ЭРКЕКТЕРДИН КЛИМАКСЫ ЖЕ АНДРОПАУЗА

“Эркектер улгайганда сексуалдуулугу төмөндөйт. Ал гана эмес, керектүү гормондор аз бөлүнүп чыгып калганда эркектер климакска, тагыраак айтканда, андропаузага туш келишет” делет. Мунун канчалык чындыгы бар экенин анализдеп көрөлү.

КААЛООНУН “ӨЛҮШҮ” ЭМНЕДЕН?
Кээ бир эркектердин улгайганда төшөккө каалоосу “өлөт”. Мунун себеби бир нече факторлор менен түшүндүрүлөт. Мисалы, өнөктөшүнө же жашоого кызыгуусунун жоголушу, стресс, кээ бир дары-дармектердин тескери таасири, депрессияга туш келүү.
Бирок буларды эмес, көбүнчө гормоналдык өзгөрүүлөрдү күнөөлөөгө болот. Анткени жаш өткөндө эркектердин жумурткалыгы эркек гормонду (тестостеронду) жетиштүү деңгээлде бөлүп чыгарбай калат. Бул көбүнчө 50 жаштан башталат. 70ке чыккан кезде 30 жашта бөлүнүп чыгуучу тестостерондун 10-20 пайызы гана бөлүнүп чыгат.
Тестостерон болсо бир гана төшөккө таасирин тийгизбей, жалпы организмге да таасирин тийгизчү нерсе. Анын аздыгынан улам булчуң кичиреет, сөөктөр катуулугун жоготуп, борпоң тартып калат.
Андыктан аз болсо да тестостерондун бөлүнүп чыгып турушу жакшы. Бирок кээ бирлерде аталган гормондун деңгээли чектен ылдый түшүп кетет.

Буга:

  • Ичимдикти көп ичүү;
  • Тамеки чегүү;
  • Туура эмес тамактануу, баш аламан жашоо кечирүү;
  • Жыныстык органдардын жаракатка кабылышы;
  • Кан тамыр оорусу, кант диабети, атеросклероз себепкер болот.

ЭМНЕ ҮЧҮН АНДРОПАУЗА?
Аялдар жашы өткөндө менопаузага (климакска) кезигишет. Бул гормондордун өзгөрүүсүнөн болот. Башкы белгиси – этек кирдин келишинин биротоло токтоп, аялдын төрөө жөндөмдүүлүгүнөн айрылышы.
Ал эми эркектерде этек кир келбейт, бирок улгайганда гормондордун өзгөрүүсү жүрөт. Андыктан алардагы өзгөрүүнү менопауза эмес, андропауза (грекче “андрос” – “эркек”, “пауза” – “токтоо” деген сөз) атоо жөндүү.
Бирок аялдарга салыштырмалуу эркектерде гормондордун өзгөрүшү жайдан жүрөт. Бул тестостерондун деңгээли да жайдан түшөт дегендик. Андыктан жумурткалык сперматозоиддерди аздан болсо да иштеп чыгара берет.

БЕЛГИЛЕРИ
Белгилери кандайдыр бир деңгээлде аялдардын менопаузасына окшош. Башкача айтканда:

  • Дене ысыйт;
  • Тердөө күчөйт;
  • Баш айланат;
  • Айрымдардын салмагы көбөйөт, чачы түшөт;
  • Муундар оорутат.

Оор учурларда кол-бут чымырашы мүмкүн. Көз чыбырчыктайт, кежиге менен моюнда оорутуу сезилет. Кара күч эмгеги менен алпурушуу, көбүрөөк басуу кыйындык жаратат. Отуруп-туруу оордойт.
Көпчүлүк эркектерде заара чыгаруу кыйынчылык жаратат, ичтин төмөн жагында жана жука чурайда салмактануу сезилет. Бул урук чыктагыч бездин аденомасы да болушу мүмкүн. Андыктан өз убагында урологго көрүнүү кажет.
Эркектер андропауза кезинде төшөккө каалоосунун төмөндөгөнүн өздөрү бат эле байкашат. “Төшөктө алсыз болуп каламбы?” деп корккондору бел кубатын калыпка келтирүү үчүн жаш кыз-келиндер менен байланыш түзүшөт. Бирок, врачтардын айтымында, бул эркектер үчүн коркунучтуу. Анткени кан тамырлар менен жүрөккө күч келип, өмүргө коркунуч туулат.
Андропауза кезинде сперматозоиддердин сапаты начарлайт. Андыктан балалуу болуу сунушталбайт. Себеби бала майып болуп төрөлүп калуусу мүмкүн.

АНДРОПАУЗА – ӨТҮП КЕТҮҮЧҮ КӨРҮНҮШ
Андропауза – өтүп кетчү нерсе. Андыктан убактылуу көрүнүш катары кабыл алып, паникага алдырбоо керек. Өтүп кеткен соң адам өзүн жакшы сезип калат.
Эгер эркектердин климаксы оор түрдө болсо (тестостерондун деңгээли чектен төмөн түшсө), анда дарыгер гормоналдык дарыларды жазып берет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан