ЖЕРГЕ КОСМОСТОН КҮНҮНӨ 100 ТОННА ТАБИГЫЙ ТАШТАНДЫ ТҮШӨТ

Жер бетине күнүнө 100 тоннадай космостук чаңдар, метеороиддер жана метеориттер түшүп турат. Бул тууралуу Орусиядагы астрономия институтунун илимий жетекчиси Борис Шустов орус басылмаларына билдирди.

Анын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча, космостогу 18 миң зыяндуу объекттердин 99 пайызын астероиддер түзөт. “Табигый таштанды, космостогу чаңдын жер бетине күнүнө 100 тоннадайы түшөт. Бул бир жылда 30 миң тоннага жетет”,- дейт Борис Шустов.

Окумуштуу ошондой эле космостогу жасалма таштандылар (спутниктер, ракета бөлүктөрү, техникалардын сыныктары) атмосферага азыраак зыян алып келерин айткан. Колдо жасалган космостук заттардын атмосферадагы жалпы көлөмү болгону 8 миң тоннаны түзөт.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 874, 1-7-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан