Саясатчы, жеке ишкер Урмат Барктабасов менен жубайы Асел Эшимбекованын Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын ортосунда жайгашкан үч кабат үйүнө конокко бардык. Элге белгилүү эки адамдын ак өргөөсү табит менен кооздолуп, иреттүү жасалгаланганы көзгө урунду.
Бул үй илгери Урмат Барктабасовдун ата-энесинин үйү болгон. Асел айымдын ак жоолук салынып кирген үйү болгондуктан, үй ээлеринин жүрөгүнө жакын. Андыктан атасынан калган үйдү оңдоп-түзөп, конок үй кылып коюшкан.
1-КАБАТ
Холл. Киргенде эле кенен холл жайгашкан. Холлдун бир жагынан ашканага кирип кетет.
Конок бөлмө. Бул улуттук стилде жасалгаланган конок бөлмө. Шыпка атайын кыргыздын түндүгү түшүрүлгөн. Бөлмөдөгү эмеректер кыргыз оймо-чиймелери менен кооздолгон. Асел айым бул жасалга жолдошу Урматтын колунан чыкканын айтат. Анткени анын кесиби куруучу.
2-КАБАТ
Чакан холл. Холлдон атактуу «Фаберже» зергердик компаниясынын жумурткаларындай сувенирлерди көрүүгө болот.
Конок бөлмө. Экинчи кабаттагы конок бөлмө заманбап стилде жасалгаланган. Эмеректер Италиядан алынып келингенин айтат Асел айым.
3-КАБАТ
Үчүнчү кабатта уктоочу, жуунуучу бөлмөлөр бар.
Үй ээлеринин уктоочу бөлмөсүндөгү жалгыз жасалга – үй-бүлөлүк сүрөт.
Үйдүн короосу өзгөчө жасалгаланып, арча, жапыз өсчү бадалдар менен кооздолгон. Неберелүү боло электе эле Урмат мырза неберелерим үчүн деп бакчага өз колу менен бак тиккен экен.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg