БЕКТЕМИР МАМАЮСУПОВ ПРОДЮСЕРЛИК КЫЛГАН ТАСМА ЛАС-ВЕГАСТА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

Гезитибиздин өткөн сандарында “Салам, Нью-Йорк!” тасмасынын баш каарманы Бектемир Мамаюсупов продюсерлик кылган режиссёр Медербек Жалиловдун “Шайлоо” аттуу кыска метраждуу тасмасы Лас-Вегаста кинофестивалга катышары тууралуу жазганбыз. Эл аралык “The NewsFest” кинофестивалында тасма “Эң мыкты эл аралык фильм” аталды.

– Тасманы фестивалга жибергенде эле уюштуруучулар мактап, биз менен активдүү байланышып жаткан. Ошондон улам жеңерибизге үмүт болгон. Финалда Норвегия, Индия, Парагвай жана Колумбия менен ат салыштык. Сыйлык тапшыруу аземине баруу үчүн жакшы эле аракет кылдык, бирок виза ала албай калдык. Негизгиси, жеңдик. Бул тасманы Америкадагы башка фестивалдарга да жибергенбиз. Алардын катарында Лос-Анжелестеги “Independent Film Festival” бар. Азырынча андан жарым финалга өттүк. Августтун аягында жыйынтыгы чыгат.

Медербек Жалилов экөөбүз эми толук метраждуу тасма тартууга киришебиз. Ал тасма Кыргыз өлкөсүнүн экологиясын коргоого чакырык таштайт. Келечекте аны элдин сынына да коёбуз,- дейт тасманын продюсери Бектемир Мамаюсупов.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Siren.ms
2019-08-12 21:14:06
Азаматсынар эмгенинердин узурункоргуло
0
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан