашачумун. Ошол жактан “Жан” тобунун “Студенттик күндөр” деген ырынын клибине тартылып калдым. Ошондон кийин Рустам Аташов “сенде актёрдук чеберчилик бар экен, биз менен иштешпейсиңби” деп өзүнүн курамына чакырып калды. Ошентип “Министрдин кызынын махабатынын” 3 бөлүгүнө тартылдым. Тасмадан кийин мени баары Буркан деп таанып калышты. Кээде “паспортуңдагы атыңды өзгөртүп эле албайсыңбы” деп калышат. Андан соң “Эркектер” тасмасына тартылдым. Шартка байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеткен элем. Кайрадан тасмага кайтуу алдында турам.

Нурбек Юлдашев, актёр, вайнер (Нурбек):

"ТАСМА МЕНИ ЭЛГЕ ТААНЫТТЫ"

– Мен бул киного 1-курсумда тартылгам. Кесибим актёр болгондуктан алгачкы практикалардын бири болду, элге таанытты. Ошондо кастингге чакырып, тасмага тартканы үчүн режиссёр Рустам Аташовго ыраазычылык билдирем.

Окуумду бүткөн соң 2 жыл Москвага барып иштеп келдим. Андан кийин кыскача тамашаларды тартып телеканалдарда иштеп жүрдүм. Учурда Youtube`га скетчтерди тартуу менен алекмин. Эң негизги жумушум – элге күлкү тартуулоо.

Роза Азимбаева, актриса (Зина):

"ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДА ТЫНЫГУУ БОЛУП ЖАТАТ"

– “Министрдин кызынын махабаты” тасмасына тартылганда 20 жашта элем. Азыркыга чейин эле менден "Жора кайда?" деп сурай бергендер бар. Чынында ал киного тартылганыма аябай өкүнөм.

Кийин актёрдук чеберчилик боюнча билим алдым. Андан бери бир топ тасмаларда роль жараттым. Азыркы учурда Түркиядамын. Чыгармачылыгымда тыныгуу болуп жатат. Буюрса, жакында барам, жаңылыктар болуп калышы мүмкүн.

Рустам Аташов, тасманын режиссёру:

"ТАСМАНЫН УЛАНДЫСЫН ТАРТКАНГА МОРАЛДЫК УКУКТАРЫ ЖОК"

– "Министрдин кызынын махабаты" – 2005-жылы тарткан алгачкы көркөм тасмам. Андан бери 12 жылда 10дон ашык көркөм тасма тарттым. 2 жылдан бери саясий-экономикалык долбоорлор менен иштеп жатам. Кудай буюрса, жакында кино майданына кайрадан киргени турам. Бир канча сценарийлер кезекте турат. Алардын арасында көпчүлүктүн суроолору боюнча тартыла турган "Министрдин кызынын махабаты-4" дагы бар.

"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында актёрлордун 99 пайызын элдин арасынан тандагам. Мен үчүн эң чоң түйшүк актёр эмес адамдарды актёр кылып алып чыгуу болгон. Ошол менин мектебимден чыккандардын көбү бүгүнкү күндө кинолорго тартылып, айрымдары режиссёр болуп өз алдынча кино тартып жатышат. Арасында ыраазы болгондор да, нааразы болгондор да бар. Бирок мен алардын баарын өз окуучумдай көрүп, ар бирине чыгармачылык ийгилик гана каалап келем.

Нурбек (ред.: Юлдашев) менен Аскат (ред.: Эрбаев) менин окуучуларым. Биринчи кино майданына өзүм алып чыккам. Экөө тең таланттуу, жакшы жигиттер. Бирок "Министрдин кызынын махабаты" тасмасын менден уруксат албай, “улантып тартабыз” деп жүрүшкөнүн уктум, бул акылга сыйбаган кыска ойлуулук. Тартканга моралдык укуктары да жок. Тасманын 1-2-бөлүгү жазуучу Бекмырза Рахман уулунун чыгармасынын негизинде тартылган. Ошентсе да 30 пайызы өзгөртүлүп, өзүмдүн идеяларым кошулуп көркөмдөлгөн. Ал эми 2007-жылы тартылган 3-бөлүгүнүн сценарийи мага таандык.
А бул азаматтар 2007-жылдан бери эсептеп, менин киномду улантып тартканы жатышыптыр. Бул менин автордук укугумду одоно бузуу болуп эсептелет. Өзүм тасманын 4-бөлүгүн тартканы жатам. Ошол тасмага келип тартылышса туура болмок. Эгер кино тартып такшалган, менден күчтүү режиссёр болсо бир жөн. Бул кинонун көрүүчүлөрдүн эсинде жакшы бойдон калышын каалайм. Мейли, Аскат менен Нурбек мени устаты катары эсептешпесин, бирок асмандан түшкөн жылдыз болушса да бир ооз уруксат сурап коюшса адамгерчилик болмок. Маалымат каражаттарында "биз Бекмырза Рахман уулунун баласынан уруксат алдык, Рустам Аташовдон уруксат алыштын кереги жок" деп айтып жүрүшөт. Андай болсо "Министрдин кызынын махабаты" повестин улантып китеп жазышсын же кайра башынан кино кылып тартышсын. Ал эми популярдуу кино кылып койгон бирөөнүн эмгегин пайдаланган туура эмес.

Динара Акимова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Министрдин кызынын махабаты" тасмасындагы актёрлор 12 жылдан кийин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
bulathan
2019-07-29 12:20:24
укмуш кордук эле учурунда, канча кордук, жоробектей болобуз деп канча журдук
Жакшы болгон эми талашканы жаман болуптур
+6
JaneEr
2019-07-29 14:24:29
Зинанын жеке турмушуна таасир эткен окшойт окунгонуно караганда.2
+14
Kgda
2019-07-29 15:33:31
JaneEr,Зинахан кинонун аягында боюн таштап олотко. Ошол олгон рольду ойногонуна окунот. Менден сурасанар баарын тарыхын айтып берем. Кстати Жоробек (Аскат) алиге чеин уйлоно элек бойдок так что кыздар а дегиле.
-7
Kyrgyz-jigit.com
2019-07-29 16:01:28
Kgda,анан))
+1
Mamiev
2019-07-29 17:57:13
Kgda,Сен эч нерсе билбейт турбайсынбы. Жоробек үйлөнгөн Куршабтын сулуу кызына
+6
meni_kut
2019-07-29 18:11:09
Kgda,Даанасын го сен,Жоробек уйлонмок тургай кыздуу да болгон.Сен инстага кирбейсинго дейм
+8
bulathan
2019-07-30 10:03:48
Kgda,Үйлөнгөн, 1 кыз 1 баласы бар тимеле катуусун го
+3
Jazdyn_tany
2019-07-29 14:50:15
Китебин окугам. Кинону көргөн эмесмин. Анткени, китепте каармандарды укмуш сүрөттөйт го, Жоробекти Ван Даммдай депчи...Каармандарды көрүп эле китептеги элестетүүм болбой калып, кинону көрбөй койгом...
+2
guli-1980
2019-07-29 14:50:58
Сараты начар кинонун
+4
Mamiev
2019-07-29 17:54:06
Аташов мырза сиз буларды убагында пайдалангансыз да. Киного тартылса бекер картылды үзүрүн сиз кордунуз. Айтып жатышат го бекер тартылганбыз деп. Эми дагы келип тартылса жакшы болмок дейт эмне дагы бекер тартылып беришсинби. А чыгарманы менчигиниздей кылып алыпсыз го
+19
meni_kut
2019-07-29 18:14:32
Mamiev,Атын чыгаруу учун бекер тартылганын уккам
+5
Eli.91
2019-07-29 18:51:36
Чындыгында режисору кызыктай киши экен.Убагында буларды бир тыйын бербей тартып оздору айткандай укмуш папулярдуу болгон эле.Ошончо акчаныда 4-5 эселеп пайда тапкандыр.Бирок эми буларга жол берип койсода болмок экен.Зинага келчуу болсок уят дегенден кур калгандай корунот.Анткени бул кинону кимдер гана корбоду,ата-энеси бир-туугандары жанада дос туугандары да корду эми бул кино унутулуп баратканда кайра козгоптур албетте эски жараны ырбататда.
+10
_PeriWa_
2019-07-29 18:53:21
Рустам Аташовдун тарткан коп кинолору бар бирок арасынан ушул гана "Министирдин махабатты"элге кенири таралды. Калган кинолору супсак коруп отуруп зээригип кетесин коргондор болсо созумо кошулат).Кийинки "Министрдин махабатты 2.3"неге популярный болбоду?Биринчисин китепте кандай болсо ошондой тартып койгон.Китеби озу кызык эле да. Китебин окуугандар билсе керек.Эми бут тосуп нааразы болбош керек го дейм,кайра жардам берип колдоп койсо. Бул кинонун узундусун коп адам кутуп жа
+13
bulathan
2019-07-30 10:06:20
_PeriWa_,кино убагында популярдуу эле болгон аябай. Суйлошуп деле алышса болмок экен. Ызылдашпай туура эмес го
+2
Komrad
2019-07-30 16:25:23
_PeriWa_, эң туура, менин оюмду айттыңар да, китептеги диалогдор таасирдүү болчу, ошолор менен элге жаккан. Аташов ошондон күүлөнүп алып тарткан киносу жанагы да: университетте бирөө иштеп атса досу чалып баягы кыздарынды чакырбайсынбы деген, андан ары көргөн эмесмин
+1
_PeriWa_
2019-08-01 09:57:52
Komrad,ооба женил ойлуу эркектерди тартып
0
Rusi79
2019-07-29 22:10:48
Кино эмес эле мектептеги окуучулардын интермедиясына окшоп калган.
+1
ilgis1991
2019-07-30 14:50:27
Мейли тарта беришсин деп эле койбойбу. Көрө албастыкты ушинтип элге атагы чыккандар өздөрү эле башташат. Маданияттын өкүлү Аташов, силердей инсан жаштарга үлгүлүү болуш керек.
+1
Tyty1990
2019-07-30 17:10:57
Режиссер дубляж начар жасалган кинону неге ызы чуу кылып жатат. Аташов тарткан кинолор тузу жок же өтүп кеткен. Актёрлор жасалма суйлошот.
+5
Molihuaa
2019-07-31 00:47:36
Р.Аташов суйлогон создорундо негедир текеберчилик жыттангандай. Анан эки созунун бири "мен"," озум" ушул сыяктуу.
+2
zinagull1996
2019-08-02 16:25:04
Админ болот экен го. Изилдеп жазып чыксанар. Жашын жашаган жеринен бери жазсанар жакшы болот эле. Эми Уку тобунун жигиттери. Жетим балдар киносундагы балдар кызык алар кайда кандай жашоодо билгибиз келет. Сураныч карап койсонуздар
0
admin_portal
2019-09-11 10:25:42
zinagull1996, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Muzik
2019-08-03 12:04:43
Аташовдун бардык кинолорун коргондон уялат адам, жогоруда бироо айткандай, мектептеги интермедия ойногон окуучулардай,лучше кино тартпай койсо искуствого салым кошкон болот эле.
+1
Asking-
2019-08-03 22:25:54
Бул кинону сонун кино деп диск уйго алып келсек уяттуу жерлери бар экен атамдан аябай уялгам. Зор кино деп мактап аткам андай жерлери бар экенин кайдан билейн. Казанга кеткен кыз казанда журот окшойт.
+1
Kroxa
2019-08-03 22:34:02
Актерлор жакшы аткарган учун популярдуу болгон уялбайт дагы экен Аташовду жоопко тартса учурунда бепбекер кино тартып жаш студенттерден пайда коргону учун..
0
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан