Франциялык ойлоп табуучу Франки Запата Ла-Манш кысыгын өзү ойлоп тапкан учуучу тактай менен учуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Маалыматка ылайык, анын учуу убактысы 20 мүнөткө созулган. Бул убакыт ичинде ал 35 чакырымды учуп өткөн.
Запатанын айтымында, ойлоп тапкан эмгегинин ылдамдыгы саатына 160-170 чакырымды түзөт.
Франки Запатанын Ла-Манш кысыгын учуп өтүү боюнча алгачкы аракети буга чейин 25-июль күнү орун алган. Анда Запата кысыктын жарымын учуп өтүп, сууга кулап түшкөн. Учурда ал өзүнүн учуучу аппаратын жакшыртуунун үстүндө иштөөнү пландап жатканын айтат. Ойлоп табуучу бул эмгегин 2016-жылы иштеп чыгып, апрель айында биринчи ирет сынап көргөн. Анда саатына 55 чакырым жүрүп, асманда 4 мүнөткө кармалган.
Айпери Хожаева
koom@super.kg