Кызык экен
Келерки 400 жылда аялдар кандай өзгөрүшөт? Окумуштуулар бул жаатта изилдеп көрүшүп, божомолдорду чыгарышты.
Кээ бир окумуштуулар “эволюция алда качан токтогон. Андыктан адамдын кебетеси менен келбетинин өзгөрүшүнө эч нерсе таасир эте албайт” дешет. Ал эми АКШдагы Йельск университетинин биологу Стефан Стернс “келечектеги адамдын көрүнүшү, аялдардын жарыкка кандай тукумду алып келеринен көз каранды” дейт.
Анын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, бою кыска жана толук аялдар көп бала төрөөгө жөндөмдүү болуп чыгышкан. Ал эми бою узун жана арыктар аз эле баланы жарыкка алып келишет экен. Ошондой эле кан басымы төмөн аялдар да көп бала төрөшөт. Ошентип, Стернс аялдардын бою, салмагы, генетикалык өзгөчөлүктөрүн изилдеп отуруп, бою кыска жана толук аялдар көп бала төрөшөрүн тастыктайт. Демек, андай аялдардын кыздары да көп бала төрөй алышат. Ошентип жүрүп отуруп, келечектеги аялдардын бою азыркыдан 2-3 сантиметр кыска жана толугураак болушат деп жыйынтыктайт.
ДАМ БОЮНЧА ФАКТЫЛАР
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg