2019-ЖЫЛДЫН ЭКИНЧИ ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2019-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГК алты айда 301 373 унция же 9 373,76 килограмм алтын өндүрүп,
4,22 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

«Кумтөр» кениндеги 2019-жылдын II чейрегиндеги алтын өндүрүү көлөмү 151 065 унцияны, сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2019-жылдын экинчи чейрегинде 153 307 унция, же 4 768,38 килограмм алтынды түздү. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-жылдын экинчи чейрегинде 197,7 миллион доллар болду.

«Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

КОММЕНТАРИЙ

«Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай комментарий берди: «Кумтөр» кенинде келишим боюнча иштеген ишканалардын кызматкерлери ушул чейректе коопсуздук жаатында олуттуу көрсөткүчкө – бир жыл жумуш убактысын жоготуусуз иштөөгө ийгиликтүү жетишкенин кубаныч менен билдирем. Бул ийгилик «Центерранын» «Work SafeHome Safe» коопсуздук программасын бардык кызматкерлерибиз кынтыксыз жолдогонун, жумуш орундарында кырсыкка такыр учурабоого умтулуп жатканын чагылдырат.

Экинчи чейректин жыйынтыктары компаниянын позицияларын бекемдөөгө, быйылкы күтүлгөн алтын өндүрүүнү 550,000-575,000 унцияга чейин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берди».

«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компаниясы башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2019-жылдын 30-июнуна чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,3 миллион унция алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени, Түркияда «Оксут Голд» кенинде кен ишканасын курууда. «Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио штатындагы Торонто шаарында жайгашкан.


Кыргыз Республикасынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

30-июнь, 2019-жылга карата


30-июнь, 2019-жылга карата

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жылдын 5-августуна карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 633 миллион доллардан ашты.

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда. Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (0312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (0312) 90-07-28
KGC.mediа@centerragold.com

Үмүт Ырысбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан