ҮЙБҮЛӨГӨ ТУРУКТУУ ЖЫЛДЫЗДАР КИМДЕР?

Өнөр майданында жылдыздардын жашоосу катардагы адам­дардын жашоосуна караганда бир топ кыйын. Анткени, аларга көбүн­чө үйбүлө­сүн же карьерасын тандоого туура келет. Мына ушундан улам турмуш курган соң ажырашууга аргасыз болгон ырчылар көп. А биз болсок тескерисинче, үйбү­лө­сү менен ишин айкалыштырып, башкача айтканда, алгачкы никеси менен бактылуу жашап жаткан жылдыздар тууралуу сөз кылабыз.

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ
Өзүнүн «Элегия» тобундагы кыздардын бири менен чыгармачылыктан тышкары да мамилеси бар имиш деген сөздү кескин түрдө четке каккан Ибрагим аке “Сүйгөнүм менин Чынара” деп ырдап жүрүп жеткен жубайы менен 25 жылдан ашуун убакыттан бери бирге жашап келет. Чынара экөө 2 кыз, 1 эркек балалуу жана 1 неберелүү болушкан. Жубайы эркек төрөп бергенде сүйүн­гөнүнөн “Эламан” деп ырдап жибергенине эл өзү күбө эмеспи. Андан кийин бирөөнү сүйүп жүргөнбү, айтор, бир кезде эле эсине келгенсип “Сүйдүм мен кайрадан аялымды” деп өз айыбын өзү ачып берген жери бар. Ушинтип ырынан кармалып калган Ибрагим акебиз үйлөнгө­нүнө 20 жыл болгондо жубайын Индиядагы Тадж-Махалга алып барып кутулду окшойт. Эми минтип 25 жылдык күмүш тоюнда дагы бир чет өлкөгө барууну пландаштырууда. Эмнеси болсо да «аял жакшы, эр жакшы» демекчи, Ибрагим акебиздин профессор, ырчы болуп чоң жүктү аркалап, ошону менен катар үйбүлөсүн сактап келе жатканына Чынара жеңебиздин салымы чоң болуш керек.

ТУРУСБЕК ЖУМАЛИЕВ
Белгилүү актёр, алып баруучу жана ырчы Турусбек Жумалиев жубайы Зоя менен 25 жылдан бери түтүн булатып бирге жашап келе жатат. Ортолорунда Дима аттуу уулу бар. “Балалуу болгондо сүйүү балага өтүп кетет” деген чын көрү­нөт, Турусбек байкебиз да алгач балалуу болгондо “Балам, балам, жыттаганда моокум канган” деп ырдаган эле. Бир кезде жылдызы жанып, популярдуу болуп, кыздар артынан калбай чуркап жүргөн кезде үйбүлөсүн сактап калган жгииттерибиздин бири. Балким, жеңебиз ээрге түз отуруп, рулду өз колуна алып алгандыр. Эмнеси болсо да Турусбек Жумалиев туруктуу үйбүлө­лөрдүн катарында.

КУБИК КАЛЫКОВ
“Араб кызы, сизди сүйдүм, ий” деп ар улуттун кызына ашык болгон Кубик Калыков жубайы Динара менен бактылуу өмүр сүрүп келе жатканына 17 жылдан ашык убакыт болду. 4 балалуу болгондон кийин эч жакка кете албасын билип, “араб кызы кыргызымдан айланып кетсин” деп калганын өзү да билбей калды. Өзү жеңил болсо да, ою салмактуу Кубик акебиз да үйбүлөгө туруктуу эркектердин катарында. Дагы 10 жыл өткөндөн кийин жубайына чындап “Сен кетпечи жанымдан” деп ырдап калаары турган кеп да.

ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА
“Кыйылып турам” деп ырдап, жолдошуна кыйылып турса да, Айбек Карымов менен “Дил кайрыкты” келиштире созгон Гүлзат эжекебиз жолдошу Ишен агай менен бирге өмүр сүрүп келе жатканына 20 жылдан ашуун убакыт болду. Ортолорунда 2 эркек балдары бар. Азыр болсо “Бул насыйкат сага калган, мага калган бабалардан” деп жаштарга үлгү болуп ырдап жүргөн мезгили.

МУХТАР АТАНАЛИЕВ
Атамандык кылып жүргөн, студент кезинде Мукадас деген кызга ашык болуп, керек болсо ага “Ак толкундар, толкундар, силер гана ак сүйүүмө күбө­сүңөр” деп сүйүү­сүн далилдеген эле. Жубайы менен бирге түтүн булатып келе жатканына 20 жыл болду. Далили менен ырдалган ырга ишенген жубайы кудуңдап, мына сага деп 1 кыз, 3 эркек тартуулаган. Андан кийин эле Мухтар акебизди кайсы кара теке сүздү ким билет, “Эй, жаш сулуу” деп жаш кызды ээрчип кете жаздап, аз жерден калган имиш. Биздин “жубайыңызга арнап жазган ырыңыз барбы?” деген сурообузга “менин ырдаган ырларымдын баары жубайыма арналат” деп кутулду ырчы.

КУТМАН ЖОЛДОШЕВ
Үнү жагымдуу бул ырчы менен келинчеги Назиранын турмуш кемесине чогуу түшүшкөнүнө 12 жылдын жүзү болду. Өз кесиби бухгалтер болсо да, “Манастан Чубак кем бекен” деген Назира күйөөсүнө теңтайлаша ырдап жүрөт. Бул чыгармачыл жубайлар жакшы эле “Барам сага” деген дуэти менен бири-бирине болгон сезимдерин далилдешти эле, эмне балээ болуп кеткенин ким билсин, кийин экөө жарыша “Коштошуунун кыйыны, ай” деп сыздап калышыптыр. Эмне болгон күндө да коштошо алышпайт го. Ортолорунда мотурайган 2 уул, 1 кызы турганда коштошуп кайда барышмак эле?!.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
“Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби?” деп көлдүн аккууларын сүйүп турса да, кол ийрисине тартат болуп өзүнүн эле Токтогулдук Нурзада аттуу карындашына баш байлаган. Сыймыктын ити чөп жеп, ооматы бийик обончу болуп турганда көлдүк эле эмес, жалпы кыргыздын кыздарын сүйүп, аларга ыр да арнап жибергенге жетишкен эле. Аны уккан Нурзада жеңебиз таарынып калганбы же жөн гана чындап жубайына арнап ыр жазгысы келдиби, айтор, Сыймык байкебиз Нурзада жеңебизди “Сен мени түшүнгөн жалгызымсың” деп соороткон болчу. Үйлөн­гө­нүнө 12 жыл болгон бул үйбүлө 1 эркек, 1 кызын тарбиялап бактылуу жашоодо.

СЫРГА ЖАПАР кызы
“Караба, караба, аларды сен караба” деп ырдап жүрүп, Эрик аттуу татар улутундагы жигитти өзүнө каратып, бирге өмүр сүрүп келе жатканына 15 жылдан ашуун убакыт болду. Ошондо бой десе бою бар, ой десе ою бар келишкен сулуу кызыбызды колдорунан алдырып жиберген кыргыз жигиттери “аттиң” деп бармактарын тиштеп отуруп калышкан болчу. Ал эми Сырга кыргыз жигиттерине уят болбоюн деп кудайдан “Себеле, себеле, бакыт, менин үйүмө” деп суранып жатып үйүнө бакыт себелеп, 1 кыз, 1 эркек балалуу болгон эле. Учурда жолдошу Эрик экөө бактылуу өмүр кечирип, 2 баласынан сырткары “Шаттык” бий ансамблинде да жүздөгөн балдарды тарбиялашууда.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-18 02:07:49
Бек Борбиев жокко ыя?
0
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан