Асел Эшимбекова, актриса, Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы: «АКТРИСАЛЫК МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЧОГУУ АЛЫП КЕТИШ МҮМКҮН ЭМЕС ЭЛЕ. МЕН ҮЙ-БҮЛӨНҮ ТАНДАДЫМ»
Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы! Тасма тарыхында калган Асел Эшимбекова менен маектештим. Мен үчүн кызыктуу, жагымдуу, сүрдүү да маек болду. Легендага айланган апасы, өзүнүн жылдызы жанган кези, жолдошу саясатчы Урмат Барктабасов менен болгон кызыктуу сүйүү баяны, учурдагы чоң эне болгондогу сезимдери тууралуу баяндап берди.
– Саламатсызбы? Апаңыз Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болсо 75 жашка чыкмак, быйыл бул күндү кандай өткөрдүңүздөр?
– Саламатчылык, бул күнү куран окуттук. Каза болгон адамга куран окуткандан башка сооп иш жок болуш керек. Жыл сайын белгилүү даталарда апамды жакшы тааныгандарды, чогуу жүргөндөрдү, жакын туугандарды чакырып куран окутабыз. Табиятымдан эл алдында болууну жактыра бербейм. Эскерүү кечесин өткөрүп, ал жерде сүйлөп, апам үчүн кылган иштеримди жарыялаганды туура көрбөйм. Апамдын туулган күнү мен үчүн үй-бүлөлүк күн. Албетте, апам элдин кызы болгон үчүн жыл сайын туулган күнүндө мамлекеттик деңгээлде ар түрдүү эскерүү кечелери болот. Иним экөөбүз ага каршы эмеспиз, апамды ар ким көңүлү каалагандай эстесе туура болот деп ойлойм.
– Атактуу инсандын тукуму болуунун сыймыгы, жоопкерчилиги, кыйынчылыгы бар. Апаңыздын атагы жашооңузда сизге жардам бердиби же тоскоол болдубу?
– Апамдын аты жашоомдо жардам берди. Кичине кезимде, балким, Турсунбаева деген фамилиянын баркын анча билбесем керек, жыл өткөн сайын Таттыбүбүнүн кызы болгонум үчүн сыймыгым артып барат. Апам «кызым, сен кимдин кызы экениңди чоңойгондо билесиң» деп айтып калчу. Бирок мен ошол кезде эле кимдин кызы экенимди билчүмүн, «Таттыбүбүнүн кызы» десе кызыккан, жакшы көргөн, таң калган көз караштарга көнгөм.
– Эне-кыз катары мамилеңер кандай эле? Мүнөзүңөрдө окшоштук барбы?
– Апам 100 жылда бир жарала турган адам. Андай адам болушу мүмкүн эмес го дейм. Мени эл окшоштурат, өзүмө анчалык окшош эместей сезилет. Иним Канат апама окшош. Ашыкча мээримдүү, жумшак, ишенчээк. Келбети жагынан бою, моюну узун, манжалары сулуу. Атам «Асел эркек болуп, сен кыз болсоң болмок» деп айтып калчу. Мен ага караганда тез кыймылдаган, тентек кыз болчумун. Албетте, апама окшоштугум бар. Жулунбайм, ушак менен ишим жок. Апам театрда бирөөнү бирөө ушактап келе жатса эле сөздү башкага буруп жиберчү. Болгону мүнөзүм апамдан күчтүүрөөк болуш керек деп ойлойм. Апам ишенчээк, жумшак, назик адам эле. Ошол үчүн 37 жашында каза болуп калды.
– Менимче, сизге эки тараптан тең күчтүү актёрлук ген берилген. Бирок адатта Турсунбаеванын аты аталып, Эшимбековдун аты аталбай калып келет. Атаңыз Имаш Эшимбеков да таланттуу адам болгон эмеспи?
– Бул элдин тандоосу эмеспи. Күчтүү артисттер болот, бирок анын баары эле элге алынып кетпейт. Апамдын жүзү, үнү, таланты, бой-келбети өзгөчө эле, ошондуктан элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, каза болгондон кийин деле аты даңазаланып келе жатат. Эл аябай жакшы көрчү. Эсимде, апам театрда роль аткарат деген күнү билет алганга кезек күткөндөр узун болуп тизилип калчу. Билет жок болуп отургучтарга батпай калып, эл туруп көрөбүз дешчү. Мен кичине кезимде билет жетпей калган курбуларымды башка эшик менен алып кирип кеткен күндөр болгон. Атам болсо экинчи ролдорду аткарчу, ал дагы сулуу адам эле. Улуту казак, чоң атамдар Чүйгө көчүп келишкен экен.
– Эки таланттуу ата-энеден эмне алдыңыз?
– Мен театрда чоңойдум десем болот. Атам менен апам ажырашып кеткенине байланыштуу апам мени таштаганга киши жок, дубляж болобу, репетиция болобу, спектакль болобу, дайыма ээрчитип алчу. Менимче, апамдан искусствону сүйүүнү, эмгекчилдикти алдым. Атамдан бекем тартипти, катуу мүнөздү алдым. Атам жак тартипти бекем кармаган адамдар болсо, апамдын үй-бүлөсү чыгармачыл адамдар эле. Кичине кезимде каникул башталганда апам таята-таянемдерге жиберчү. Азыр ойлойм, Турсунбаевдердин үй-бүлөсү сулуу, таланттуу, чыгармачыл адамдар эле. Таякелеримдин баары бойлору узун, келбеттүү, комуз черткен, ырдаган адамдар болчу. Кыймыл-аракеттери да ак сөөктөрдөй болчу, койкоюп басышчу. Атам мага «апаңдай болуп ак куудай койкоюп баспайсың» деп көп айтар эле.
– Тасмада эки роль аткардыңыз, экөө тең эл оозунда калды. Актрисалык жолуңуз кандай башталды?
– Башынан эле «актриса болбойсуң» деген катуу талап бар болчу. Апам менен атам экөө тең каалачу эмес. Ошондуктан бул кесип тууралуу дегеле ойлонуп көргөн эмесмин. Баары күтүүсүз жерден болду. 16 жашымда «Махабат дастанында» Бегимайдын ролун ойнодум. Окуучу кезим болчу, мени көчөдөн актриса Динара Чокубаева көрүп калыптыр. Мектептик форма менен жүрсөм керек эле. Бегимайдын ролуна кыз издеп жатышкан экен, Дооронбек Садырбаевге алып барды. «Таттыбүбүгө окшош экен» деп күбүр-шыбыр болуп жатышты. Үйгө келишип атамдан тасмага тартылуума уруксат сурашты. Атам алгач «актриса болбойт кызым, апасы да каалаган эмес» деп болбой койду. Ал мени мугалим болот дечү. Улам бири келип жатып акыры көндүрүштү окшойт. Атам мага «мен тасмага тартылышыңа уруксат берем, бирок бул биринчи жана акыркы ролуң болот, макулсуңбу?» деди. Мен «ооба» да, «жок» да деген жокмун, башымды ийкеп койдум. Анткени кызыгып, тартылгым келип калган.
Бегимайдын ролуна көп кыздар келишкен экен, ичинде өзбек, тажик улутундагы чыныгы актрисалар бар болчу. Бирок 16 жаштагы окуучу болгон мени өткөрүп жиберишти. Жогоруда айткандай, апамды көп ээрчип жүрүп, ошол чөйрөдө чоңойгондуктан, тартылууга келгенде кыйынчылык болгон жок. Бир гана казакча сүйлөгөндөн кыйналдым, ал кезде казакча эмес, кыргызча деле жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Домбраны кармаганды Түгөлбай Казаков, таякем Нуркан Турсунбаев үйрөтүп жатышты. Акыркы эпизоддо Раймалы менен Бегимайды отко жаккан жери бар эмеспи. Ошол жерине келгенде ыйлашым керек эле, ыйлай албай кыйналдым. Сабира Күмүшалиева баш болуп тартуучу топ баары ыйлата албай убара. Тарта албай 12 дубль кетти. Анан бирөө апам тууралуу сүйлөп баштады. «Апаң ушундай эле, мындай эле» деп эстетип баштаганда эле шолоктоп ыйлап баштадым. Дооронбек Садырбаев дароо «бул даяр, келгиле тарткыла» деди. Көрсө, мени ролго киргизүү үчүн болгон аракет экен.
– «Сүйүү закымы» тасмасына тартылдыңыз, анын көркөм кеңештен өтпөй калган жерлерин кесип салышкан деп уктум эле...
– Окуя башкача болгон. Ал тасманы Төлөмүш Океев тартты, албетте, сценарийди атам окуду, тартыла турганымды да атам чечти. Нике түнүндө чечине турган жери бар эле, ошол жерин окуганда атам «кызым бул эпизодду ойнобойт» деди. Ташкент шаарында тартылганбыз, атам учуп барды. Атам тартылбайт деген жерине дублёр кызды тартышты. Бурят улутундагы балерина кыз болчу. Капталынан караганда мага окшош эле, бирок ийиндери меникинен чоң, анан бойлуу болчу. Ал кызды тартып жатканда атам экөөбүз четте карап турдук. Тартылып бүткөндөн кийин мени чоң кадр менен алып улантып кеттик. Төлөмүш байке тартылып бүткөндөн кийин «Имаш, эл баары бир сенин кызың деп ойлошот, өзү эле тартыла берсе болмок го» деди. Атам «эл антип ойлогону менен, кызым бул эпизодду ойнобогонун мен билем, мага ошол жетет» деди. Эки фильмде тең атам жанымда болду.
– Сөздөрүңүздөн улам атаңызга жакын болгон окшойсуз?
– Менимче, апамды көбүрөөк жакшы көрсөм керек. Анткени атам менен апам ажырашып кеткенден кийин апам экөөбүз чогуу болдук. Тай жактарымда көп жүрдүм. Иним атама жакын болчу, аны кичинесинен атам өз колуна алган эле да. Апам каза болгондон кийин атам экөөбүздү тең колуна алды. Жакшы көрүп кеттим. Атамды аябай сыйлачумун, анын айтканы мен үчүн мыйзам болчу. Сабагыбызды текшерип, катуу тартипте кармады, мен ушуга чейин атамдын тарбиясына ыраазымын.
– Кимдир бирөөлөр сизди Урмат Барктабасов коркутуп, кыйнап үйлөнгөн деген сөздөрдү айтып келишет?..
– Мындай сөздөрдү ким чыгарып жүрөт, менин жашоомо адамдар эмнеге кийлигишет, таң калам. Кыларга иши жокпу? Же суроосу болсо менин өзүмө келип сураса болбойбу? Чоң эне болуп калган учурда өзүнүн дарегине мындай сөздөр айтылса кимдин болбосун жини келет. Эч кандай зордук-зомбулук болгон эмес, эки жыл кыз-жигит болуп жүрүп үйлөнгөнбүз. Урмат мени «Махабат дастаны» тасмасынан көрүп жактырып калыптыр. «Шаардык кыз болсо, Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы болсо мени карабайт. Мен бул үчүн миллионер болушум керек» деп максат коюптур. Бирок экөөбүздүн жолубуз 10 жылдан кийин, ал чын эле миллионер болгондо кесилишти. Бул учурда ал үйлөнүп, балалуу болгон экен, мен Петербургда окуп жүргөм. Эки жылдын ичинде ал мага машине, үй, бриллиант, эмне кааласам баарын алып бере турган болду. Мен баш тарттым. Биринчиден, ал бойдок эмес болчу, баласы бар эле, мен үчүн бала ыйык. Экинчиден, бай болчу. Эл дароо эле «байлыгына карады» дешмек. Урмат өзү да ошентип ойломок. Жогоруда айткандай, атам мени бул жаатта катуу тарбиялаган. Эки жылдан кийин бизнеси банкрот болду. Жан сакчылары жок жалгыз келгенде иши болбой калганын билдим, ошондо чыгып «мына эми сага тийгенге макулмун» дедим. Ыйлап жиберди. Акчабыз жок болгону менен, биз аябай бактылуу элек. Бал айыбызда Ысык-Көлдүн керемет жерлерин кыдырып жүрдүк. Ошол убакта эшек арабада отуруп түшкөн сүрөтүбүз бар (күлүп), мендей шаардык кыз үчүн ошол романтика болчу да. Алгач батирлеп жашадык, темир кружкалардан чай иччүбүз, бир-эки эле буюмубуз болсо керек эле. Ошентип биз баарын нөлдөн баштадык. Бизнеси ийгиликтүү жүрүп, кийин кайра миллионердин аялы болдум.
– Сизге күйөөңүз тасмага тартылууга да уруксат бербеген дешет, бул сөздүн чындыгы барбы?
–Урмат эч качан мага «муну кылба» деп айтып көргөн эмес. Биз баш кошкондон кийин карьераны же үй-бүлөнү тандашым керек эле. Көргөн-билген тажрыйбамдан улам актрисалык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетиш мүмкүн эмес болчу. Мен үй-бүлөмдү тандадым. Бул менин чечимим болчу, азыркыга чейин бир да жолу өкүнгөн жокмун. Урмат тараптан кысым болсо ушунча нерсеге жетишет белек? Мындай жомокторду ойлоп чыгарган адамдарга эмне керек билбейм.
– Коомчулукта Таттыбүбү Турсунбаева атындагы фондду кызы же уулу жетектесе туура болмок деген да ойлор айтылып келет.
– Нуркан таякем апамдын атындагы фондду түптөгөн учурда мен студент элем. Мени фонддун мүчөсү катары жазган, азыркыга чейин мүчөсүмүн. Кол кой деген жерине коюп бергем. Анан Санкт-Петербургга окууга кеттим, келип жарым жыл театрда иштегенден кийин турмушка чыктым. Турмушка чыккандан кийин жашоо өз нугу менен кетти, балалуу болдук, чет жакта жашап калдык. Фонд тууралуу ойлогонго шартым да, убактым да болбоду. Иним да жаш эле, ал эми Нуркан таякемдер ишти алып кетишти, биз мейли деп жөн койдук. Апама арнап жасай турган иштерибиз дагы да алдыда деп ойлойм.
– Сөздүн аягында, күйөөңүз жүгүрүп сүйүп алган экен, өмүр бою ошол мамиле сакталдыбы деп сурагым келди...
– Баш кошконубузга 27 жыл болду, үч балам бар, улуубуз үйлөнгөн, татынакай келиним бар. Көбү мага окшош деп айтышат. Чоң кызым диплом алат жакында. Кичүүсү мектеп окуучусу. Эки неберем бар. Жашы өтүп калган учурда аялы менен күйөөсү бир аз алыстап калат эмеспи. Биз андай эмеспиз. Урмат "өмүр бою сени сүйөм" деген, убадасынан жазган жок. Азыр деле «сүйөм» деп айтып турат. Учурашканда, коштошкондо сөзсүз жүзүмдөн өөп анан кетет. Мен мурун «сүйөм» деп көп айтчу эмес элем, бирок акыркы жылдары жакшы көрөрүмдү айтып калдым.
– Таасирдүү баяныңыз бар экен, ылайым махабатыңыздар бир өмүр жашасын!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Сулуу болуп торолуу бул дагы тагдырдын берген бир белеги.
alive кошулам, келбетинда суулулугунда жашоодо коп нерсени чечип коюшу мумкун
Avrora2017,Кээде ашыкча сулуулук өзүнө душманда болушу мүмкүн.
Ии окуп алып бир башкача болдум. Таттыбубу Турсунбаева эжекебиздей инсан 100 жылда бир торолот. Чын эле аккуудай татынакай эле. Эл эч качан унутпайт
Кимге кандай билбейм, кечкеле мен мен, сулуу, сулуулук деп баса белгилеп кеткендей маек бениптир.
Бутпосо экен деп атып окудум сонун маек.сулууайым апасындай адам жоа болсо керек.
bema_bema,менда ошентип окудум.
Махабат дастаны кино тасмада бегимайды ушул кыз аткарган экенда ээ. Мен казак кыз деп ойлопмун
Маек ошо сулуулуктун символу айтылуу Акмоорду ойногон Таттыбубу болуп жатпайбыы.
Коркутуп журуп аял кылган дешет суйуп калса кантсин байкуш
Эн сонун маек берилуу менен окуп чыктым.Аман болсун апасынын аты кыргыз дуйнодо барда эч качан очпойт.Супер инфо рахмат силерге мына ушундай адамдардан маек алып бергенинер учун.Самарадан тажап окугум кельей калды эле)).
Эх,бизге да ушундай жан жолдош насип этсин.
Сулуулук алгач жүрөктө болсун,андан кийин жүзүңдө
Бир тууганында сүрөтүн жүктөп койбопсунарда.
Менин атам, кызымдын атын Таттыбубу Турсунбаеванын атынан койгон.
Супер инфого кирип эле биринчи окуган темам ушул болду. Таттыбубу Турсунбаевага дагы бир ирет суктанып, кыргыздын кызы болуп калганы учун сыймыктанып алдым. Ак куу.
2 жолу тасмага тартылса, бул 2 тасма кеминде 20 тасмага татырлык го.Бактылуу аял экен...Мындан аркы жашоосуу да бактылуу болсун!