Кыргыздын эр жүрөк жигиттеринин чыныгы демин, күчүн көрсөткөн оюн – көк бөрү. Бул оюн аркылуу аты алыска жетип, көк бөрү боюнча Америка курама командасын машыктырууга сунуш алган Манас Ниязов бүгүн биздин маек төрдө. Спортчу бул жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүп, алдыдагы максаттары, көк бөрүнүн келечеги тууралуу ойлорун айтты.
– Ассалому алейкум, Манас мырза! Маегибизди акыркы жаңылыктардан баштасак. Сизге АКШнын көк бөрү курама командасын машыктыруу сунушу түшүптүр. Америкалыктар менен кайдан, кантип таанышып калдыңыз?
– Алейкум ассалам! 2016-жылы Ысык-Көлдө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтпөдү беле. Ал мелдешке америкалыктар да көк бөрү ойногону келишкен, ошондо алар менен таанышкам. Кийин, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мага белек ала келишиптир. Алар телефон номеримди сурашып, жакындан таанышып калганбыз. Кийин социалдык тармак аркылуу жазышып, “АКШ курама командасын машыктырбайсыңбы” деген сунуштарын айтышты.
Алардын негизги максаты – 2020-жылы Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мыкты оюн көргөзүп, байгелүү орунду ээлөө экен. Алар мени ушул максатка жетиш үчүн чакырып жатышат.– Сиздер дагы АКШ тарапка өзүңүздөрдүн талаптарыңыздарды койсоңуздар керек?
– Мен өзүмдүн талаптарымды койдум. Ал сыр бойдон калсын. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясы дагы өз талаптарын айтты. Негизгиси сүйлөшүүдө эки тараптуу оюндар уюшулсун деп айтылды. Кыргыз оюнчулары АКШга барып оюн көргөзүп, америкалыктар болсо бул жакка келип ойноп турсун деген талап коюлду. Эгер АКШ ал талаптарга макул болсо, мен АКШга барууга даярмын. Аларды машыктырууга менде да кызыгуу чоң.
– Америкалыктардын оюнун жакшы бир тепкичке көтөрүүгө канча убакыт керек деп ойлойсуз?
– Менин оюмча, эки жыл жүрүп үйрөтсөк, алардын деңгээли бир топ жакшырат деп ойлойм. Эң негизгиси, аларда каалоо жана мүмкүнчүлүктөр бар.
– Үй-бүлөңүз АКШга кеткениңизге кандай көз карашта?
– Ата-энем башында кичине каршы болуп жаткан. Кийин макулдугун беришти. Эгер кете турган болсом үй-бүлөмдү кошо ала кетем деп ойлоп жатам.
– АКШда жашоону кандай элестетип жатасыз. Ал жактагы кыйынчылыктарга даярсызбы?
– Мага оор болбойт деп ишенем. Себеби менин жумушум – көк бөрүнү үйрөтүү. Ал нерсе мен үчүн оорчулук жаратпайт. Мындан тышкары АКШда кыргыздар абдан көп, алардын ичинде досторум да бар. Андыктан оңой эле көнүп кетсем керек.
– Көк бөрүнү өнүктүрүү үчүн дагы кандай кадамдарга барыш керек?
– 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин көк бөрү жаңы тепкичке көтөрүлүп, жакшы өнүгүп келе жатат. Учурда бул оюнду билбеген, кызыкпаган өлкөлөр да бар. Аларга бул спорттун түрүн таанытуу зарыл. Бул үчүн алардын жерине барып же, тескерисинче, аларды бизге чакырып көк бөрү оюнун көргөзүшүбүз керек. Оюн тууралуу түшүнүк алгандан кийин кызыгуу пайда болот деп ишенем.
– Сизге Сибирден, Ооганстандан күйөрмандар келип белектерин берип кеткен учурлар бар. Чет өлкөдөн да күйөрмандар пайда болгону кубандырабы?
– Бала кезде ат майданда мыкты улакчы агаларымдын оюндарын көрүп, кыялданчумун. Жакшы оюн көргөзсөм, кыргыз элимдин намысын коргосом, элге таанылсам деп ниет кылчумун. Эмнени ниет кылсаң, Кудайым ошол ниеттерге жеткирет экен. Кудайга шүгүр, кыялдар ишке ашты. Бирок мынчалык таанымал болуп кетем деп ойлогон эмесмин. Чынын айтканда, кыргыздар гана эмес башка улуттун өкүлдөрү сага күйөрмандык кылып жатканын билгенде аябай кубанат экенсиң.
– 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казактардан реванш алышка катуу даярдык көрдүңүздөр эле. Ошол учурда казактардын финалга чыкпай калганын кандай кабыл алдыңыз?
– Ачыгын айтканда, биздин курам казактарды жеңиш үчүн 2 ай атайын даярдык көргөнбүз. Биздин максат алардан реванш алыш керек болчу. Алар финалга чыкпай калганда аябай жинибиз келди. Мелдешти жеңдик, бирок казактарды жеңүү андан да маанилүү болчу.
– Мындан 10 жыл мурун казак командалары Кыргыз жерине байма-бай келип ойноп кетишчү эле. Эмнеден улам казак менен кыргыздын көк бөрүдө мамилеси сууп кетти?
– Ооба, мурда казак командалары бизге келип, биз Казакстанга барып ойноп турчубуз. Алар азыр жаңы эрежелерди киргизип, көкпар деген аталыш менен ойноп жатышат. Казак туугандар тай казанды алып салышты, улактын ордуна муляжды тартып жатышат. Ошондон улам келише албай жатабыз. А мурда алар деле тай казанда ойношчу да. Казактар тай казан менен ойносо кыргыздарды ута албасына көзү жетти окшойт. Ошол себептен ушундай өзгөрүүлөрдү киргизип жатышат.
– Быйыл көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу Өзбекстанда тай казаны жок, чийинде өтөт деген сөздөр айтылууда. Эгер тай казаны жок чемпиондук болсо кыргыз курамасы барыш керекпи?
– Өзбекстанда ал мелдеш болбойт деген сөздөр айтылып жатат. Негизинен тай казан менен боло турган биринчилик болсо барыш керек.– Атты эмнесине карап тандайсыз? Алдыдагы мелдеште кайсы ат менен оюн көргөзөсүз?
– Аттардын акылдуулугуна жана күчүнө карап тандайм. Алдыдагы оюнда Бойка же Шторм менен чыгам. Мүмкүн эки күлүктү тең минем. Азырынча чечиле элек. Аттарым тууралуу айтсам, экөө тең күчтүү, күлүк. Бойка тай казанга үйрөнүп калган, экөөбүз бири-бирибизди мыкты түшүнөбүз. Шторм болсо жаңы ат. Быйыл 9-майда болгон мелдеште алгачкы ирет оюн көргөздү, жыйынтык жакшы болду.
– Өзүм дагы күлүк таптайм деп айтып келесиз. Күлүктү таптоо да өзүнчө талант болсо керек?
– Ар бир команданын өзүнүн саяпкери болот. Андыктан көк бөрү оюнуна чыга турган аттарды мен таптабайм. Ал эми үйүмдө аламан улакка түшчү аттарды даярдайм. Аламан менен көк бөрүнүн айырмасы чоң. Аламанга физикалык жактан абдан күчтүү аттар керек.
– Аламан улак деп калдыңыз. Бул спорттун түрүн дагы эл аралык деңгээлге алып чыгууга болобу?
– Учурда аламан деле жакшы өнүккөн. Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстанда байма-бай мелдештер болуп турат. Айыл жергесинде дээрлик күн сайын аламан болот. Бирок ал оюндар видеого тартылбай калың журтка жетпей калгандыктан көк бөрүдөй популярдуу эмес.
– Келечекте кыздар арасында көк бөрү мелдештер болуп калышы мүмкүн деп ойлойсузбу?
– Кыздар арасында болбойт го дейм. Себеби ал жерде өзүң гана эмес, ат менен да иштешиң керек. Бул өтө татаал.
– Бирок эрежесиз эр урушта, UFC`де кыздар мушташып жатат да...
– Көк бөрү UFC`ден да кыйын. Ооба кыздар октагонго чыгып, мушташып жатышат. Бирок ат чаап, улак тартып жатканын элестете албайм.
– Адамда баалаган сапатыңыз?
– Кичипейилдик.
– Спортчу биринчи кезекте кайсы сапатка ээ болушу керек?
– Спортчу болсо дагы кичипейилдик сапат биринчи орунда.
– 10 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
– Дагы деле аламан улак чаап, балдарды машыктырып, күлүктөрдү таптап, көк бөрүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп жүргөн адам катары элестетем.
– Жакында Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу болот. Даярдыктар тууралуу кеп кылсаңыз?
– Эгемендүүлүк күнүнө карата жыл сайын өтө турган президенттин кубогу быйыл Чолпон-Ата шаарында болот. Учурда Бишкекте даярданып жатабыз. Бир нече күндөн соң Ысык-Көлгө барып, машыгуубуз ошол жактан уланат. Буюрса, жеңиш биздики болот деп турабыз.
– Көк бөрү аркылуу кыргызды дүйнөгө таанытып жүрө бериңиз. Ишиңизге, алдыдагы оюндарга ийгилик.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg