КЫЗДАРДЫ КЫЗЫКТЫРГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ? АНДА АРАКЕТ КЫЛЫҢЫЗ...

Мырзаларга кеңеш

Мамиле куруу – өзүнчө искусство. Өзгөчө кыздар менен мамиле курууда бир топ жашыруун сырлар бар. Жактырган адамыңызды кызыктыргыңыз келсе, бул кеңештерге көңүл буруңуз.

ЧОҢ КЫЗ, ТААНЫШЫП АЛБАЙЛЫБЫ?
Алгач, кандай кыз менен, эмне максатта таанышкыңыз келет, тактап алыңыз. Издегениңиз шаардык, заманбап кыз болсо, аларды түнкү клубдардан табасыз.
Убакыттын тардыгынан жаштар көбүнчө түгөйүн интернеттен издөө менен алек. Калпыс жери, сиз канча жаштагы айым менен сүйлөшүп жатканыңызды биле албайсыз. Ошондуктан сүйлөшүү манерасына көңүл бурганыңыз оң.
Максатыңыз билимдүү кызга жолугуу болсо, аларды китепканадан тапсаңыз болот.
Баса, көңүлгө жат болгон “чоң кыз, кел, таанышып албайлыбы?” деген сөздү айткандан качканыңыз шарт. Анткени бул сөз сизди жеңил ойлуу адам катары көрсөтүп, кыздын кыжырын келтириши мүмкүн. Андан көрө “бүгүнкү аба ырайы сизге жагып жатабы? Укмуш көңүлдүү кеч болуп турат, ээ?” деген сыяктуу сөздөр менен көңүлүн буруңуз. Психологдордун айтымында, 15 секунддук баарлашуу кезинде маңдайда турган адам тууралуу жакшы же жаман пикир түзүлөт. Ошондуктан ички туюмуңузга таянып, мамиле түзүңүз.

ЖОЛУГАЛЫ ГҮЛҮМ, ЖОЛУГАЛЫ
Таанышкан соң бир же эки күндөн кийин алгачкы жолугушууну болжошконуңуз туура. Кыз сиз тууралуу ойлонуп, “чалат же чалбайт” деп бир аз кыжалаттанышы кажет. Бирок аша чаап эки жумадан кийин чалбаңыз. Себеби ага чейин сизди унутуп калган болот.
Телефондон көп сүйлөбөгөнгө аракет кылыңыз. Жолукканда ага убактыңыз жетишет. Кыздар табышмактуу мырзаларды жакшы көрүшөт. Биринчи жолугушууда сейил бакка же эл аз кирген кафеге алып барсаңыз болот. Негизгиси, өзүңөрдү эркин сезген романтикалуу жерди тандаганыңыз оң. Ар кандай темадан сөз козгоңуз. Ортоңордо 5 мүнөттүк тыным болсо эле көңүлсүздүк жаралышы мүмкүн. Ченеми менен комплимент айтууну да унутпаңыз. Биринчи жолугушууда айрым кыздар өзүнүн мурунку сүйүүсү тууралуу айтууну жакшы көрүшөт. Буга анчалык көңүл бурбай, жигитче көтөрүп койгонуңуз оң.
Биринчи жолугуушуда өбүшүү керекпи? Эгерде кыздын маанайынан өбүшүүгө боло турганын байкасаңыз, ашыкчалык кылбайт. Бирок сылык коштошуп кете бергениңиз менен, бийкечтин кызыгуусун ого бетер арттырарыңызды унутпаңыз.

АЗГЫРУУНУН ЖОЛДОРУ
Келбет
«Кыздарга жагуу үчүн сырткы келбет мааниге ээ эмес» дегендик жаңылыштык. Жагымсыз жыт, жүдөө кебете менен эч кандай ийгиликке жете албайсыз. Элестетиңиз, жумшак свитерге жүзүн тийгизип, жагымдуу жытты искеген кыз кучагыңыздан өзү эле чыккысы келбейт.
Мүнөз
Табиятынан кыздар алсыз болгондуктан, күчтүү ийинге жөлөнүүнү каалашат. Ошондуктан кызга жагуунун эң биринчи куралы – сабырдуулук жана чечкиндүүлүк. Кандай абал болсо да чечимди өзүңүз кабыл ала алсаңыз, ал кыздын көз жаздымында калбайт.
Көздөр
Көздөр – жан дүйнөнүн күзгүсү. Албетте, көзүңүздү ала качып, жер карап турсаңыз, кыз сиз тууралуу туура эмес ойдо калат. Ошондуктан көзүнө ишенимдүү тигилиңиз. Көз менен да кыздын сезимдерин козгоп, азгырууга болот. Мисалы, алыс жакты узакка тиктеп, анан анын көзүнө жалт тигилсеңиз, карегиңиз чоңоюп кеткендей көрүнөт. Каректин чоңоюшун кыздар сексуалдуу сигнал катары түшүнүшөт.
Чөнтөк жагы
«Кыздар чөнтөктүү жана келбеттүү жигиттерди гана карайт» деген түшүнүк туура эмес. Сөзсүз түрдө кымбат ресторан же кымбат баалуу белектер менен кыздардын жүрөгүнө жол ачам деп ойлобоңуз. Эгерде чөнтөк чак болсо, эч тартынбастан үйүңүзгө чакырсаңыз болот. Өз колуңуз менен тамак жасап берсеңиз тамшанып жеп, сизге ыраазы гана болот. Негизгиси, өзгөчөлүгүңүз менен таасир калтырышыңыз керек.
Төшөк
Албетте, бардык кыймыл-аракет интимдик мүнөзгө алып барат. Кыз сиз менен болууну каалаганын көзүнөн байкасаңыз болот. Эгерде көзүн ала качып, кучактаган колуңузду акырын бошотуп койсо, демек, даяр эмес. Анда үйүнө узатып коюудан башка айла жок. Ал эми кумарлуу көздөр менен тиктеп, улам жакындап отурса, анда махабаттуу түндү өткөрө берсеңиз болот.

СЫЙ АЖЫРАШУУНУН ДА СЫРЫ БАР
Кааласак да, каалабасак да мамиленин аягына чекит коюлуучу учур келет. Мындай кезде жигитчиликтен тайып, болбогон шылтоолор менен качкан туура эмес. Мамилени үзүү керектигин туйсаңыз, ачык айтканыңыз оң.
Телефон чалып, тынч кафеден жолугушууну сунуш кылыңыз. Мындай учурда ысык тамак же чай заказ кылбай эле койгонуңуз оң. Антпесе ачуу менен ысык чайды бетиңизге чачып жиберүү коркунучу бар.
«Сени менен жакшы күндөрдү өткөрдүм. Бирок экөөбүз ажырашышыбыз керек. Мен сени чексиз сыйлайм жана чогуу өткөргөн күндөрүбүздү унутпайм» сыяктуу сөздөрдү айтыңыз.
Ыйласа, ыйлап бүткөнчө күтүп, жинденсе, оюн укканга аракет кылыңыз. Бугу чыккандан кийин жагымдуу жылмаюу менен тамаша айтып, көңүлүн көтөрүңүз. Бирок анын үмүтүн козгоочу сөздөрдү, кыймыл-аракеттерди жасабай эле койгонуңуз оң.

ЭРКЕКТЕРДИН ЭСИНЕ

  • Гүл бергиңиз келсе, анын себебин түшүндүрүп коюңуз. “Эркек себепсиз гүл бербейт, демек, күнөөлүү” деп шектенген айымдар болбогон жерден кызганып башташат.
  • Себепсиз телефон чалуулар кыздарды кубанычка бөлөйт. Ошондуктан бирдигиңиз болсо, тез-тез телефон чалганга аракет кылыңыз. Жок дегенде жагымдуу СМС жөнөтүп коюңуз.
  • Романтиканы жакшы көрбөсөңүз да кези келгенде шам чырактын жарыгында тамак жасап берип, тизелеп отуруп колун суроо ашыктык кылбайт.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Замира
2010-08-10 15:47:43
Табиятынан кыздар алсыз болгондуктан, күчтүү ийинге жөлөнүүнү каалашат. Ошондуктан кызга жагуунун эң биринчи куралы – сабырдуулук жана чечкиндүүлүк. Кандай абал болсо да чечимди өзүңүз кабыл ала алсаңыз, ал кыздын көз жаздымында калбайт. tuura dep esepteim :)
+1
Замира
2010-08-10 15:51:25
Төшөк degen jeri jakkan jok sebebi super infonu kanchalagan jigit/kyz kuto elek jash muundar okushat.Alarda toshokko bara berse bolot turbaiby degen tushunuk kelet,oshol ele uchurda erkekter ayal alaarda kyz bolso eken dep tileshet.Bul kyrgyz mentalitetine,saltyna tuura kelbeit.Bul menin oium
0
merish
2010-08-13 17:14:07
баары туура и еще внимания по больше
0
Elmira
2010-08-20 05:22:29
балдар эсинерге тутуп алгыла
+1
Rysbek
2010-10-02 22:22:13
Bul nerseni 6-7 klasstyn baldary uchun dep zhazsa bolmok eken.
+1
ayza
2010-10-04 12:20:26
Baldar munu jatka bilse kerek.
+2
Baha Kg
2010-11-17 17:34:44
Балдар окугула
+1
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан