БАЛДАР ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Балдар, Умарбектин окуясын окугандан кийин оюңарга эмне келди? Төмөндөгү бир нече кеңештерди эсиңерге түйүп алгыла:

  • Өз алдыңарча эч качан жалгыз басып кетпегиле.
  • Көчөдөн сөзсүз улуулар менен чогуу колунан кармап өткүлө.
  • Тааныш эмес адамдар канчалык таттуу берип кызыктырса да, алар менен чогуу эч жакка барбагыла.
  • Чоочун адамдын машинесине отурбагыла.
  • Оюн аянтчасында күүгүм киргенге чейин ойнобогула.
  • Мектептен чыкканда оюнга кызыгып кеч калып калбагыла.
  • Кокус ата-энеңерден адашып калсаңар, адашкан жерден алыс кетпей тургула, апаң сени ошол жерге издеп келет.
  • Адашып калган учурда формачан милиция кызматкерин көрсөңөр, аларга барып, абалыңарды айткыла.
  • Сөзсүз түрдө атыңар менен кошо фамилияңарды, жашаган дарегиңерди, мүмкүн болсо, ата-энеңердин телефон номерин жаттап алгыла.

Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flowhive
2019-08-13 11:02:37
Эң туура ,балдарыңарга фамилиясын жаттатып койгула
+1
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан