Өткөн айда жергиликтүү телеканалдардын биринен Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” мюзикли көрсөтүлгөн. Тасма уруксатсыз эфирге берилгени үчүн тасманын жаратуучулары ал телеканалдын мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылып жатышат. Маалыматты “Дарак ырынын” продюсери Толкун Дайырбекова тастыктап, буларга токтолду:
– “Дарак ырын” телеканалдардын бири 28-29-июль күндөрү укук ээси болгон “Central Asia Film” жана “Синетрейн” студияларынын уруксатысыз, эч кандай келишим түзбөй туруп эфирге чыгарышты. Ошол себептүү учурда ал телеканалды жарандык-укуктук жоопко тартуу үчүн юристтер тарабынан аракеттер көрүлүп жатат. Телеканалдын атынан бизге байланышка чыгышты. Ошентсе да биздин позициябыз өзгөргөн жок.