(Башталышы өткөн сандарда)
Чоң эне ооруп калды. Эмнеси экенин да билбейт, бир аз турса эле башы айланып жыгылып кетчүдөй болот. Эрнис апасы ооруп жатканын деле билбеди. Таң атып бара жаткан эле. Чоң эне араң турду, жылуусу кете элек мештин үстүндөгү чайнекти алып жакшылап даарат алды. Намаз окуганга алы такыр калбаган экен, ичинен тээ мурунтан тилине жат болгон келмелерин айтып, теспесин тартып отурду. Жарык таттуу уйкуда жаткан эки наристенин жүзүнө түштү. Биринен-бири өтүп сүйкүмдүү. Жүрөгү сыйрыла түштү. “Катыгүн ай, булар эмне болот? Бир аз туруп турсам болбойт беле? Эми эмне кылам?” Неберелеринин төшөктөрүн кымтылап койду да, күнөөсүз периштелерине узак дуба кылды.
Эне көп нерсени көргөн. Бирок ушундай заманды эч көрбөптүр. Тирүү туруп ата-энесиз калган балдарды, турмуш менен күрөшкөн бул кансыз согуш болгон коомду көрбөй койсо эмне? Энеси балдарына кылчайбай басып кеткен, атасы балдарына кайдыгер, бооруна басып өзү кийбей-ичпей чоңойткон бала энеге кайдыгер бул заманды көрбөсө кана? Канча кейисе да, эне Эрнисти эч күнөөлөбөдү. Ачык сүйлөшпөсө да уулунун абалын билип турчу. Ар бир жеңилүүсүн жүрөгүнүн тереңинен өткөрчү. Ичинен эки келинин жектеп турду. Ичинен эбак маркум болуп кеткен абышкасын жектеп турду. Абышкасы да ушундай эле. Өзүн ал үймө-үй кубалап сабачу. Эрнистен кийинки боюнда болгон баласын сабап жүрүп ичинен өлүк түштү. Ошол боюнча төрөбөй калды. Балким, жалгыз болбой бир туугандары болгондо ал мынчалык сынбайт беле турмуштан? Атасындай ызакор уул, колунан эч нерсе келбей калганда ызасын аялынан чыгарганды мурас кылып алгандай. Окуп кетсе, балким, жашоосу башкача болот беле? Балким, балким... Эненин ичиндеги “балким” деген балээлер эч бүтпөчүдөй. Минтип эки чүрпөлүү болду. Булар менен эч кимдин иши жок.
Эмнегедир ошол күнү Эрнис энесинин үйүнө келди. Кубарып жаткан энесин көрүп чочуп кетти.
– Сизге эмне болду?
– Бир айдан бери алым куруп...- деди демиккен энеси.
– Апа, коркутпачы...- Эрнис чөгөлөй калып энесинин колдорун өпкүлөп жиберди. Коркунуч толуп чыкты жүрөгүнө. Тыкан, турмушка бышкан энеси минтип төшөктө жатып калышы мүмкүн эмес эле. Кайпактап эмне кыларын билбей калды.
– Балдар кайда?
– Айдар мектебине кетти. Арууке мына.
Арууке бурчта турган экен. Бакырая атасын корко тиктеди. Узун бойлуу бул чоочун адам ага дайым коркунуч алып келчү. Кыздын жалооруган көздөрүнө чыдап карай албай терс бурулду Эрнис.
– Машине алып келейин, доктурга барасың.
– Тыйыным жок, балам. Сенде деле жок го, мал-жанды сатып бүттүң. Кыйналба, өтүп кетер.
– Мен табам, апа.
Көз жашын көрсөтпөгөнгө терс бурулду. Өлүм алкымдан алса да эне баласынын акчасын аяп жатканына жаны кейип кетти. “Мен келесоомун! Эч нерсеге жарабаган макулукмун” деп жатты.
xхх
Аракет кылганы менен, Эрнис акча таба албады. Аргасыз уурулукка барды. Эртеси эле бул кабар айылдын аяк-башына жайылды.
– Эрнис кармалыптыр дейби?
– Милиция алып кетип жатканын балам өз көзү менен көрүптүр.
– Ий, бетим, ушунчага да бардыбы? Бир кезде айылдын мен-мен деген жигиттеринин бири эле.
– Жанагы Айгүл шойкому бузук неме, тагдырын бузуп кетти.
Айтор, айыл уу-дуу. Айдар сабактан келе жаткан. Аруукени тургузуп тамагын берип кетет. Бирок түшкө чейин барып тамак бериши керек эле. Мурункудай ойнобой да калган. Үйүнө шашып бараткан аны коңшунун баласы чакырды.
– Айдар!
– Эмне?
– Кайда шашып?
– Үйгө, Арушка тамак бериш керек,- деди каадалуу кишидей.
– Атаңды милиция кармап кетиптир го, уктуңбу?
– Эмне-е?
– Уй уурдаптыр дейт.
Тиги бала бул көрүнүш күндө болуп жаткандай бейкапар сүйлөдү. Айдардын жүрөгү мыкчыла ооруп кетти. Атасын жакшы көрчү. Кандай өзүн алыс кармаса да, эч бир убакта башынан сылап оюнчук алып бербесе да, мектептен алып келген жакшы бааларын мактабаса да ал атасын эч бир жанга теңебей жакшы көрчү.
– Калп айтасың,- деди чымыркана. Көзүнөн жаш ыргып кетпесе эле болду. Тигини жөөлөп өтүп чымын-куюн болуп чуркап жөнөдү. Атасынын үйүнө келди. Эшик ачык экен. Үй чаң-тополоңу чыга чачык. Бир нерсе издешкен окшойт. Меш жагылбай, жагымсыз суук денесин ичиркентип жиберди.
– Ата-а!- деди ал күбүрөп. Бир нерсе болгонун сезди окшойт, ыйлап жиберди. Жалгыз болгон үчүн өзүн токтотпой тим койду. Суук тамда жалгыз отуруп алып эси оогончо ыйлады. Ууру аталган атасына, такыр кабар албаган апасына ыза болуп ыйлады. Бир топто барып өзүнө келди да, шылкыя чоң энесинин үйүнө жөнөдү.
– Айдар, келдиңби кагылайын, эмне кеч келдиң?
– Мугалимдер...- бир нерсе деп айтса эле бакырып жиберчүдөй эрдин кыса тиштеди.
– Отуңду жага сал, бөбөгүң ачка болуп ыйлап жатып уктап калды.
– Азыр, эне.
Көнгөн иштерин кылып жүрүп да такыр кабагы ачылбады. Эмне болду экен? Балдары менен уруштубу? Чоң энеси көз салып жатты.
– Абака!- тура калып от жагып жаткан байкесинин жонуна жабышты Арууке.
– Коё тур, от жагып жатпаймынбы.
– Хм, абака кайда жүйдүң?
– Мектепте.
Айдар күңк этти. Адатта бөбөгү менен бир топ кожурашып, кээде күлүп калчу. Азыр эч маанайы жок.
– Балдар менен уруштуңбу?- деди чоң энеси.
– Жок.
– Эмне болду? Бирөө бир нерсе дедиби?
– Эне, сен өлүп калсаң, биз ким менен калабыз?- деди Айдар.
– Ок, антип айтчу эмес!- деп чоң энеси чочуп кетти.
– Өлбөйм мен!
– Ооруп жатпайсыңбы?
– Айыгам.
– Деги дейм да...
– Атаң бар, балам. Силерди жалгыз калтырбайт,- деди чоң энеси оозу бош. Айдар терс бурулду. Айтпаш керек. Ого бетер ооруп калат чоң энеси. Анын мал уурдап түрмөгө түшкөнүн айтпаш керек.
– Баса, атаңа чалчы. Келип кет, энемдин сөзү бар экен де.
– Чалбай эле коёлучу.
Эненин жүрөгү бир нерсени сездиби, кайта өтүндү. Айдар каалабай туруп чоң энесинин эски телефонун алып атасына чалды. Кудай жалгап бирдиги түгөнүп калган экен. Ал күнү чоң энеси билбей калды.
ххх
– Карга бок чокуй электе туруп алыпсың го, балам.
– Кар күрөп жатам.
– Эрниске айтчы, кабыргаң ката элек, чоң жумуш кылсаң боюң да өспөй калбасын.
– Эрнисиңден мен эле кыйын кылам,- деди Айдар бурк этип. Чоң энеси аргасыз жылмайып алды. Эрнис чын эле эрке чоңоюптур. Жалгыз бала деп атасы да, өзү да калкалай берип такыр алсыз кылып салышыптыр. Айдар башкача. Азыртан эле өжөрлүгү, турмушка бышыктыгы, жоопкерчилиги бар. Эркек бала энесинин канын көбүрөөк тартып калдыбы же? Эне ушуларды ойлоп турду.
ххх
Кызыл терге түшүп ойгонду жигит. Түшүнө чоң энеси кирип жатыптыр. Тээ мурункудай эле узун боюн койкойтуп басып жанына келди. Чоң энеси түз басчу. Башка кемпирлер сымал бүктөлүп албаганына энесине аябай сыймыктанчу. Артка байлаган жоолугу да сулуу көрүнчү. Дал ошондой басып келди да, энеси жанына отурду. “Аруукени тап, балам. Мен сага аманат кылбадым беле?” деп таарынгандай карап турду. “Табам, эне. Аман болсо эле табам” деп убада кылгысы келет, бирок сүйлөй албайт. Чабалактап жатып ойгонуп кетти.
(Уландысы кийинки санда)