Эне! Дүйнөнүн тең салмагын ушул улуу сөз кармап тургансыйт. Бул жолу апалар тууралуу рубрикабызда белгилүү жазуучу, драматург, кыргыз элине гана эмес, дүйнөнүн көп өлкөсүнө таанымал Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев өзүнүн апасы тууралуу баяндайт.
“АПАМ БИЗДИ КАКЫС-КУКУС КЫЛГАНЫ ТАКЫР ЭСИМДЕ ЖОК”
– Апамдын аты Марапат. Алайдын кызы, Кабылан-Көл айылында төрөлгөн. Таята-таенемдердин дүйнөдөн өткөнүнө көп болду. Апам өлүм алдында жатып, акыркы күчүн жумшап киндик каны тамган Кабылан-Көлгө барып, атасы менен энесине куран окуп, дуба кылыптыр. Аны мен кийин уктум. Биз 8 бир тууганбыз. Апанын мээрими канча баласы болсо да жетет экен. Баарыбызга бирдей мээримдүү мамиле кылчу. Ата-энем интеллигент эмес, экөө тең дыйкан болуп колхоздо эмгектенип, кара мээнет, маңдай тер менен бизди бакты. Апам өтө мээнеткеч, сөзмөр, кептин уюткусун таап сүйлөгөн аялзаты эле. Башка энелердей какыс-кукус кылганы деле эсимде жок. Эненин табияты ушундай, баласы 80 жашка чыкса деле бала. Министр болобу, жөнөкөй карапайым адам болобу, апалар балдарын аяп, түшүнө беришет.
Мен өзүмдү апамдын алдында өтө карыздар сезем. Көп чыгарма жаздым, чыгармаларым дүйнөнүн бир нече тилине которулду. Бирок апам тууралуу чыгарма жазбадым. Чыгармаларымдын биринде да апамдын пейилин, мүнөзүн, жүрүм-турумун кошкон жокмун. Белгилүү жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элек” аттуу чыгармасындагы Канбү энеге апам окшошуп кетет. Кубат аке менин апамдын образын ачып бергендей сезилет. Апам алайлык болгон үчүнбү, Канбү апанын сөздөрү да апамдыкына окшош. Чыгарманы окуган сайын апамдын образын көрөм. Качан барбайын, кайсы учурда барбайын апамдын дасторкону жазылуу болор эле. Тамак-ашы жайнаган, жок экенин эч билдирбеген аял болчу. Мен көчөдөн темселеп кеч келсем да жатпай күтүп отурчу. Апам ашты жакшы басчу. Көп тамагын тамшанып жечүмүн. Дүйнөдөгү эң мыкты ресторандардан түркүн тамак жесем да, апамдын колунан, ырыскылуу очогунан жасалган даам өзгөчө сезилет.
“КЫЯЛЫМ ЖАНА АПАМ”
– Жаш кезимде өтө кыялкеч элем. Кыялым менен байып, санаам менен дүйнө кыдырчумун. Бирок канчалык кыялкеч болсом да Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II мени Букингем сарайына драматург катары жеке өзүмдү чакырат деп эч ойлогон эмесмин. Түшүмө да кирген эмес. Бирок даңазалуу ханышанын жанында туруп алакандай айылдагы пахтачы апамды эстеп турдум. Бүткүл дүйнө эли билген ак сөөк аялдын өз сарайында мени кабыл алганын апам көрсө кана дедим ичимден. Өмүр бою талаадан башка эч нерсени көрбөгөн апам уулун Улуу Британиянын ханышасы кабыл алат деп ойлоду бекен? Ойлобосо керек, менимче. Адам турмушу кызык, кыялдан да ашып түшкөн нерсе болот экен турмушта.
Ал эми жаш кезимде күнү-түнү кыялданып жетсем экен деген нерсем – саат эле. Андан кийин гитара болчу. Биздин учурда Чоро Кожомжаровдун ансамбли популярдуу эле. Биздин айылга гитараны мен биринчи алып келдим. Алып келгеним менен, аны билген күүгө келтирген бир да адам жок десең. Гитараны колго кармап алып калп эле дыңылдатып “Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым” деп ырдай берчүбүз. Бир жыл гитараны эрмектедим. Анан Ош шаарынан Рома аттуу жигит келип гитараны күүлөп, биринчи аккордду үйрөттү. Ал кезде “The Beatles”, “Modern Talking”, “ABBA`нын” ырларын ырдачубуз. 1994-жылы Американын Канзас университетинде журналистика жана коммуникация факультетинде окуп калдым. Ошол учурда баягы ырларымды ырдасам баары каткырып күлүшчү эле. Анткени англисче сөздөрдү ката ырдачу экенмин. Ошо жаш кезимде гитара чертип ырдап жүргөнүмдө апам мени биринчи жолу урушкан. “Кайдагы орустун комузун алып келесиң, андан көрө кыргыздын комузун үйрөнбөйсүңбү” деп жини келип үнүн уккусу келбей гитарам менен кошо кууп жиберчү.
Ыр дүйнөсүнөн кийин “кинорежиссёр болом” деген кыял пайда болду. Москвадан атайын камера буюртма кылсам, аным алты айдан кийин келип, атамдан уруш укканым бар. Ал окуяда апам мени колдоду.
ПАХТА
– Классташтарымдын эң узуну жана арыгы мен элем. Пахта тергенди өтө жаман көрчүмүн. Белим уюп ооруганы азыр да эсимде, “пахта” десе азыр да жүрөк зыркырайт. Менин эле белим ооруп жаткансып, такыр план толтурчу эмесмин. Эң көп терсем 25 килограмм терсем керек, ал эми апам 250-300 килограммдай терип өткөрчү. Апамдын бир колу пахтада, экинчи колу жаңы төрөлгөн баласында жүрчү. Кантип үлгүрчү азыр да түшүнбөйм, таң калам.
БАЛАЛЫК МЕНЕН КОШТОШУУ
“Сиз балалыгыңыз менен качан коштоштуңуз?” деп суроо берди журналисттердин бири.
“Апамдын көзү өткөндө” дедим.
Баланын жашоосундагы эң мыкты күндөр эне менен байланышкан. Энебиз менен коштошуп жатып балалыгыбыз менен коштошот турбайбызбы.
АКЫРКЫ СӨЗ
– Апамдын күнү, ичер суусу аз калып, эч үмүт калбай төшөктө жаткан. Акырын шыпшынды.
– Жараткан жанымды албай, бир жылдай коё турса...- деди апам.
– Бир жылда эмне кылат элеңиз жарыктык?
– Махабаттын үйүнүн бүткөнүн көрүп кетет элем...
Махабат менин эң кенже карындашым. “Аны үйүнө киргизип коюп кетсем арманым жок эле” деди апам. Жүрөгүм ийне сайгандай “тыз” этти. Өлүм алдында жатса да, эненин көөнү кызынын бүтпөй калган үйүндө турду.
– Анан эмки жылкы сенин жакшылыгың, мааракеңе катышып кетсем арман болбойт эле менде,- деди апам.
Апамдын бул сөзү тамырымды сыздатып жиберди. Сыздатканы – ушунча жакшылыктарымды, бийик наам, атак-даңк алганымды белгилеп, элге окшоп той өткөрбөгөнүмө жүрөгүм сыздады. Апам ошо жакшылыкка катышам деп тилек кылып жүргөн экен да. Жүрөгүмдөн жаш агып кетти.
КАРЫЛАР ҮЙҮ
– Кечээ жакында карылар үйүнө биринчи жолу бардым. Ал жактан апама өтө окшош кемпирди көрдүм. Куюп койгондой окшош экен. Ушунчалык да окшоштук болобу дедим ичимден. Жүзү, көзү, бою, сүйлөгөнү да окшош.
– Сиз менин апама аябай окшош экенсиз,- дедим. Кемпир оор улутунуп мага карады да, көзүнөн жарыгы жана түштү.
– Сен да менин балама окшош экенсиң...- деди.
Экөөбүз унчукпай тиктешип калдык. Мен кемпирден бир суроону батынып сурай албай турдум. Баласы тууралуу сурайын дедим эле. Экөөбүз тең ушу саамда кемпир баласы, а мен апам тууралуу ойлоп турдук.
Кемпир тирүү жүргөн, ушул жерге таштап кеткен баласын күтөт.
А мен кемпирге түспөлдөш апамды... Күтүүдөн жоготуп алган апамды эстедим.
Мен ыр жазбайм. Бирок эне жөнүндө ыр жаздым. Ар бир адамдын эне жөнүндөгү ыры бар, кагазга жазылбаса да, жүрөккө жазылган.
Энеке,
Сен жөнүндө сөздөрүм да
Какшып бүттү айтканга.
Энеке,
Сен жөнүндө боёктор да
Кунарсыз
Сүрөтүңдү тартканга.
Энеке,
Табият да сен жөнүндө
Сөз таба албайт, алсыздай.
Сен жөнүндө кисти турат
Дүйнө боёк өңү өчүп,
Түстөр жыдып калгандай.
Сен жөнүндө
“Сен” дегенден артык сөздү таба албай
Дүйнө турат
Сөз чучугу
Жылас болуп
Шимирилип калгандай.
Энеке, жер тамыры
Желе болуп жүзүңө
Тагдыр изин салгандай,
Ошол изде айтыла элек
Сөздөр калды.
Түп көтөргөн
Дүйнө сөзүн айта элек.
Айткым келет
Сен жөнүндө улуу кеп...
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg