"I had you, I lost you,
Now I'm alone, la-la-le, la-la-le..."
2018-жылдын күз айларында элге сунулган Havana менен Yaar`дын «Мен сени жоготтум» («I lost you») аттуу ыры дүйнөлүк музыкалык чарттардын алдыңкы сабынан орун алып, баарыбыздын ыр тизмегибизди толуктады. Аталган ырды коңгуроо, ойготкуч, унаада же соода түйүндөнбү, айтор, жок дегенде күнүнө 3-4 жолу кулагыбыз чалат. Ыргактары жан дүйнөнү аралап, жүрөккө жеткен дал ушул керемет ырдын аткаруучулары «Asia Session-2019» эл аралык музыкалык фестивалынын негизги конокторунун бири болду. Учурдан пайдаланып ырчы мырзалар менен маектешүүгө үлгүрдүк. Аларды Кыргыз жергесине 15 жылдан бери чет элдик ырчылар менен иштешип келе жаткан «Alana Show» агенттиги алып келген.
ЖАШТАРДЫН ЖАРПЫН ЖАЗГАН ФЕСТИВАЛЬ
Бишкекти жарнамага чулгаган "Asia Session-2019" эл аралык музыкалык фестивалы 2-3-августта Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда болуп өттү. Чет өлкөлүк "Havana & Yaar", Lx24, Мохомби, Сей Мо, Рей Терри жана «Пбл-75», бизден Гүлжигит Калыков, Аско, Анжелика, Жанер & Калю, кыргыз k-pop өкүлдөрү
«loveiz.lz» тобу жана башкалар кечеге конок болушту. Сүйүктүү ырчыларынын ырларын кошулуп ырдап, болушунча кыйкырык-сүрөөн менен коштоп, үзүлүп кеткенче бийлеп, видеого тарткан, айтор, баарына үлгүрүп жаткан жаштардын жарпы жазылды. Чет элдик ырчылар Кыргыз жергесиндеги күйөрмандарынын кабыл алуусуна болгон ыраазычылыктарын жеринде да, Инстаграм баракчалары аркылуу да билдиришти. "HAVANA" ТАРЫХЫНА САЯКАТ
"Havana" менен Yaar`дын «Мен сени жоготтум» деген ырын уккандан кийин сиз дагы бул ырчыларга кызыгып, бир нече жолу интернетти барактаган чыгарсыз. Анда сөз алар тууралуу болсун.
"Havana" музыкалык долбоор катары 2014-жылы Румынияда продюсер, музыканттар Сорин Сенюк, Ванотек тарабынан түзүлүп, топтогу негизги ырчынын милдетин Надир Тамуз аркалаган. Алардын «Ванесса» аттуу алгачкы ыры испан жана англис тилинин айкалышында жарык көргөн. Аны улай 2015-жылы француз жана итальян тилиндеги «Керемет жашоо» ("Vita Bella") аттуу ыры Румыния гана эмес, Франция, Бельгия, Греция, Болгария, Орусия жана башка бир нече Европа өлкөлөрүнө желдей тарап, 4 айдын ичинде YouTube`да 20 миллионго жакын каралган. "Que Sera, Sera", Александра Стан менен аткарган "Ecoute" ырлары чыгып, элге сунулган соң топтон Надир Тамуз кетет.
2017-жылы "KIDSing-2014", "X Factor-2016" музыкалык сынактарынын финалчысы болгон Рауль Эрегеп "Havana`нын" негизги үнү болуп курамга кошулуп, «Менин сүйүүм» («Mon amour») аттуу ырды элге сунган. Аны улай "Havana" Эрик & Жуй Йола, Йоана Игнат менен биргеликте жаңы эмгектерин тартуулашат. Башка ырчылар менен биргелешип ырдоо командага жаккан өңдүү. Былтыр күзүндө Питт Леффер (Yaar) менен чогуу «Мен сени жоготтум» аттуу "Havana & Yaar`ды" дүйнөгө тааныткан керемет ырды жаратышкан.
Убактыбыз аз болгонуна карабай маектешүү абдан көңүлдүү өттү. Ырын дүйнө эли угуп, популярдуулугу артып турган учур алардын адамдык мүнөзүнө таасир бербептир. Мен жылдызмын дебестен бизди жакшы кабыл алышты. Достор менен сүйлөшүп жаткандай эле баарлашуу орун алды.
– Саламатсыздарбы, Кыргыз жерине кош келипсиздер! Өлкөбүз, көлүбүз сиздерге жактыбы?
Рауль: – Рахмат. Оо, абдан көңүлдүү болду. Өлкө аябай кооз экен. Бирок көлгө кызыккан жокмун, себеби мен деңиздин жанында жашайм.
– Бизге белгилүү "Havana&Yaar" кызматташтыгы кандайча түзүлүп калган?
Р.: – Өзү "Havana`нын" түзүлгөнүнө 4 жылдан ашты. Менин бул топко келгениме 2 жыл болду. Мен 12 жашымдан баштап ырдайм. Ырлар мага дайыма кубаныч тартуулайт. Ал эми Питт (Yaar) менен күтүлбөгөн жерден жолугуп калганбыз. Анда жакшы ырдын тексти бар экен. Бизде даяр обон бар болчу. Продюсер, музыкант болуп сүйлөшүп ага жолуктук. Баары өтө тездик менен болду. Ошентип Питт экөөбүздүн биргеликте ырдаган «Мен сени жоготтум» аттуу ырыбыз жарык көрдү. – «Мен сени жоготтум» деген ырыңардын жаралуу тарыхына кайрылып кетсеңиздер...
Питт: – Бул ыр жазылганда биз али жолугуша элек болчубуз. Мен бир жолу Сорин Сенюкка келип "менде ыр бар. Жакшы ыр даярдайлы" деп сунуш кылгам. Андан эки жылдай убакыт өтүп калганда Рауль менен Сорин мени чакырып, даяр болгон обонду угузушту, чынында мага абдан жакты. Дароо иштешүү тууралуу сүйлөшүп, ишке кириштик. Ал ортодо Yaar аталышынын алдындагы менин музыкалык долбоорумду ишке киргиздик, анын дагы продюсери Сорин Сенюк. Ыр башында кандай болсо ошондой калтыралы деп чечтик. Кайырмасы араб тилинде ырдалды. Биз эң туура чечим кабыл алганыбызды түшүндүк. Бул ыр баарына жакканы үчүн биз абдан бактылуубуз жана угармандарыбызга ыраазыбыз. Ырды угуп жатып сиздер эмнени сезсеңер, биз да ошол нерсени сезебиз. Ыр аркылуу бирдей эмоцияны бирге сезип жатабыз. Бул ырды даярдоо, Сорин менен иштешүү максатым көп убакыттан кийин ишке ашты, абдан ийгиликтүү болду. Абдан өтүмдүү ыр болду. Анткени бардык жерде жаңырууда.
– Ютубдан көп көрүүчү чогултканыңыздар менен Инстаграмдагы катталуучуларыңыздар аз экен. Социалдык тармакка кызыкпайсыздарбы?
Питт, Рауль: – Бизде социалдык тармактарга кызыгуу деле болгон эмес. Бирок биз бул жаатты өнүктүрүүнү жолго коюп, учурда ушул иштер менен алекпиз. Баракчаларды иштетүү үчүн атайын адис алдык.
– А баса, концерттен сизди эки кыз бетиңизден өөп жаткан видеону бөлүштүңүз. Жактыбы?
Р.: – Албетте, абдан жакты (күлүп).
– Популярдуу болгондон кийин кандай өзгөрүүлөр болду?
Р.: – Жашоодогу эң негизги нерсе – адам бойдон калуу. Мен дайыма жөнөкөй болууга аракет кылам. Популярдуулук түбөлүк эмес, бүгүн бар да, эртең жок. Ар дайым адамдык жакшы сапаттарды сактап калуу керек.
– Алдыдагы пландарыңыздар менен бөлүшө кетсеңиздер. Күйөрмандарга дагы биргеликте ыр тартуулайлы деп жатасыздарбы?
Р.: – Ооба, фестивалда жаңы ырыбызды да аткардык. Ошол жаңы чыгармабыз бир айда жарыкка чыгат.
П.: – Биз бирге да, өзүнчө да иштерди алпарып жатабыз. Менин кечээ жакында албаниялык ырчы кыз Канита менен бирге аткарган «Jale» аттуу ырымды угармандарга тартууладык. Андан тышкары "Havana & Yaar" биргеликте Кая аттуу ырчы кыз менен аткарган ырыбыз да жарыялануу алдында турат.
– Кыздар сиздер менен көп сүрөткө түшүп жатышат. Кыргыз кыздары ой козгой алыштыбы?
П.: – Мен чынын айткым келет. Кээде жигиттер кыздар тууралуу сүйлөшкөндү жактырабыз. Бизге кыргыз кыздары абдан жакты. Кыргыз кыздары үй-бүлөгө карамдуу, жөнөкөй, таза жана башка кыздардан өйдө деп эсептейм.
– Күйөрмандардын басымдуу бөлүгү кыздар болгондуктан жеке жашооңуздар тууралуу кеп кылбасак болбойт.
Р.: – Менин жүрөгүм бош эмес. А Сорин менен Питтин жүрөгүн багындырып алсаңар болот (күлүп).
П.: – Ооба, мен алигиче үйлөнө элекмин, качан үйлөнөрүмдү билбейм. Сорин да жалгыз. Эгер кимде-ким мага турмушка чыккысы келсе, жолугалы, мен аны күтөм (күлүп).
Р.: – Чын эле Питтин үйлөнгүсү келип жүрөт. Ага жубайлыкка кыз таап бергилечи (күлүп).
– Маегиңиздерге рахмат!
Динара Акимова
star@super.kg